Азия кубогу – 2019: Кыргызстан курамасы жеңилсе да, кыргыз футболу жеңди

 Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу өтүп жатат. Учурда ¼ финалга чыккан командалар белгилүү болуп калды. ОнКүтүүсүздүн мелдештин 1/8 финалына чыга алган Кыргызстан курама командасы турнир ээлери менен беттешип, 120 мүнөттүк катуу кармашта 3:2 эсебинде жеңилип калды. Мелдештин өзүнө катышканы чоң жетишкендик катары эсептелип жаткан “ак шумкарлар” аталган кыргыз футболчуларына кийинки баскычка өтүүгө мүмкүн болбой калганы менен алар өлкөгө каарман катары кайтып келишмекчи.

 Кошумча мүнөттө киргизилген гол, калыстын калпыстыгы, жеңишке тете оюн…

 21-январда Абу-Дабиде 1/8 финалдын кызыктуу оюндарынын бири Кыргызстан-БАЭ беттеши болду. Алгач командалар карама каршы чабуулдар менен бири-бирин сынап өттү. Оюнду жигердүү баштаган арабдар 14-мүнөттө стандарттык абалдан кийин БАЭнин футболчусу Хамис Эсмаил бурчтан чыгарып берилген топту башы менен дарбазага багыттап,  эсепти ачты. Анткен менен Кыргызстан курама командасы оюнду өз колуна алып, каршы чабуулдарды байма-бай колдонуп турду. Оюндун 27-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу талаанын түпкүрүнөн Ахлидин Исраиловго берип, ал андан ары улантып пасы менен чабуулчу Мирлан Мурзаевди дарбазачы менен жекеме-жеке чыгарды. Мында чабуулчу өз чеберчилигин көрсөтүп дарбазачыны алдап өтүп, тик бурчтан бош дарбазага топту багыттап, эсепти 1:1 кылып теңеди. Андан кийин топко ээлик кылуу теңелип, командалар кооптуу чабуулдарды жасашканы менен биринчи 45 мүнөттүктө эсеп өзгөргөн жок.

Экинчи тайм командалар абай салуу менен ойношкону менен, арабдардын кооптуу чабуулу менен башталды. Бактыга жараша араб командасы чабуулдардан жыйынтык чыгара албай, кыргыз футболчулары коргонууда мыкты оюн көргөзүп жатышты. Оюн башталгандан 10 мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин, кыргыз футболчулары демилгени толугу менен колго алып, кооптуу чабуулдарды катары менен жүргүзүп жатты. 53-мүнөттө эсеп өзгөрүүгө душар болууга аз калды. Оң капталдагы бурчтан чыгарып берүүдөн кийин коргоочу Валерий Кичиндин сол бут менен жасаган чимирилтилген соккусу дарбазанын жогору жагындагы мамысына тийип, арабдарды голдон сактады. Мындан көп өтпөй, оюндун 59-мүнөтүндө Бекжан Сагынбаев бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттап, эсеп өзгөрүүгө душар болгон жок.

БАЭ командасы 64 мүнөттө каршылаштарынын чабуулдук футбол ойноп жатканына пайдаланып, контр чабуулга чыгышты. Коргонууда болгон калпыстыктан кийин Али Махбут дарбазачы Кутман Кадырбеков менен бирге-бир чыгып, өз командасын алдыны карай сүйрөдү. Мындан кийин оюн толугу менен кыргыз футболчуларынын карамагына өтүп, БАЭ командасынын дарбазасына арты-артынан кооптуу чабуулдар болуп турду. Бирок кыргыз футболчуларынын голун оюндун акыркы мүнөтүнө чейин күтүүгө туура келди. Кошумча мүнөттөрдө алмашууга чыккан Антон Землянухиндин бурчтан көтөргөн тобун дагы бир алмашууга чыккан оюнчу Турсуналы Рустамов баш менен гол киргизип, эсепти 2:2 кылып теңеди.

Оюн овертаймга ооп, оюндун 102 мүнөтүндө кытай калысы Фу Минг Бекжан Сагынбаев Али Мабхутаны түртүп жыкты деген чечим кабыл алып, талаштуу пеналтини дайындап, бул мелдешке да дүйнө чемиондугундай калыстарга жардам берүү “VAR” системасынын колдонуу муктаждыгын ачыктап койду. Дайындалган пеналтини Ахмед Халил аткарып, эсеп 3:2 болуп калды. Мындан кийин чоң мелдештерде кадимки эле көрүнүш болуп калган утуп жаткан команда тарабынан убакыт чоюуга далалат башталды. БАЭ командасынын футболчулары бир канча жолу оюн талаасында кулап, медиктерин чакырып жатышты. Ошентсе дагы оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргызстан курама командасы чабуул жасап, Турсунали Рустамов эки коргоочуну жазгырып өтүп багыттаган соккусу дарбазанын жогорку мамысына тийип, оюнду пенальти сериясына өткөрүүгө мүмкүн болгон жок.

Футболго көңүл бөлүнүп, бул тармакты көтөрүү керек

Бул мелдеш кыргыз футболчулары катышкан алгачкы престиждүү турнир. Мындан бир канча жылдар мурун Кыргызстан курама командасы Азия биринчилигине чыгат демек тургай, коңшу Казакстанды жеңе алат десе ишенбейт болчубуз. Бирок биздин футболчулар бул нерселерди кылып, жалпы улутту экрандын алдынан жыйнай алды. Азия биринчилигине катышып, бир кездерде ФИФА тизмесинин этегинде жүргөн Кыргызстан курама командасы 91-орунга (Азия биринчилигине чейинки маалымат) келип калышы чоң жетишкендик.

Бүгүнкү күндө футбол жөн эле спорт деген аныктамадан эбак өтүп, бул оюн бизнес, улутту бириктирген идеологияга айланып калганы талашсыз. Ошол эле Бразилияны алсак, алардын курама командасы өз жергесинде өткөн мелдеште дүйнө биринчилигин алдырып жибергенде улуттук трагедия катары кабылданганы эсибизде. Учурда ошол эле Бразилия, африка өлкөлөрүндө футбол кедейчиликтен чыгып кетүү жолдорунун бири болуп калган.

Ал эми бизде курамадагыр футболчуларыбыздын ысымдарын билбегендер көп. Бул да аталган багытка жетиштүү көңүл бөлүнбөй, маалыматтык колдоонун жоктугунан болгон чыгар. Ошондуктан жигиттер бул ийгиликке жетишүүсү менен өздөрүнө көңүл бөлдүрө алды. Футболго болгон кызыгуунун күчөөсү аны массалык жайылтууга өбөлгө түзүп, мыкты футболчулардын жаралышына себеп болмокчу. А бирок ушул ийгилик тарых болуп калып кетпеш үчүн, бул тармактагы айрым көйгөйлөргө дагы көңүл бөлүнсө дурус болот. Алардын ичине эң маанилүүсү ФИФА стандартына туура келген стадиондун жоктугу. Эсил кайран СССРдин учурунда курулган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион тыштан командалардын келип ойношуна эптеп-септеп жарап жүрөт.

Жакында эле депутат Жанар Акаев Футбол федерациясы стадион куруш үчүн 10 га жер сурап жатканын парламентте билдирди. Анын айтымында жер бөлүнүп берилсе, федерация инвесторлорду өзү табат. Бүгүнкү күндө айрым чиновниктердин жеке токою бар болуп жаткан учурда (Бишкетин экс-мэри Албек Ибраимовдун 10,2га токою бар экендиги тууралуу маалымат чыккан), бул маселени чечип берип койсо болот. Баса Кыргызстан-БАЭ оюнун Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьерлер менен бирге көрүп жаткан сүрөттөрү социалдык тармактарга чыкты. Мындан улам Өкмөт оюнду көрүптүр, эми бул жактагы көйгөйлөрдү дагы көрөт деген ишеним бар.

Жаңы күйөрмандар жана жаштарга ачылган жол

Ушундай мелдештерде чоң клубдардын скауттары өздөрүнө таланттуу футболчуларды издешет. Футболчуларыбызга чоң клубдардын кызыгуу жаратып жатканы кыргыз футболунун өнүгүшүнө чоң салым боло турганы талашсыз кеп эмеспи. Бүгүнкү күндө команданын мыкты оюнчуларынын саналуусу гана чет жактарда чемпионаттарда ойношот. Ал эми турнирден кийин алардын трансфердик баасы жогоруласа, курама команданын жаш футболчулары үчүн чет жактагы клубдарга ойноо, футболдук тажрыйба топтоо үчүн жол ачылганы кыргыз футболунун жеңиши болду десек болот.

Мындан тышкары, командага жаңы күйөрмандар да кошулду. Алсак, «Марал» радиосу жарыялаган маалыматка ылайык, Fox sports дүйнөлүк спорт басылмасынын журналисти Роб Корнзвейт өзүнүн твиттердеги баракчасына:

«Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы беттеш кандай керемет жыйынтыкталды. Алгачкы 90 мүнөт, андан кийин кошумча убакыт. Мен бардык калыс күйөрмандар Кыргызстан тарапта болду деп ойлойм. Эмне деген күрөш жана алар мындан да артыгына татыктуу эле. Валерий Кичиндин футболкасын кайсыл жактан сатып алсам болот?»

Ошондой эле мелдештин Фейсбуктагы баракчасында Кыргызстандын БАЭ менен болгон оюнунун жыйынтыгы жарыялангандан кийин чет элдиктер кыргыз футболчуларынын мыкты оюн көрсөткөнүн белгилешти.

Давид Жаи – Гонконг: -Кыргыздар мыкты. Азия кубогуна алгачкы жолу катышып жатат. Керемет оюн болду. Келечекке ийгилик каалайм.

Пабло Сандовал – Чили: -Кыргызстанга таазим. Чилиден.

Маурисио Хезус Бежарано Алфаро: — Дүйнөнүн сый-урматына татыганы үчүн Кыргызстанга Коста-Рикадан дүркүрөгөн кол чабуулар.

Дуй Линг Нгуен – Вьетнам: -Кыргызстан мыкты ойноду. Бул жерде беттеш эмес кыргыздын духун дүйнөдөгө таанытуу орун алды. Силер азаматсыңар. Вьетнамдан.

Эксел Де Ти: Эгер Кыргызстан келечектеги беттештерде да ушундай оюн көрсөтө турган болсо, алар 2022-жылы дүйнө чемпиону болушат.

Шаян Месбахи – Калифорния: Кыргыз курама командасы жана эли башты бийик көтөрүшү керек. Кандай мыкты команда! Алар эми кубоктун калган беттештерине катыша албай калса керек.

Юнус Хамид – Ирак: -Кыргызстан, силер баатырларча беттешип, мыкты команда менен керемет оюн көрсөттүңөр. Ирактан салам.

Банг Там – Вьетнам: -Кыргыздын духу таң каларлык экен. Силер жакшы ойнодуңар, бирок тең чыгууга бир аз жетпей калды. Өзгөчө оюн көрсөткөнүңөргө рахмат.

Жирают Жункой – Таиланд: -Мен көргөн оюндардын ичинен эң калыс эмес жана бир жактуу оюн болду.