Роналду Италиядагы мекендешибиздин абалын сурады

Португалиялык белгилүү футболчу Криштиану Роналду рак менен ооруп Италиянын Турин шаарында дарыланып жаткан кыргызстандык кызга барып, абалын сурады.

Бизге бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология  борборунун  балдар  онкологиясы  бөлүмүнүн  илимий  кызматкери  Дамира  Байзакова билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык кыздын аты Юна. Ал сөөктүн рак оорусу менен жабыркап келүүдө. “Буюрса дарылануунун эң оор этаптары артта калды. Юна химиотерапияны Кыргызстандан алып, дарылануунун кийинки этаптары үчүн Туринге келген”, – дейт Д. Байзакова.

Эске салсак, буга чейин туриндик полиция кызматкер-лери ушул эле ооруканада дарыланып жаткан Нурпазыл аттуу кыргызстандык баланын ден соолугун сурап, белек-бечкегин берип кетишкен болчу.