Фархад Бекмамбетов Мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды

А.Изибаев атындагы Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекмамбетов дайындалды. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.

Эске сала кетсек, Фархад Бекмамбетов коомдук “Айтыш” фондунун директору, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматтарын ээлеп келген.

Цирктин мурдагы директору 2018-жылдын 20-декабрында кызматтан кеткен.