Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-майда маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды.

Анда Түгөлбай Казаков мамлекет башчысына маданият кызматкерлерине көрсөтүлүп жаткан колдоолор, маданият жана көркөм өнөр жаатындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы, ошондой эле, өлкө элдеринин маданий мурастарын сактоону жана камсыздоону андан ары өнүктүрүү багытында маданият министрлиги аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын менен катар маданият министри Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында коомчулукту тартуу менен жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралар тууралуу да айтып берди.

Алмазбек Атамбаев менен Түгөлбай Казаков баарлашуу үстүндө өлкөнүн маданият кызматкерлерин социалдык колдоо, турак жай менен камсыздоо, маданият тармагын материалдык каражаттар менен камсыздоо планын талкуулашты.