Кыргыз радиосунун баяндамачысы, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Элмира АЖЫКАНОВА: «Айып көбөйгөндөн бери көчөдө машинелер бир аз тартипке келгенсиди»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Элмира айым, учурда өтө актуалдуу болуп турган көчө маданияты, түкүрүк, айыппулдар тууралуу кандай ойдосуң?

– Коомдун адеби – көчөдөн көрүнөт. Маданияттуу адам – көчөдө да маданияттуу. Акырындап баары өзүнөн-өзү оңолот дегенге кошулбайм. Тартипке, тазалыкка чакырык таштап, талап кылуу керек. Чоң айыппул салганды туура көрдүм. Ким айып төлөгүсү келбесе, түкүрбөсүн – маселе жок. Кээ бирөөлөр айыппулга өтө нааразы. Эрежени бузбасаң, сенден эч ким бир тыйын сурабайт. Кеп өзүңдө болуп жатпайбы?! Айып көбөйгөндөн бери көчөдө машинелер бир аз тартипке келгенсип калды. “Зебрадан” сүзө качырып токтошчу эле. Эми атайын белгиленген чийиндин ары жагына токтоп жатышат. Бул жаманбы? Жакшы да. Мамлекет элди тарбиялоосу керек. Эл тартипке, эрежеге бат көнөт.

– Улуу муундар менен жаштардын ортосундагы “көпүрөдөн” кээде жарака кетип, көз караштар келишпей калган учурлар да бар эмеспи…

– Улуулардын жаштарга нараазы болгону  –  эчактан  бери  эле  келе  жаткан көрүнүш. Бул маселе бизде эле эмес, бардык  элде  бар.  Жаштардын  адеби  –  улуулардын берген тарбия-таалими. Жаштар асмандан түшпөйт. Өзүбүздүн эле уядагы жумурткаларыбыз.

– Демек, жаштардын айрым жат көрүнүштөрүнө алар эмес, улуу муундар жооп бериши керек?

– Албетте. Бир эле мисал, мен дайыма коомдук транспортто жүрөм. Жаштар тура калып орун берсе “рахмат” дегенге жарабай олтуруп алган улууларды көп көрөм. “Көп жаша, бактылуу бол!” – деп алкап койсо неге болбойт? Ушуну айтуу оорбу? Биздин ар бир мамилебиз, жообубуз жаштарга сабак болот да. “Саламатсызбы?”, “Рахмат”, “Кечирип коюңуз?” – деген үч сөздү колдонбогон адамдар балдарын адептүү тарбиялай албайт. Кеп балада эмес, өзүбүздө. Журналист катары эл-жерди аралап жүрүп таасирлүү адамдардын тарбиясы жок балдарын көрдүм. Алар мага сабак болду. Кудайга шүгүр, мен балдарымды кечипейил, сылык, маданияттуу кылып чоңойттум. Чыңгыз Айтматов жазгандай, адамдардын негизги милдети – үйүнөн жакшы балдарды тарбиялап чыгаруу эмеспи.

– “Жакшынын – шарапаты, жамандын –кесепети…” деген да кеп бар.

– Кенен ойлонгон айкөл адам бирөөнүн жакшы жагын дароо көрөт. Ичинде кири жок, уяттуу, түз жүргөн, чынчыл, тамашакөй адамдар менен бирге иш алып баруу, жол жүрүү, эс алуу, конокто болуу — кандай жакшы. Мындай адамдар менен баарысы оңой, жеңил жана ыңгайлуу болот, чарчабайсың.

– Сен өзгөчө жаман көргөн сапаттар?

– Мен жек көргөн адамдар — кошоматчылар менен арамзалар. Ушул кошоматчылар – коомдун “кыймылдаткыч күчтөрү” болот экен. Булар бардык жерде бар, жоголбойт да, түгөнбөйт. Жашоо ушулардыкы болот экен. Анткени жылуу-жумшак ордунан козголбой, ыдык көрбөй, тынч оокатын кылып жүрө берет тура. А арамзаларга айла жок. Эч кимге жаман көрүнбөйт. Чырлуу жерден акырын четтеп качып кетет. Ички оюн эч качан ачык айтпайт. Бет кабын бекем тагынып алып эт менен челдин ортосунда жан сактап жүрө беришет. “Адам издеп жүрөмүн” (фильм) дегендей, дайыма жакшы адамдарды издей берем. Колумда чоң байлыгым, чоң бийлигим жок болсо да эл алдында жүзүм жарык болсун деп түз жүрөм, түз айтам. Ошого ичимде кир калбайт.

– Аял жашоонун көркү дешет эмеспи…

– Күйөөсүнүн тапканын берекелүү кылуу – аялдан. Кай заман болбосун, кандай турмушта жашабасын – аял үнөмчүл болушу керек. Аял жоктон – барды, бардан – баарын жасаса, береке ошол үйдө болот. Турмушта майда нерсе жок. Мисалы мен базарга, дүкөнгө барган сайын бир жолку колдонуучу баштык сатып ала бербейм. Кездемеден кооздоп тигип алган бышык баштыктарым бар. Бүктөп кол сумкама сала жүрөм. Тиричиликке керек деп эле көзгө көрүнгөн нерселерди сатып алганды токтотком. Үйдөгү буюмдарды көбөйтө бериштин да кажети жок. Кийим-кечекти реставрацияга көтөрүп жөнөбөйм. Кичирейтип же чоңойтуп алуу колумдан келет. Гүл менен “ооруйм”. Терезелеримде да, короомдо да гүлдөрүм көп. Жакшы аял кол сумкасына бош баштыгын, бир байлам жоолугун жана бир аз таттуу-тарапа (конфет) сала жүргөнү жакшы.

– Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?

–  Убакытка  сараңмын.  Анын  айынан тууган-туушкан, жоро-жолдоштордон да кээде четтеп калам. Тойдо олтурганда кетсем болот эле деп ичимден тызылдай берем. Антейин десем кыйратып иш бүтүрүп жаткан жерим деле жок. Бирок убактысы көп адамдар да бар экен. Алар сенин убактыңды уурдагылары келет. Баягыдай жолугушуп чай ичишкенге, жакшы сөздөрдү сүйлөшүп олтурганга убакыт тарып эле баратат. Таңдан кечке дөңгөлөктүн ичиндеги тыйын чычкандай чимирилебиз.