Таразга барсаң таңгаласың, Таласка келсең арданасың…же балит жашоо менен күрөштү күчөтүү керек!

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”


Жол эрежелерин бузгандарга айыппулдун жогорулашы менен бирге эле түкүрүнүп, какырынгандарга салынган айыппулдарга коомчулуктун нааразылык акциялары жүрүп жатат. Бирок баары бир балит жашоо менен күрөшүү керек!

Эркеги, аялы, улуусу, кичүүсү, сакалчаны,  сакалы  жогу  деле коомдук жайларда шалпылдатып тү кү рүнүп, какырынганды адат кылып «өнүктүрүп» калган өлкө бүздөгү терс көрүнүшкө каршы иш-чараны бир аз ийкемдүү жүргүзүү керек. Айыппулдар жогору болуп калганын өкмөт, айрым депутаттар моюндарына алышууда. Орточо пенсиянын көлөмү 5000 сомдун тегереги, орточо айлык 7-8 миң сом болгондо бир түкүрүнүү, какырынуу 5500 сом болгону логикага дегеле туура келбейт.

Сыягы, жогору жактагылардын айлыктары жогору болгондуктан ошондой белгилешсе керек. Маселен түкүрүнүп какырынганга 500 сомдон ылдый болсо болмок, себеби Казакстанда 5000 теңге экенинен кабарым бар. Ал өлкөдө эмгек акы биздикинен 4-5 эсе жогору. Ал эми жол эрежесинин айыппулдарын жогорулатпай эле, видеокамераларды өлкө боюнча орнотуп, көзөмөлдү, штрафтарды өндүрүүнү күчөтүү зарыл. Айыппулдар жогорулаганда учурда бай жашагандардын чөйрөсү- МАИ кызматкерлери гана кубанды, себеби паранын ставкасы автоматтык түрдө көбөйөт.

Баса, балит жашоо менен күрө шүүнү Англия  өткөн  кылымдын  60-жылдарында бүткүл  өлкөлүк  саясатка айландырып, тамеки тартууга каршы күрөшкөн  деңгээлге чыгаруу  керек.  Англия да  У.Черчилль дүйнөдөн кайткан соң тамекиге каршы күрөш катуу жүргүзүлүп, онкологиялык оору кескин төмөндөгөн. Ошентип молдокелер дават айткандай, бала бакча, мектептерде,  эмгек  жамааттарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, телеканалдарда роликтер дайым тегеретилип, түкүрүнчөктөр өзүн-өзү тарбия лоо «курстарынан» өтүүлөрү парз.

Бир  чети  күлкүң  келет,  балким азыркы жаштардын аң-сезиминин деңгээлиби, Ак үй тарапка түкүрүнүп, какырынган жигитти баатыр кылып жаткандар бар. Болгондо да ал жигит жогорку окуу жайды бүткөн имиш. Сыягы, ал жигит өмүрү Кыргызстандан сыртка чыкпаган бир байкуш окшойт. Республикабыздын борбору Бишкек шаарындагы бүт өлкөбүздүн коомдук жайларындагы балит жашоону көрүп, коңшулаш Жамбыл облусунун борбору Тараздагы тазалыкты, тартипти көрсө эсине келмек!

Ооба,  кол  сунсаң  жете  турган коңшулаш Тараз шаарындагы идеалдуу тазалыкты, тартипти көрүп арыңа, ызаңа келесиң, классикалык гүлдөгөн өлкөлөрдү мындай эле коёлу, кечээги СССРдин тутумундагы өлкөлөрдөй балит  жашоого  каршы күрөштү батыл жүргүзөлү! Сергек ой жүгүрткөн, таза жашоону эңсеген миңдеген адамдар да бул аракетти колдоп жатышат.