Чыңгызды Чыке деп эркелетип, “Шыңгыс ” деп чоң жолго ысымын ыйгарган казак боордоштор

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү Касы Каримов “Кыргыз Туусу” гезитине кайрылган. Анын кайрылуусунда ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата болуп өткөн иш чаралардын алкагында Казакстандын борбору Астана шаарында Чыңгыз Айтматовдун ысымы чоң көчөгө ыйгарылганы, бирок Чыңгыз эмес Шыңгыс Айтматов деп жазылганы айтылып, кандай жазылган учурда да залкар жазуучунун ысымынан чоң көчөнүн аталышы жакшы жөрөлгө экенине токтолуп, боордош казак элине ыраазычылыгын билдирген.

Анын баамында Чыңгыз казак тилинде Шыңгыс деп жазылса, аны билбегендер эртели-кеч, же кийин казак болгон деп ойлошу мүмкүн. Мындан сырткары ошол жол боюндагы көчөдө жайгашкан мекемелердин иш кагаздарына, паспортторуна да Шыңгыс Айтматов деп жазылып калат, андыктан так, туура Айтматов Чыңгыз Төрөкулович деп жазылса болмок деген.

Эреже боюнча энчилүү ат атоочтор менен зат атоочтор жазылышы кандай болсо, ошондой айтылышы шарт. Аны өзгөртүүгө эч кимдин акысы жок. Бул эреже кыргыз тилинин грамматикасына таандык. Дүйнө элдериндеги тилдерде энчилүү аттар өзгөрүлүп айтылып жүргөнү белгилүү. Казакстанда казак тили расмий тил болуп эсептелип, алар да кыргыздардай кириллицаны колдонушат. Кыргыздарда 36 тамга болсо, аларда 42 тамга бар. “Ч” тамгасы казактардын арибинде да бар. Бирок, казактар сөз айкалышына жараша кээ бир сөздөрдө “ч” тамгасынын ордуна “ш” тамгасын колдонушат. Казак адабиятында залкар жазуучунун ысымы Шыңгыс эле эмес, Чыңгыз, Чингиз болуп жазылган учурлар да бар.

Кыргызстан  Жазуучулар  союзунун төрагасы Акбар Рыскуловго бул тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылганыбызда ал жазуучунун ысымын жазууда маселе бар экенин,Казакстандан Айтматов тууралуу чыккан китептерде Чыңгыз Шыңгыс болуп жазылганын, ал эми Чокон Валихановду “ш” тамгасы менен да, “ч” тамгасы менен да жазганын, Айтматовду алар эркелетишкенде Шыңгыс деп коюшарын айтты.

Бул боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ай-бек Смандиярга кайрылганыбызда ал: “Казактарда Шыңгыс деген ысым бар жана улуу жазуучунун ысымын чоң жолго ыйгарууда анын кандай жазылышы тууралуу маселе каралып, орус тилинде Чингиз Айтматов болуп калат экен деп, казак тилинде жазууга токтолгонбуз. Анткени залкар жазуучунун көзү өтө электе биз тараптан жазуучуга жолдон-гон каттар Чыңгыз Айтматов эмес, Шыңгыс Айтматов деп жолдончу, ал боюнча жазуучу өзү каршы пикирин билдирген эмес, ошондой эле жазуучунун досу, замандашы Мухтар Шаханов да Чыке деп кайрылып, чыгармаларына Шыңгыс деп жазгандыктан биз Шыңгыс Айтматов деп жазганбыз”,- деди.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы башка мамлекеттердин орфографиялык эрежелерине биздин кийлигишүүгө укугубуз жок. Биз Россияны Орусия деп өзгөртүп жазып жаткандай, алар да залкар жазуучунун ысымын ыйгарууда өзүлөрүнүн тыбыштык өзгөчөлүктөрүнүн сакталышын эске алуу менен жазышса керек деген пикирди билдирди.

Ал эми орус тилинин тыбыштык жана грамматикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу Чыңгыз Чингиз деп жазылат, айтылышы да ушундай. Латын арибин колдонгон түрк тилдүү элдерде Чынгыз деп айтылат. Дүйнөдөгү тилдер аморфтук, аглютинативдик жана флективдүү тилдер болуп бөлүнүп, булардын ичинен аморфтук тилдердин уңгусуна мүчө уланбайт жана сөз өзгөрүүсүз жазылат. Аглютинативдик тилдерде уңгуга мүчөнүн жалганышы менен сөз өзгөрсө, флективдүү тилдерде уңгу менен мүчөнүн айкалышынан сөз өзгөрүлүп жазылып, кээ бир учурларда сөздүн мааниси да өзгөрөт. Ал эми энчилүү ат атоочтордун дүйнө элдеринде ар башкача жазылышы жана айтылышы ошол элдин тыбыштык жана грамматикалык өзгөчөлүгүнө да жараша болот.

Дүйнөлүк адабияттагы классиктердин катарынан орун алган улуу ойчул, залкар жазуучубуздун ысымы дүйнө өлкөлөрүндө мекеме, театр, парк, сквер, музейлерге жана чоң жолго ыйгарылышы Айтматовдун руханий дүйнөсү жалпы адам коомчулугунда өз ордун тапканын жана адамзаттын алп жазуучуга карата таазимин айгинелейт. Мамлекеттерди, элдерди жана адамдарды байланыштырган бул — жол. Албетте, казак боордоштордун чоң жолго залкар жазуучунун ысымын ыйгарышы кыргыз эли үчүн сыймык. Аны ар бир кыргыз жана дүйнөлүк масштабдагы Айтматов таануучулар кубануу менен кабылдашары анык. Айтматов дүйнө элдерин өзүнүн улуу көсөмдүгү менен чыгармаларындагы улуу идеялар аркылуу байланыштырган болсо, эми адамдарды, элдерди байланыштырган жолго өзүнүн ысымы боордош казак эли тарабынан ыйгарылып жатат.