Лионель Месси “Алтын бутсаны” алды

“Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси быйылкы сезондо Европа лигаларынын арасында эң көп гол киргизген футболчусу болду. Ал Испан чемпиондугунда жалпы 37 жолу айырмаланып, Ла лиганын мыкты бомбардири аталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Месси карьерасында “Алтын бутсаны” 4-ирет алып (ал буга чейин 2009-жылы, 2012-жылы жана 2013-жылы алган), Криштиану Роналдунун рекордун кайталады.

Кошумчалай кетсек, бул сыйлык Европанын лигаларында эң көп гол киргизген футболчуларга берилет. Сыйлык ээсин аныктоодо Англия, Германия, Испания жана Италиянын лигаларында киргизилген ар бир гол 2 упай болуп эсептелинет. Ал эми башка лигаларда катталган голдор 1,5 упайга тете. Месси бул жолу 74 упай топтогон.