Жоголгон муун: кароосуз калган адабият, калеми мокогон жазуучулар, «станок» акындар, Эралиевди таң калтырган талант…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Башталышы бул жерде

“Жолуга албай жолун тосуп убайым,
Тарткан акын жолунда мен турамын.
Гомер өзү ташпы, адамбы ким билет,
Мен андыктан кандай арга кыламын.
Сокур дешет сойгон дастан терисин.
Ташта отуруп дастан жазган деги ким?
Болгону таш сокур адам кейпинде.
Кудайларын даңктайт грек жеринин,
Сулуулук бар, сүйүү да бар, каргыш бар.
Жаралуу, өлүү, оту да бар жана ызгаар,
Уурдоо, тоноо, жалын учкан согуштар.
Жамандык бар, жакшылык бар, жеңиш бар,
Баласынын башын жуткан кудайлар.
Кылыч сүйрөп кеткен баатыр жолдор бар,
Ууну сунган укмуш сулуу колдор бар.
Асыл Мекен деп жүрөгүн арнаган,
Арман иште өлгөн каардуу баатырлар.
Маскарапоз мас күчүнө куусу анда,
Арам ташын катып алган коюнга.
Чокутушкан боорун итке, куштарга
Канын төккөн, жанын сайган кыздарга.
Жараткандын жанын катуу оорутуп,
Жалындаган айланышкан муз, карга.
Крон өңдүү ач көз, канкор адам бар,
Каны бузук, дили бузук маскара.
Аны айтсаң арман айтуу чак келбейт,
Ааламда бүт акын даңкы бап келбейт.
«Иллиада», «Одиссея» көз болгон,
Бүт дүйнөнү көрүш үчүн төп бойдон.
Хиостогу ташка бул чын белгилүү,
Алп Гомердин акындыгы, эрдиги.
Ахиланын, Одиссейдин, Гектордун,
Менелайдын, Еленанын, Паристин,
Троянын он жыл күйгөн өрт күнү.
Жаркыраган тунук көз жок чырактай,
Чын турмушта жашап өткөн изи жок.
Сөөгү да жок, алтын башы, каты жок,
Сүйгөнү жок, катар жүргөн досу жок.
Гомер – кудай, балким, Гомер өзү жок”. (“Гомер”)

Анын бул керемет ырына комментарийдин өзү ашыкча.

М.Алиев, С.Абылгазиев, С.Стамбеков, А.Акбаров жаш курагы боюнча да, ыр жазуу техникасы боюнча да бир кылка акындар. Биринин тили оор, биринин айткан ою салмактуу. Алардын бирин өйдө, бирин ылдый коюп, бөлүп-жаргандын өзү туура эмес. Акын Атантай Акбаровдун “Тирүү мекен” ыр жыйнагы аябай жакшы чыкты эле, чыйрак ырлары көп болчу. Бирок, жакында Венецияга барып келгендеги ырларын социалдык тармактарга жарыялаган экен, өзү Венецияга барган менен, ырлары алыска бара албай калыптыр. Албетте, өтө өкүнүчтүү.

Акын Ч.Турсунбеков бир кезде чыйрак ырларды жазчу эле, азыр чыйрак саясатчы катары да таанылды. Анда-санда жарык көргөн ырларынан өзү саясатка кетсе да, жүрөгү акын бойдон кала бергенин байкалат. Эгер саясатка кетпей, ырдын артынан кеткенде, Ч.Турсунбековдон поэзия дүйнөсүнүн мыкты “төрагасы”, мыкты “президенти” чыкмак. Ким билет, “ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар” дегендей, биз билбеген, биз окуй элек ырларында балким ал Американы ачып салгандыр дей туралы.

Акын Өмүрбек Тиллебаев өз мезгилинде аябай катуу чыккан. Ойлору курч, акыл менен сезим жуурулушкан жазгы күндүн табындай жылуу, коңур күздүн коңур абасындай мээлүүн, жоргонун жүрүшүндөй бир калыпта төшөлгөн ырларды жазчу, анын жаштык кезиндеги ырлары С.Эралиевдин чабытын элестетип турчу. Кийинки жазган ырларында да ошол оттун табындай ысык тап сезилип турат, балким акындын ыр сандыгында биз окуй элек шедеврлери жаткандыр…

Акын Ж.Саалаев көп изденип, көп жазган акын. Акындык менен юриспруденцияны чебер айкалыштыра алганын жазган ырларынан да көрөбүз. “Аял адам эмес” деген ыры укук менен поэзияны кыйыштырса болоруна ачык далил.

Акындар А.Авазов, Н.Ахмедулин, Т.Мендебаев, М.Токторов, Н.Жаманкулов, Ж.Касаболотов, М.Исатов, У.Рысалиевге азырынча сын айтпай кое туралы. Маселе, алардын сынга татыктуу же татыксыздыгында эмес, кеп алардын жазгандары толук бойдон китеп болуп же электрондук вариантта жарык көрө элегинде. Маселен, булардын арасынан эң кичүүсү Улугбек Рысалиевди алсак, ал алгачкы ырларында эле таскагы катуу болчу, адабиятка катуу дүбүрт менен келген. Алыкулдукундай эстүү, Эралиевдикиндей эрктүү, Рамистикиндей чалпоо, Султановдукундай кыялкеч саптары бар эле, эгер ошол жүрүшүнөн жазбаса, бу күнгө чейин баарын басып өтүшү керек эле. Бирок, анын кийинки жазган ырлары кол алдыда болбогон соң, же тагыраагы китеп болуп жарыкка чыкпаган соң, а же бу деп айтуу кыйын.

Ыраматылык С.Эралиев бир маегинде: “Артыбызда бир акын жигит келатат, буюрса ал баарыбызды басып өтөт, буюрса аны убагында көрөсүңөр, аны бүт дүйнө сөз кылат, ал ыр сүйгөн, сөз баалаган кыргызды гана эмес, бүт дүйнөнү таң калтырат” деп айтты эле. Мүмкүн, ошол У.Рысалиев чыгар, балким, ал Ж.Касаболотовдур, мүмкүн, ал М.Токторовдур?!! Эгер, ал Т.Мендебаев болсо да эч таңгалбас элек.

Арабыздан көзү өтүп кеткен Т.Бостонкулов, Ж.Зарлыкбеков, А.Акималиев, А.Жапаров,  Б.Бугубаев артында көөнөргүс мурастарын калтырып кетти. Жогоруда Ж.Зарлыкбеков, А.Акималиев, Б.Бугубаев тууралуу азбы-көппү айтылды. Акындар Т.Бостонкулов, А.Жапаров тууралуу да ошондой ойдобуз. Алардын артында көрөңгөлүү чыгармалары калды. Анын баары бүгүн болбосо, эртең татыктуу баасын алат, далай айтылат. Аттиң, дагы жашай турушса эмне?!.

Ал эми өткөн кылымдын 70-80-жылдарында келген муундагы прозаиктердин чыгармачылыгы тууралуу акындар жөнүндө сөз кылгандай, эргип сөз кылуу эч мүмкүн эмес. Анүстүнө бул муундагы кара сөз чеберлери өтө саналуу жана көбү жаш кезинде мыкты чыкканы менен кийин жазганды таптакыр эле токтотуп коюшкан сыяктуу. Жазуучулар А.Матисаков, М.Апышев, А.Түмөнбаев бир кезде чыккан бирин-экин жыйнактары менен калып кетти. А.Матисаковдун тили Мырза чөлдүн коонундай ширин болчу, М.Апышевдун прозаларынан Батыштын духу, интеллектиси сезилип турчу. А.Түмөнбаев адам жан дүйнөсүнүн чебер психологу эле. Т.Мадылбаев “Русская премия” сыяктуу эл аралык сыйлыктарды алса да, кыргыз окурмандарына бейтааныш тааныш. Анын чоң талант экенинде эч талаш жок, бирок таланттуу адам чыгармаларын өз сандыгында катып жата бергени анчейин деле дурус нерсе эмес. Интеллектуалдык-көркөм адабий байлык, сөз байлыгы элдин байлыгы, аны эл билбесе, окубаса, ал руханий казынадан рахат албаса, ал байлык болуудан калат.

Баарыбызга белгилүү болгондой, Ч.Абыкеев детектив жанрында жазган калемгер. Талаш жок, бул да өзүнчө өнөр. Бирок, азырынча кыргыз адабиятында детектив жанр катары калыптана элек. Жазуучу жана акын Ш.Калыковдун детектив жанрындагы бирин-экин чыгармалары болсо да, анын Шапа аке каарманы жана сатиралык маанайдагы аңгемелери аны тили мурч, сөзү курч, мээлегени таамай аңгемечи катары таанытты. Кыргыз бура сүйлөгөнгө, тамашага, күлкүгө жакын эл болгону менен, улуттук адабиятта сатира жанры анча өнүккөн эмес. Андыктан, Ш.Калыков бул багытта дың бузгандардын бири десек эч жаңылышпайбыз. Акыркы жылдарда башкалар колуна калем кармабай, үстөлгө кадалып отургандан качып калганда, калемин төшөп, бири-биринен жол талашып келаткан үчөө — Т.Шайдуллаева, М.Сабыров, Э.Ажыканова. Т.Шайдуллаева кыска, бирок жүрөккө жеткиликтүү, ынанымдуу жазат. Анын сүйүп жазган темасы элет турмушу, сүйүктүү каармандары жөнөкөй эле элеттик адамдар. М.Сабыров да элет турмушун, карапайым адамдардын тагдырын жазганды жакшы көрөт. Турмуштан өз жолун, өз тагдырын издеген жаш адамдын жашоосун, ой-толгоолорун чагылдырат. Тили элпек, ойлору жумшак, сөздөрү чыйрак. Э.Ажыканова да кара сөз чебери катары калыптанып калды. Аңгемелери эл аралык сыйлыктарга ээ болуп жүрөт. Бул үч жазуучудагы окшоштук – алардын эмгекчилдиги, Айтматовдон ашабыз деген амбициянын жоктугу жана Айтматовго жетпей калабыз деп тайсалдап, чочулабагандыгы. Андай карандай амбиция же коркунуч болбогон соң, алар окурмандын башын катырган темаларды издеп убара болбойт, өзү түшүнбөгөн философияга баш катырбайт. Өзүнүн жолун издеп, өзүнүн жүрөгүнө жакын теманы жазат. Мына ушул эң жөнөкөй турмуштук философия аларга ийгилик апкелген. Бул үчөөн өткөн кылымдын 70-80-жылдарында кыргыз адабиятына келген жазуучулардын жүзү десек эч жаңылышпайбыз. Эгер бул муундагы башка жазуучуларда да Айтматовдон ашам деген амбиция же Айтматовго жетпей калам деген коркунуч болбогондо, өздөрүнүн акылы жетпеген философияны жазып, баш катырбаганда, же өзүнүн алсыздыгын окурманды алаксыткан карандай сюрреализм менен жаап-жашырбаганда, алар деле бир топ ийгиликтерге жетмек. Айтматовдон кийинки жазуучулардын калемгерлик трагедиясы мына ушунда.

Ал эми акындарда Алыкулдан, Эралиевден ашам деген амбиция, жетпей калам деген коркунуч болбогон соң, алар жүрөксүшпөй, кысырынып-кымтынбай эркин жазышты десек жаңылышпайбыз. Бирок, бул муундагы акындарга мүнөздүү бир кемчилик — алар ыр жазуунун, ыр жасоонун техникасын тиги же бул деңгээлде өздөштүргөн менен, көпчүлүгү ошол инерцияга түшүп алып, эптеп-септеп уйкашып, арзыбаган ой айтылып, жылтыраган сап табылса эле баса калып ыр кураштыра бергенди адатка айландырып, “мен акынмын” куру дымак, иллюзалардын барымтасында калгандыгы. Натыйжада, шүүдүрүмдөй таза сезим, күтүлбөгөн ойлор келегей уйкаштыктардын басырындысында кала берген да, камгактай, эч нерсеге арзыбаган жеңил ойлор, арсыз уйкаштыктар чыныгы поэзиянын деңгээлине көтөрүлбөй калган. Эгер табы жок уйкаштыктардын, от сымал жылтыраган учкуну бар ыр саптарынын баарын эле поэзия дей турган болсо, анда бир тонна ыр жазса деле болот. Анда калемгер акын болбой ыр “токуучу” станокко айланат, а акын үчүн мындан өткөн трагедия барбы? Тилекке каршы, ырларында уйкаштыктан, “костюмчан” жылтыраган саптардан башка эч нерсе жок болсо да, бул муундагылардын арасында ыр “токуган” станокко, станок акынга айлангандар аз эмес.

Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү өткөн кылымдын 70-80-жылдарында келишкен акын-жазуучулардын мисалында кыргыз адабиятынын 20-30 жылдык тарыхына саякат жасадык көрүнөт. Бул муундагылар, алардын ийгилик-кемчиликтери, адабиятка апкелген жаңычылдыктары тууралуу сөз кылып жатып, мүмкүн, айрым бир акын-жазуучулардын көз каздымда калтырып кеткен чыгарбыз. Аны биз атайылап жасаган жокпуз, мунун өзүнүн обьективдүү себептери бар деп ойлойбуз, эгер кимдин ысымы аталбай калса, анда биз ал калемгердин чыгармачылыгы тууралуу аз билебиз, балким такыр эле чыгармалары менен тааныш эмеспиз. Андай болгондо, өзүң билбеген калемгер жана анын чыгармачылыгы тууралуу сөз кылуу туура эмес деп ойлойбуз. 70-80-90-жылдарда адабият чөйрөсүнө көп эле жаштар аралашкан. Бирок, көбүнүн бирин-экин чыгармалары мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көрдү да, ошону менен жоголуп кетишти. 80-жылдардын аягы 90-жылдардын башында Таалайбек Шаршеналиев деген акын жигит адабий чөйрөгө аралашып, кызгылтым-жашыл ырлары менен далай-далай өзүнөн улуу муундагы акындарды таң калтырганы эсибизде. Мезгили келгенде, баарыбыздан ушул озот го деп чочулагандар да болгон. Арийне, ал азыр элет жеринде жашайт, ыр жазууну токтотпостон, жазып жүргөнү да белгилүү. Бирок, анын кийинки мезгилдеги чыгармалары менен тааныш болбогон соң, кеңири сөз кылуу мүмкүн эмес. Асанкул, Шабдан деген жигит бар эле. Булардын кийинки мезгилдеги чыгармалары да бизге белгисиз. Элмира деген акын кызыбыздын жашы элүүгө жакындап калды. Анын да кийинки 20 жылдагы китептерин окуй элекпиз. Айтор, 70-80-жылдарда адабиятка келгендердин дээрлик баары эле адабиятта калды, аны таштап кеткен жок. Болгону алар адабиятка келген акыркы 30 жылда мамлекет адабиятты унутуп койду. Казынадан миллиондогон акчалар уурдалып жатканда, адабиятка миллион сом табылган жок. Спортко акча табылып жатканда, адабият кароосуз калды. Бир кино тартуу үчүн 75 миллион бөлүнүп жатканда, адабиятка 75 сом каралган жок. Арийне, заман кандай болбосун, ким кандай мамиле жасабасын улуттук адабияттын уучу кур эмес. Кыргыз мындан да кыйын замандарда Манасты жараткан. Манасты жараткан эл, Айтматовду, Эралиевди адабиятка берген эл эми да Манас жарата алат, эми да арабыздан бүгүнкүнүн Айтматовдору, Эралиевдери чыгат.

Аягы