Чемпиондун фанаттары авиакырсыктан жетим калгандарга акча которду

Кыргызстанда төрөлүп, учурда Америкада жашаган спортчу Валерий Федоренко Дача айылындагы авиакырсыктан улам жетим калган балдардын эсебине 300 миң сом которду. Бул тууралуу балдар хосписинин жетекчиси Динара Аляева билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат Федоренконун фанаттары тарабынан чогултулган.

Султан менен Жакшылыктын чоң аталарына 97 миң сомдон берилди. Которулган каражатты балдар өспүрүм курактан өткөндөн кийин колдоно алышат. Ушундай эле сумма энесинен айрылган Мирландын эсебине которулган.

Толуктай кетсек, Валерий Федоренко 1993-жылы оордук көтөрүү боюнча дүйнөнүн чемпиону аталган. Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен «Манас» аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган.