Чыгармачылык өзөгү – тынчтыкты коргоо

Тынчтыкты коргоо идеясы Ч.Айтматовдун көп кырдуу чыгармачылыгында негизги орунду ээлейт. Көркөм чыгармаларында, коомдук ишмердүүлүгүндө, публицистикалык макалаларында тынчтыкты коргоо идеясы ар дайым негизги проблемалардын бири катары каралып келген. Бул кокусунан эмес. Согуш мезгилинде башынан өткөргөн кыйынчылыктар болочок жазуучунун эсинде унутулгус таасир калтырган.

Согуш коркунучу улуу гуманист жазуучу Ч.Айтматовду кайдыгер абалда калтырган эмес. Дүйнөгө белгилүү жазуучу, коомдук ишмер катары Ч.Айтматов Эл аралык адабият жана искусство ишмерлеринин съезддеринде, жолугушууларда чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, жазган макалаларында дүйнөдө тынчтыкты коргоп калуу үчүн “жарыша куралданууга” каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү зарылчылыгы тургандыгын эскер-тип келген. “Хелсинки духуна альтернатива жок”, “Эс-акыл ядролук курчоодо”, “Жанаша жашоо болбосо, демек, жашоо жок” сыяктуу макалаларында илимий-техникалык революциянын шартында адам акылынан абдан күчтүү, кыйраткыч куралдар ойлонулуп, жасалып жаткандыгын, аларды кайра адамдарга каршы колдонуу “адамдын өзүн-өзү өлтүрүүсү, жок кылуусу болуп саналат” деген эле. Ачык мисал катары “Тизелеп туруп ыйлап, кыжырланып айбат кылуу” деген макаласында 1945-жылы 6-августта Япониянын Хиросима, 9-августта Нагасаки шаарларында америкалык согушчандар тарабынан атом бомбалары ташталгандыгын, ал шаарлардын күлү асманга сапырылып, ушу убакка чейин чөп чыкпаган чөлгө айлангандыгын эскерет.

Бирок тынчтыкты коргоодо бир эле өз өлкөсүнүн, СССРдин чегинде иш жүргүзбөстөн дүйнөлүк масштабда тынчтыкты каалаганбардык өлкөлөрдүн прогрессивдүү көз караштагы жетекчилери, окумуштуулары, саясатчылары, экологдору, маданият ишмерлери, жазуучулары менен алдын-ала иш алып баруу зарылчылыгы тургандыгын гуманист жазуучу жакшы түшүнгөн. Ушул максатта 1986-жылы октябрь айында өзүнүн көз караштары боюнча бирдей позицияда турган коомдук жана маданият ишмерлеринен турган “Ысык-Көл форумун” уюштурган.

Форумга 15 өлкөдөн белгилүү коомдук ишмерлер, окумуштуулар, адабият жана искусство ишмерлери келишкен. Алардын ичинде америкалык коомдук ишмерлер, философтор, жубайлар Тоффлер, Рим клубунун президенти Александр Кинг, Түрк жазуучусу Яшар Камаль, америкалык драматург Федерико Майор, улуу британиялык жазуучу Артур Миллер, Француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон ж.б. азыркы доордун интеллектуалдары бар эле.  Алар  форумдун  акырында  билдирүү жасашкан.

“Азыркы  күндө  келечек  жөнүндө  ой жүгүртүү менен бирге аны түзүүгө чыгармачылык менен катышууга тийишпиз. Бул болсо мурдагыдан башкача ой жүгүртүүнү, түшүнүүнү, проблемалардын жана жаңы демилгелердин маанисин терең түшүнүүнү талап кылат. Ысык-Көлдүн жээгине сепкен биздин үрөндөрүбүз мол түшүм берсе, бүткүл дүйнөдөгү көп сандаган чыгармачыл адамдар үчүн болгон биздин күч-аракетибизге кошула тургандыгына биз ишенебиз” (Ысык-Көл форуму. “Кыргызстан”, Фрунзе, 1987, 199-б.).

Жетишилген ийгиликтер менен чектелип калбастан, тынчтыкты коргоо саясатын андан ары улантуу максатында Ч.Айтматовдун жана Ысык-Көл форумунун катышуучуларынын демилгеси менен 1987-жылдын 14-16-февралында Москва Бүткүл дүйнө окумуштууларынын коомдук ишмерлеринин, саясатчылардын, экологдордун, маданият ишмерлеринин көрүнүктүү өкүлдөрү катышкан кезектеги форуму өткөрүлөт.

Форумга ар кайсы өлкөдөн 250 табигый илимдеринин өкүлдөрү расмий чакырылган. Булардан тышкары жазуучулар, журналисттер, врачтар катышкан. Форумдун материалдары “Новое время” саясий жумалыгында толугу менен жайгаштырылган (1987-жыл, 16-февраль).

Журналдын 3-бетинде Ч.Айтматовдун тегерек столдун алып баруучусу менен сүйлөшүп турган портрети келтирилген.

Журналист:– Чыңгыз Төрөкулович, бул форум бизге эмне берет жана эмнени үйрөтөт? – деген суроо менен кайрылган.

Ч.Айтматов: – Биринчи кезекте бул аң-сезимдин, ойлонуунун жаңы түрмөгү. Биз мурдагы айтылып келе жаткан проблемаларды жөн эле кайталап койбостон, жаңы деңгээлге көтөрүлөбүз. Бул форумду келечектеги чоң иштин башталышы катары гана сезем. Форумда негизги проблемалар катары биринчи кезекте СОИ, ПРО боюнча ядролук куралдарды чыгарууну кыскартууга жетиштүү;

Экинчиден – кийинки учурда топтолгон ядролук куралдарды толугу менен жок кы-лууга жетишүү;

Үчүнчүдөн – ядролук куралдарды кол-донуу Жер планетасын катастрофага учу-рата тургандыгын дүйнөлүк коомчулукка, адамдарга  кеңири  жеткирүү,  түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү  зарыл  экендигин белгилешкен.

Айтматов негиздеген форумдун иши улам барган сайын дүйнө жүзүндө кеңири кулач жайып бара жаткандыгына былтыр октябрь айында Ысык-Көлдө өткөн үчүнчү жыйыны ачык мисал болот: ага 25 өлкөдөн 130дан ашуун өкүлдөр, окумуштуулар келишкен. Алар Ч.Айтматов тарабынан айтылган иде-ялар бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндөгү адамдар-дын жашоосунда негизги проблемаларга айланып жаткандыгын белгилешти.

Керимкул АБДЫЛДАБЕКОВ, филология илимдеринин кандидаты, доцент, билим берүүнүн отличниги, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору