Республикалык «Кыргыз күрөш» федерациясынын президенти Рыскелди ШАМИЕВ: «Кыргыз күрөшүнүнүн келечеги али алдыда»

“Кыргыз күрөшү” – байыркы ата-бабалардан бери келе жаткан улуттук спорт оюндарынын бири. Кыргыздын той-тамашасында, ар кандай жыйындарда балбандар күч сынашып, күрөшүшкөнү салтка айланган эмеспи. Канча кылымдар карыбасын, эзелтеден тартып бүгүнкү күнгө чейин билеги күчтүү балбандарыбызды элибиз ар мезгилде даңазалап келишкен. Тарыхка кайрыла турган болсок, кыргыз элинин маданий мурастарынын бири “Манас” эпосундагы “Көкөтөйдүн ашындагы” Кошой баатыр менен Жолойдун күрөшү укмуштуудай сүрөттөлүп, кеңири чагылдырылган. Мына ошол доордон тарта уюткулуу улуу элибиздин улуттук спортунун башатынын учугу бүгүнкү күнгө чейин уланып келип, “Кыргыз күрөшүнүн” кулачы кенен жайылып, аны дүйнөлүк аренага алып чыгаруу аракетин кылып жаткан азаматтарыбыз арбын. Алардын бири – республикалык “Кыргыз күрөш” федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев. Биздин кабарчыбыз менен болгон маегинде Рыскелди Ишенбаевич кыргыз күрөшүнүн учурдагы абалы жана алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүшкөн.

– Рыскелди Ишенбаевич, Республикалык “Кыргыз күрөш” федерациясынын башына келгениңизге бир жылдын жүзү болоюн деп калыптыр. Мындай ары жоопкерчиликтүү,  ары  түйшүктүү  ишти аркалоо, албетте оңойго турбайт эмеспи. Кыргыздын улуттук спорттук оюндарынын түрлөрүнө кирген кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн кандай аракеттер жүрүп жатат?

– Бир жыл аралыгында көп иштер аткарылды. Жоопкерчилик тууралуу айтсам, кандай кызматты аркалабагын, артындагы жоопкерчиликти жон териң менен сезе билишиң керек. Ошондо гана өнүгүү менен жылыштар сөзсүз болот. Мени республикалык “Кыргыз күрөш” федерациясынын президенттигине шайлап, жогорку ишеним арткан федерациянын жалпы курамынын, аны мүчөлөрүнүн жана өлкөбүздүн желегин татыктуу желбиретип келе жаткан балбандарыбыздын алдындагы жоопкерчилигим жогору экенин туура түшүнөмүн.

Кыргыз  күрөшү  байыркы  улуу көчмөн элибиздин көөнөргүс мурасы, улуттук баалуулуктарынын катарына кирген спорт оюндарынын бири болгондуктан, аны кеңири жайылытып, өнүктүрүп жана мындан ары дагы дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркын, аброюн жогорулатуу үчүн федерациянын мүчөлөрү менен биргеликте жапа тырмак алгылыктуу аракеттерди көрүп жатабыз. Кыргыз жигиттери өтө намыскөй келип, канга сиңген балбандык касиеттерге ээ болушат эмеспи. Аларга ар дайым колдоо болуп тур-са, улуттук бул спорттун түрү дагы да дүйнөнү дүңгүрөтөт деген үмүттөмүн. Биздин балбандардын ийгиликтерине II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө кыргыз эли өзү күбө болду. Жети салмактык категорияда дүйнөнүн булуң бурчунан келген балбандар менен күч сынашып, жыйынтыгында биздин балбандар-ын бардыгы тең бирдей жеңишке ээ  болушту.  Бул  биз  үчүн  өтө  чоң сыймык.

Көчмөндөр  оюндарында  башка мамлекеттерден келген өкүлдөрдүн кыргыз күрөшүнө болгон кызыгуусу өтө жогору болуп, бул спортту өз мамлекеттеринде да жайылтуу туурасындагы сунуштарын билдиришкен соң, биргелешип Эл аралык “Кыргыз күрөш” федерациясын негиздедик. Мүчөлүккө дароо 21 мамлекеттин өкүлдөрү курамга кирип, отурумда федерациянын Уставын кабыл алып, бекитип алдык. Бүгүнкү күндө анын негизинде ишмердүүлүк жүргүзүлө баштады. Кыргыз күрөшүнө алгачкылардан болуп кызыгуу арттырган Голландиялык жаран, спорт чебери Метью Кливьерик кыргыз күрөшүн өтө жактырып, Европага таанытам деп белсенип турган чагы. Өзү Амстердамда турат, ошол жерге “Кыргыз күрөш” федерациясынын кеңсесин ачты. Ал-бетте, биз мындай демилгени колдоп, биз аны Эл аралык “Кыргыз күрөш” федерациясынын вице-президенти кылып шайлап алдык. Алгачкы отурумда федерациябыз республикалык “Кыргыз күрөш” федерациясынын атынан уюшулгандыктан, отурум мүчөлөрү Эл  аралык  федерациянын  президенттигине кыргыз жараны болушун билдиришти.

Дагы бир кубанычтуу жагдай, ошол отурумда эле “Кыргыз күрөшү” боюнча Азия чемпионатын индиялыктар өткөрүп берүү демилгесин көтөрүштү. Бул биз үчүн күтүүсүз болду. Бирок, биз алгачкы Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүнү туура көрдүк. Алар да биздин сунушубузду толук колдошту. Мындан сырткары, кечээ жакында эле Шри-Ланкадагы жана Пакистандагы жаңы ачылган “Кыргыз күрөш” федерациялары бизге маалымат каттарын жөнөтүшүп, өздөрүнүн жыйындарын өткөрүп жатышкандарын билдиришти. Анда кыргыз күрөшүнүн жоболору жана эрежелери менен таанышып, талкулоо жүргүзүштү. Себеби, кыргыз күрөшү боюнча өткөрүлгөн эл аралык мелдештер биздин белгиленген эрежелер менен эч өзгөртүүсүз өткөрүлөт.

– Республикалык федерациянын учурда алдына койгон кандай пландары бар?

– Алдыда Кудайым буйруса пландар көп. Мамлекеттик спорт агенттигинин улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы менен федерация тыгыз кызматташып келгендиктен 2019-жылга карата иштөө планын дирекцияга сунуштадык. Учурда бир катар мамлекеттерде “Кыргыз күрөш” федерациялары ачылды. 2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилигин өткөрүү пландаштырылып жатат. Мындан тышкары, эл аралык бир чоң турнир өткөрөлү деп жатабыз. Бул – “Алптардын күрөшү”, тагыраагы чоң салмактагы балбандардын күрөшү. Менимче, абдан кызык турнир болот.

– Эл аралык мелдештердеги колдонуу ыкмалары тууралуу айтсаңыз?

–  “Кыргыз  күрөшүнүн”  башка  спорттун  түрлөрүнөн  болгон өзгөчөлүгү  –  бул  эбегейсиз  күчтү жана мыкты техникалык чеберчиликти талап кылат. Мына ушул эки нерсени бирдей айкалыштыра колдоно  билген  балбан  сөзсүз  түрдө жеңишти камсыз кыла алат. Эл аралык мелдештерде кыргыз күрөшүнүн бекитилген эрежелери жана ыкмалары  менен  күрөшүшөт.  Чет  элден келгендер дагы кыргыз күрөшүнүн  ыкмаларына  абдан  кызыгуу арттырышты.

– Ал эми өзүбүздө кыргыз күрөшүнө болгон кызыгуу кандай болуп жатат?

– Кыргыз күрөшү улуттук спорттун түрү болгондуктан, жер-жерлерде, аймактарда жаштар арасында кеңири жайылган  жана  кыргыз  күрөшүнө болгон кызыгуу жогорку деңгээлде. Албетте, жаштарды сергек жашоого үндөө жана спортко болгон кызыгууларын дагы арттыруу үчүн ар бир аймакта мелдештерди өткөрүп жатабыз. Жылдан жылга турнирлердин санын көбөйтө беребиз. Кыргыз күрөшү ата-бабабыз күрөшүп келген улуттук спорттун түрү болгондуктан, аны өнүктүрүү үчүн дүйнөлүк аренада кеңири жайылтууну максат кылдык. Ошондуктан кылым карытып келаткан кыргыз күрөшүнүн келечеги али алдыда.

– Иштериңиздерге албан ийгиликтерди каалап, спорт чөйрөсүндө бийиктиктерди багынта беришиңиздерге тилектешпиз жана кыргыз күрөшүн дүйнө эли таанып билип,  өлкөбүздүн  желеги  ар дайым бийикте болсун деген каалоолорубузду  билдиребиз.

Маектешкен Наргиза КАЗАКБАЕВА