Катуу шамалдан улам Таласта электр жарыгы өчтү

29-майда Талас, Кара-Буура жана Манас райондорунда электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен катуу шамал себеп болду. Бул тууралуу «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 29-майда саат 17:35 чамасында болгон катуу шамал Талас районунун Таш-Арык айылынын, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр, Манас районунун Бала-Сары, Үч-Коргон, Покровка, Чон-Капка айылдарынын электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келди.

«Түндүк электр» билдирген боюнча, шамалдын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, чатышуусуна алып келген. Ошондой эле, Чон-Капка айылындагы 0,4 кВ аба электр чубалгысынын темир бетон тирөөчү кулаган.

Электр кубатын берүү 22.23 чамасында негизги оңдоо иштерин калыбына келтиришкен. Бүгүн да оңдоо иштери улантылууда.