Кыргыз футболу мындан ары өнүгүш үчүн жаңы стадион керек

Кыргыз футболу мындан ары өнүгүш үчүн жаңы стадион керек. Бул тууралуу футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Sport АКИpress маалымат агентигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, команда оюндан оюнга жылыштарды кылып жатат. Муну сактап калуу жана дагы өнүгүү үчүн материалдык-техникалык негизде өсүш кылуу зарыл.

«Бизге кичине балдар машыгууга стандарт футбол талаалары керек», — деди ал.