Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаровго жана Игорь Чудинов баштаган бир канча адамга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматына шилтеме жасап, «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдарынын негизинде, Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, коррупцияга байланыштуу козголду.

Алар 2009-2015-жылдар аралыгында “Машина сыноочу станция” ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлүп, акча максатсыз пайдаланылганы айтылууда. Иш УКМКга өткөрүлдү.