Бишкекте «Таза коом» Эл аралык форуму өтүп жатат
Бүгүн, 30-майда Бишкек шаарында «Таза коом» Эл аралык форуму башталды. Ага «Таза коом » сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган Сингапур сыяктуу алдынкы өлкөлөрдөн өкүлдөр катышууда.
Ошондой эле, жыйынга Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер жана ЖМК өкүлдөрү чакырылган.
Форумдун күн тартибинде чет өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылган тажрыйбалар боюнча баяндамалар жасалат.