Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Ооганчы” болгон оңой го

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Жеңилдиктерден мыйзамсыз пайдаланып  жатышкан  адамдарды текшерүү  боюнча  ведомстволор аралык комиссия жалган ооганчыларга сегиз жыл ичинде 129 миллион 294 миң сом төлөнүп берилгендигин аныктаган.

Комиссия өз ишин улантууда. Ошондуктан, алдыда дагы канча жалган ооганчы чыгары белгисиз. 2017-жылы аныкталган жалган ооганчылардын саны 159 болсо, азыр 229га жеткен.

Андайлар  атүгүл,  кызматка  алынарда атайын текшерүүдөн өтүүгө тийиш болсо да, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаал-дар министрлиги, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик салык кызматы гана эмес, Мамлекеттик чек ара кызматы, УКМК, атүгүл Генералдык штаб сыяктуу структураларда да кызматка туруп алышкан. Арасында эки генералдын бардыгы андан да кызык.

Учурда мына ушундай жалган ооганчылардан 49 адамга карата 7 кылмыш иши козголгон.