Өкмөт жаңы стадион курууга убада берди

Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан келген футболчуларды тосуп алуу концерти болуп өттү.

Аталган иш чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге 2 млн сомдук сертификат тапшырды.

Ошондой эле Абылгазиев, мамлекет атамекендик футболду өнүктүрүүгө көңүл буруп, өлкөдө футбол аянттарынын жана спорт залдардын курууга умтула турганын айтып, Жакында Бишкек шаарында заманбап футбол стадионун куруу маселеси чечилерин кошумчалады.

«Мамлекет өнүгүп жана бекемделиши үчүн бизге билимдүү жана дени сак жаштар керек. Биз ар бир облустук борбордо, шаарда жана айылда заманбап футбол аянттарынын курулуш иштерин күчөтөбүз», — деп белгиледи Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Александр Крестинин баш болгон футбол курама команда бүгүн «Манас» аэропортуна учуп келишип, күйөрмандар аларды шаңдуу маанайда, добулбастын коштоосунда тосуп алышкан.