Суббота, 20 апреля, 2024
10.1 C
Бишкек

Үмүт КЕЛДИБАЕВА: «Сыртта жүрүп көрбөгөнүм калган жок»

Буга чейин “Кыргыз Туусу” гезити “Мекендеш”, “Мекендештин күндөлүгү” рубрикаларынын астында сыртта жүргөн мекендештерибиздин кызыктуу окуяларын, кыйынчылык, ийгиликтерин окурмандарга сунуштап келген. Бул жолу Москвада көп жылдан бери эмгектенип, ары кызыктуу, ары татаал окуяларды башынан кечирген Үмүт КЕЛДИБАЕВАны кепке тарттык. Сүйлөп берип жатып, улам көзүнө жаш алган каарманыбыз жети жыл ичинде көргөн окуяларын баяндап берди. 

(Башталышы өткөн санда)

Дарылоо, камсыздандыруу бекер 

Россияга келбегендер “кыргыздарды орустар антет, минтет, басынтат” деп көп айтышканын угуп жүрөм. А чынында бул жактын мыйзамын бузбай жашасаң эч ким сени басынтпайт, жектебейт. Тескерисинче, мамлекет жарандарды жакшы камкордукка алган. Мисалы, азыр Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу полиси бир жылга 1700 сом болсо, бул жакта – ДМС (ыктыярдуу медициналык камсыздоо) бекер. Тиешелүү документтерди тапшырсаң, 10 күндүн ичинде берилет. Аны менен жашаган районуңдагы ооруканаларга катталып, бир жума мурун дарыгерге жазылып бекер көрүнө аласың. Кокус ооруп калып “Тез жардам” менен ооруканага түшсөң бекер дарылашат. Айрым эле дарыларды сатып албасаң көбү бекер болот. Бул жагынан Россия мыйзамына абдан ыраазы болосуң. А Кыргызстанда болсо азыр камсыздандыруу полисин ала албай, алсаң да бекер дарылана албайсың. Бекер делгени менен баары бири дары-дармектерди сатып алып жатышпайбы.

Баса, Москвада эрте жаздан баштап кеч күзгө чейин мерчемдүү жерлерде палаткалар тигилип, жеңил оорулууларга медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Бул көчөдө кетип бара жатып колу-бутун кокустатып алгандарга, кан басым жогору же төмөндөргө же кандайдыр бир себептер менен дарыгерге кайрылгысы келгендерге абдан ыңгайлуу. Бизде да ушул ишти жайылтса жакшы болгудай.

Түйшүгүбүз түшүбүзгө кирип кеткен

Бир жолу сиңдим экөөбүз көчөдө жүрүп аябай курсагыбыз ачты. Сиңдим “Бул жакта жаңы чайхана ачылган” деп бир “Урюк” деген чайханага кирдик. Отурсак эле официант кыз бир чайнек чай, бир тандыр нан алып келди. Чайы 350 рубль, наны 150 рубль экенин көрүп эле сиңдиме “Кымбат экен, кеттик” десем ал “Кой турбаңыз, кирип алып чыгып кеткен уят, отуруңуз” деп болбойт. Ошентип экөөбүз бир чайнек чай, бир нан, эки порция тамакка 2 миң рублга жакын акча төлөдүк. Тамактары төөнүн көзүндөй идиштерге келгендиктен курсагыбыз тойбой чыктык. “Ушундан көрө бир арзаныраак чайханага кирсек болмок” деп сиңдимди урушканым эсимде. Ал кезде рубль күчтүү болгондуктан 350 рубль чоң акча болчу.

Баарынан кызыгы, бир батирде ар кандай иште иштегендер жашайбыз. Кээде уктай албай жатсаң чарчап келгендер дароо уйкуга кирип, түш көрүп киришет. Бир жолу уктай албай жатсам курулушта иштеген бир жигит “Эй, өйдө, өйдө, жоок бир аз ылдый” деп эле сүйлөнүп жатат. Акырын “Эмнеге өйдө кылам, болбойт” деп койсом уктап жатып эле мени менен талашып жатат.

Бир күнү кытайдын дү­көнүндө товар саткан кожейкенин кызы түшүндө “Нет, окончательно пятсот” деп бирөө менен соодалашып жатат. “Давай, за четыресто” деп коём акырын. Байкап, калгандар бырс күлүшөт. Ошентип түйшүгүбүз түшүбүзгө чейин кирип кеткен.

Кыргыз балдар кыргызча сүйлөй албай калышты

Мен билгенден Москвага келгендердин көбү жаш келиндер, бала-чакасын таштап келген бойдок эркектер. Аялдардын 80 пайызы үй, мекеме тазалоо жагында иштешет. Жаш кезинде билбей ысык-суукта иштеп жүрө беришип, кырктан өткөндө кол, бут, бөйрөктөн оорукчан болуп калып жатышат. Эркектердин айрымдары иштен жок же үйдөн жок көчөдө калганын көрүп калам. Чынында, башкаларга бул жакта жүргөндөр жыргап жүргөндөй сезилиши мүмкүн. Бирок, көбү тапканын күнүмдүк керектөөсүнө жумшап коюп, анан, эртең деген үмүт менен жашай беришет. Албетте, иши жүрүшүп, акча топтогон кыргыздар деле бар. Бирок, андайлар аз. Россияда өзү, жубайы, балдары да иштегендер жакшы-раак акча чогултушпаса, жалгыз кишинин акча топтошу өтө эле кыйын. Ошол себептен мигранттардын көбү тобокелчиликке барып кредит алып бир нерсе кылышат. Анан тапкан акчасын коротпой кредитке төгүп беришет. Анын үстүнө рублдин курсунун түшүп кетиши да мигранттарга кыйынчылык жаратууда.

Дагы бир көйгөй, мигранттар көп болгондуктан азыр 6-7-класс болуп калган балдарды мектептерге киргизүү кыйын болуп жатат. Сиңдим былтыр май айында эки кызын алып келип күзгө чейин документ топтоп мектепке киргизе албай койду. Айласы кетип чет жактагы бир мектепке киргизсе жолдун алыстыгынан кыздары кыйналып окуй албай коюшту. Акыры ал кыздарын кайра Кыргызстанга жеткирип келди. Сиңдим аэропортко барса чоң класстагы балдарын мектепке киргизе албай кайра алып кетип жаткандар көп экен. Кыскасы, азыркы акыбал ушундай. Буларды көрүп туруп ата-эненин мээримин, тарбиясын көрбөй ара жолдо калган балдар кийин кандай адам болот деп санаага батам.

Мен иштеген мектепте кыргыз балдар, кыздар окуйт. Аларга кыргызча сүйлөсөм аңырайып мени карашат. Аз-маз кыргызча түшүнүшкөнү менен кыргызча сүйлөй алышпайт. А кийин булардын балдары эмне болот билбейм…

(Уландысы бар)

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар