Зульмира ХОДЖАМАМБЕТОВА: «Ар бир бала мектепте милдеттүү түрдө окушу керек»

Булан институту балдардын мектепте окуусуна тоскоолдуктар жана билим сапаты тууралуу талкуу уюштуруп, ага КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин мүчөлөрү жана мектеп мугалимдери келип катышты. Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы № 3 орто мектебинин мугалими Зульмира Ходжамамбетова бул талкууда мектепке келбеген балдардын себеби тууралуу өз пикирин кенен айтып берди.

– Негизи акыркы учурда Кыргызстанда мектепке келбеген балдардын саны канча экени ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк Азия Банкынын маалыматы боюнча айтылып жатат. Акыркы кезде миңдеген балдар мектепке барбайт деп айтып жатабыз. Бизде билим берүү тармагында канча бала мектепте окубайт, анын себептери кандай, билим берүүнүн сапаты эмне үчүн төмөндөп жатат деп Кыргызстандын өзүндө мамлекеттик деңгээлде расмий изилдөөлөр болгон эмес.

1992-жылдары Тажикстандан Кыргызстанга мигранттар келе баштаганда ЮНИСЕФ ушул маалыматты топтогон эле. Себеби, Тажикстандан келген 10-15 үй-бүлөнүн балдары мектепке келген эмес. Мен ошол мектептерде иштегем. ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банктан ыктыярчылар келип, ошол кезде окуучуларды мектепке тартышкан. Окуучуларга тамак-аш берүү, витаминдерди таратуу менен, кийимдерди сатып берүү менен гана мектепке окуучуларды чакырышкан. Ошол ЮНИСЕФтин жардамы менен мектепке барбаган балдар келе башташкан. Чынын айтканда ага чейин балдарын мектепке ата-энелери да жибербей, балдар өздөрү да каалабай, мугалимдер күнү-түнү иштеп, аларды мектепке киргизе албай койгонбуз. Чындыкты айтыш керек,2004-жылга чейин бала мектепке келбей калса, мектеп администрациясы аны жашырчу, келбесе да келди деп айтышчу. Себеби, мектепке келбей калган балдар үчүн мектептин администрациясын күнөөлөп, жазалачу.

Ошол кезде мектептерде рэкетчилик абдан күчөп, ошондо гана ИИМ мектепке абдан чоң көңүл бура баштады. Билим берүү министрлиги менен ИИМ биргеликте иш жүргүзө башташты. Соцпедагогдорду, кароолчуларды  көбөйтөлү  деген  сунуштар  түшүп,  акырындап  ишке  аша  баштады. Ошондон  баштап  мугалимдер  келбей калган окуучуларды жаап жашырбай калышты.

Кыргызстанда 2018-19-окуу жылында мектепке барбай калгандардын жалпы саны 2000ден ашык болгон, бирок аларды кайра мектепке тартышкан деп маалымат берди Билим берүү министрлиги. Бирок, бул маалымат туура эмес, андан азыраак болу-шу ыктымал деген мугалимдер болууда. Мен мектепке барбаган балдардын саны андан да көбүрөөк болушу ыктымал деп эсептейм. Себеби, бул тууралуу толук, терең иликтөө жок. Бул болжолдуу гана иликтөө.

Себеби, акыркы жылдары Кыргызстан-дагы медреселердин саны өсүп жатканын билебиз. Чындыгында жаштарыбыз исламдашып жатат. Мектепке жоолук салынып, хиджап кийген окуучуларды кабыл албай калышты деген шылтоо менен окуучуларды 6-7-класстан эле медреселерге отургузуп коюп атышат. Мыйзам боюнча 9-классты аяктабаган, документи, күбөлүгү жок балдарды алууга болбойт. Бирок, тилекке каршы буга чейин документи жок болсо деле медресеге 6-7-классты аяктаган балдарды ала беришчү.

Мисалы бизге ушул эле жылдын сен-тябрь айында алты бала мектепке келди. Алар 7-класстан кийин эч жерде окубай, медреселерде эле окушкан экен. “Азыр аттестатыбыз  же  9-классты  аяктады  деген күбөлүгүбүз жок, комиссия келип, медреседен кубалап жатат, биз кантип аттестат алабыз” деп келишиптир. 27 жаштагы дагы бир жаран кайрылып, менин 9-классты аяктаганым тууралуу күбөлүгүм жок эле эмне кылам, менин 6-класстык эле билимим бар, медреседе окугам деп келиптир. Алар ошол 9-класстык күбөлүгү жок эч жерде окуй албай, эми гана күбөлүк алышыбыз керек деп чуркап жүрүшөт. Күбөлүк алыш үчүн сырттан окуу, кечки мектептер бар, ошол жерден билим алсаңар болот деп кеңеш айттык. Демек, ошол 9-классты аяктабай калган балдар убагында мектепке окубай, көзөмөлдөн сырткары калган.

Медресеге балдарын берип коюп, мектеп да тынч, ата-энеси да тынч, бала өзү да тынч, ал жакта окуп жатканына ыраазы болгон. Мектепке башка мектепте окуп жатат деген справка алып келип, документин алып кете берет. Бирок, бала мектепте чындап эле окуп жатабы, кайда окуп жатат? Ал иликтенбей эле калчу. А негизи мектепти толук бүтпөй медреседе окуган окуучулар тууралуу чоң маселе жаралып, андан кийин гана текшерүүлөр жүрө баштады. Бизде Ысык-Ата районунда абдан көп медреселер бар болчу. Биздин райондун администрация кызматкерлери медреселерди кыдырганда, ал жерде окуп, тамак ичкенден мурда ал жерде жашаганга да мүмкүн эмес экен, ата-энелер балдарын кандай шартка берип жатышат деп таң калышкан. Алар тизелеп отуруп тамак ичишет экен, баары бир кумгандан жуунуп, эртеден кечке куран китебин гана окушат экен, сыз жерге жатышат экен деген. Райондук акимиат медреселерди текшергенден кийин бир топ маселелерди сыртка алып чыгып, райондо чоң талкуу болгон эле, – деди Зульмира Ходжамамбетова.

Негизи  Кыргызстанда  мыйзам  боюнча окуучу 9-классты толук аяктап, колуна күбөлүк  алгандан  кийин  гана   медреседе окуй алат. Бирок, буга чейин далай окуучулар 6-7-класстан кийин эле медреседе окуп, жогоруда З.Ходжамамбетова айткандай маселе жаралган. Ошол мектепте 9-классты аяктабай, документ убагында ала албай калган жарандар, эми окуп, документ алабыз деп жүргөнү жашыруун деле эмес.

Андыктан ар бир окуучу 9-классты толук аяктап, колуна күбөлүк алмайынча эч бир жакта окуй албайт.

Тиленбек АЗЫК