Бюджет – 2019: жетекчилер – «министр»,же «директор» деңгээлинде эмес, мамлекеттик ишмер деңгээлинде ойлонушса…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акыркы жылдарда инвестицияларды тартуудагы терс тенденциялар менен катар негизги өнөктөш өлкөлөрдөн инвестициялардын келиши азайганы байкалат. Буга айрым инвестициялык долбоорлор бир нече жыл бою ишке ашпай турганы жана даяр инвестициялык долбоорлордун жоктугу себеп экени айтпаса да түшүнүктүү. Мындан тышкары, бир топ объективдүү жана субъективдүү жагдайлар бар. Анын өзү, инвестициялык чөйрөнү жакшыртууда жана бизнести жүргүзүүдө тоскоолдуктарды жоюу үчүн кечиктирилгис реалдуу чаралар зарыл экенин тастыктайт. Минтип негизги өнөктөш өлкөлөрдөн инвестициялардын келишинин азайып жатканы ойлонто турган маселе, анын үстүндө тийиштүү агенттиктер жана министрликтер күнүүнү ойлонууга тийиш. Мүмкүн, айрымдар, тышкы инвестициялар азайып жаткан менен кыргыз эмгек мигранттары которгон акча көбөйүп жатпайбы деп көңүл соороткон сөз айтышы да ыктымал. Ырас, эмгек мигранттары Кыргызстанга которгон акчанын көлөмү көбөйгөнү туура, бирок тышкы инвестиция менен эмгек мигранттары которгон акчаны салыштырып болбойт, экөөнүн аткарган милдети асман менен жердей, айырмасы чоң.

Соңку маалыматка таянсак, эмгек мигранттары өткөн жылдын 11 айында Кыргызстанга 2,5 млрд. АКШ долларын которгон экен. Бул көрсөткүч 2017-жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу сырттан которуулар 191,6 млн. сомго өскөнүн билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга которулган каражаттын 90 пайызын Россиядан ко-торуулар түзөт, экинчи орунда АКШ турат.

Сырттан которулган акчанын көлөмү көбөйүп жатат дегенибиз менен, ошол эле учурда, Кыргызстандан сыртка которулуп жаткан акчанын көлөмү да бизди ойлонтууга тийиш. Алсак, 2018-жылдын 11 айында Кыргызстандан башка өлкөлөргө 494,4 млн. доллар которулган. Бул да ойлончу маселе. Тийиштүү министрликтер жана агенттиктер Кыргызстанга жана Кыргызстандан сыртка которулуп жаткан акчалардын жүгүрүшүнө анализ жасап, мунун канчасы бизге пайда апкелип жатат, канчасы мамлекет казынасына зыян апкелип жатканын тактап, тийиштүү жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.

Дегинкисинде, мамлекеттин чыгаша-киреше маселеси эки жерде эки – беш дегендей маселе эмес. Эгемендүүлүк жылдарынан бери сырттан келген кредиттер сыңары эле, сырттан келген инвестициялар кумга сиңген суудай изсиз калса да, негизги өнөктөш өлкөлөрдөн инвестиция келиши азайганы ойлончу маселе дегенибиз бекеринен эмес. Себеби, Кыргызстанга келген эң чоң инвестиция бул Кумтөр болду эле, бүгүнкү күндө мунун да кору азаюуда.

Ушундан улам, качандыр бир Кумтөр кениндеги алтын түгөнгөндө, Кумтөрчөлүк Кыргызстандын бюджетине салык ж.б. төлөмдөрдү төлөгөн, социалдык долбоорлорду каржылаган ишкана чыгабы, учурда ага альтернатива барбы деген суроо жаралбай койбойт. Биздин оюбузча, азырынча бизде тышкы инвестицияга альтернатива боло тургандай, ата мекендик өндүрүш түптөлө элек. 27 жыл аралыгында сырттан миллиарддаган доллар инвестицияларды алганыбыз менен, “алтын жумуртка” тукумдай турган “тоок” жарата алган жокпуз. Инвестициянын баары күнүмдүк оокатка, жолго, бюджеттин жыртыгын бүтөгөнгө, “ач бел, куу жонго” кетти.

Ушул өңүттөн алганда, мамлекет башчынын сырттан келген инвестиция тагдырына кызыгып, инвестициянын келечеги тууралуу ойлонуп жатканы туура. Ырас, антип инвестиция көлөмү азайып жатабы, анда биз бюджеттик чыгаша бөлүгүн мүмкүн болушунча азайтуу, үнөмдөө ма-селесин ушул азыртан баштап ойлоно башташыбыз керек. А ойлончу жагдайлар четтен табылат.

Айталы, “Ачык бюджет” порталынын маалыматына таянсак, экономика министрлиги өткөн жылы 242,2 млн. сом коротуптур. Бир караганда, аталган мекеме өтө чоң эмес, штаттык бирдиги аз, облустарда структуралык бөлүмдөрү жок, бирок короткон каражатына караганда, “аппетити” жаман эмес өңдөнөт. Айлык акысына эле 147,4 млн. сом акча жумшаса, кызматтык командировкага 16 млн. коротуптур. Эсиңерде бекен, өткөн жолу “Хитке” айланган чет өлкөлүк кызматтык командировкалар…” аттуу макалабызда экономика министри Олег Панкратов өткөн жылдын 9 айында 12 жолу чет өлкөгө чыкканын, министри бул жагы Кытай, ал жагы Иорданияга чейин барса, орун басарлары Швейцария, Индия, Кувейт, Германия, Тажикстан, Кытай, Бельгия, Чехия, Азербайжан, Казакстан, АКШ, Өзбекстан, Түркия, Шри-Ланка, Тунис, Таиландга барганын жа-зып, министрлик жетекчилиги “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” болуп жаткан жокпу деп жазганбыз. Мейли иш күйүп жатса, барса барсын дейли, андан Кыргызстанга огожо болбосо, жөн эле “турист” болуп барып кайта келсе, андай кызматтык командировкалардын Кыргызстанга кереги барбы? Жетекчилер барып-келген жол киресин актагандай, бир иш жасадыбы, алар эл алдында, мамлекет башчынын алдында жооп берүүгө тийиш деп ойлойбуз. Экономика министрлиги кызматтык командировкага бюджеттик каражаттан 16 млн. сом, атайын кара-жаттан 1 млн. 114 миң сом короткончолук эмне иш жасады, бул өтө чоң суроо!

Кызматтык командировканы айтабыз, экономика министрлиги өтө көп сүйлөшөт экен, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө эле бир жылда 2 млн. 965 миң кетиптир. Бирок, ошол сүйлөшүүлөрдөн чыккан майнап көрүнбөйт.

Кыргызстандагы бюджети чоң мамлекеттик мекемелердин бири — Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги. Агент-тик болгонуна карабай, бир жылдык бюджети 966 млн. 921,43 миң сом. Бир жылдык айлык акысына 320 млн. 691 миң сом кетирсе, кызматтык командировкасына 193 млн. 165 миң, спортсмендерге берилген стипендияга эле 55 млн. 161,60 миң, машина жана жабдууларга 11 млн. 285,66 миң сом коротуптур. Аталган агенттик короткон чыгашаларга карап отуруп, “биздин чөнтөгүбүздөн кетип жатты беле, мамлекеттики да…” деген “түшүнүктү” байкайсың. Болбосо Улуттук Илимдер Академиясы бүт өмүрүн илимге арнаган академиктерге өткөн жылы болгону 2 млн. 230,30 миң сом эле стипендия бериптир. УИАнын ондогон институттарында иштеген илимий кызматкерлердин айлык акысына болгону 208 млн. 373,48 миң сом кетиптир.

Башка мамлекеттик мекемелердин бюджеттерин, кызматтык командировкага кетирген чыгашаларын айтып, окурмандардын көңүлүн ооруткубуз келбейт. Болгону байкуш мамлекет чет элдик инвесторлорго, ата мекендик бизнесмендерге, жеке ишкерлерге, дыйкандарга, фермерлерге ж.б. жаман-жакшы көрүнүп, амлекеттик бюджетке кашыктап акча жыйнап жатса, мамлекеттик мекемелер кашыктап чогулткан акчаны чөмүчтөп чачып жатканына жан кейийт экен.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу мамлекет башчы кабыл алган учурда инвестицияларды тартуудагы терс тенденциялар жана негизги өнөктөш өлкөлөрдөн инвестициялардын келишинин азайышынын себептери тууралуу айткандары бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине коңгуроо болуп кагылып, бюджеттик каражаттарды ысырап кылбай, үнөмдүү пайдаланууга чакырык болууга тийиш. Жетекчилер – “министр”, “төрага” же “директор” деңгээлинде эмес, мамлекеттик ишмер деңгээлинде ойлонууга жана чечим кабыл алууга тийиш. Кыргызстанга тышкы инвестиция аба менен суудай зарыл болгондой эле, өлкө – бюджет каражатын үнөмдүү жана максаттуу пайдалана билген, мамлекеттик ишмер деңгээлинде ойлонгон жетекчилерге да дал ошондой муктаж.