Китеп текчеңизге: «Теңир сөз – көчмөндөр акылы»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


“Улуу Тоолор” басмасынан Вахав-Бостон Умаровдун “Теңир сөз – көчмөндөр акылы” китеби жарык көрдү. “Ала-Тоодон учканындай / Айды көздөп миң аккуу. / Теңир берген кыргызымдын / Төрө сөзү кубаттуу” деп өз китебине жүрөктөн чыккан эпиграф жазган автор өзүнүн “…акыл-эси, омоктуу ойлору, жараткан эмгектери мекенине – көөнө кыргыз элине арналганын” белгилеген.

Вахав-Бостон Умаров жалпы окурман журтчулугуна балдар жазуучусу ка-тары белгилүү. Ал бул эмгегинде жазган шурудай кыналган ойлорду көп жылдар бою турмушка сергек байкоо салуу менен бир тамчыдан чогулткан. Чогултуп гана тим болбой, ийине келтире иштеп, саман-топонун алып ыргытып, кыпкызыл данын калтырган. Жорго сөздөр куюлуштуруп жазылган “Теңир сөз…” тарбиянын өчпөгөн очогу, булагы сыңары, сиздин дил шеригиңизге айланат десек эч кандай жаңылышпайбыз.

Балдар жазуучусу Вахав-Бостон Умаровго бир мезгилдерде Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев: “Вахав-Бостонду түз эле ХХI кылымдын Жусуп Баласагыны атоого негиз бар” деп баа берсе, дагы бир залкарыбыз, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков: “Улуулукка умтулбаган адамдардын ичинен сыйкырдуу касиетке ээ болгондору гана баарыбызды тамшандырып, таң калтырып, улуулуктун туу чо-кусун багындырып алышат” деп баа берген.

Вахав-Бостондун окурман журтчулугуна сунуштаган бул китебине академик Аб-дыганы Эркебаев: “Вахав-Бостондун “Теңир сөз – көчмөндөр акылы” деген аталыштагы китеби кыргыздарга кылым карыта кызмат кыларына ишенем” деп жылуу пикирин билдирсе, академик Абдылдажан Акматалиев: “Теңир сөз …” – өзүнүн оригиналдуулугу менен айырмаланган жаңы чыгарма: аны окуганды билген сабаттуу адамдардын баары эле окуп, жан дүйнөсүн байытып алуусуна кадиксиз ишенем.

…Акыл ойго өтө бай китеп турмуштун өзүнөн калпып алынгандыктан, ар бир адамга жакын. Ар бир жазылган сап, сөз өз ордунда. Элдик дидактиканы уланткан Вахаб аке, бар болуңуз!” – дейт.

Китеп тууралуу ушундай эле жылуу пи-кирлерин КР эл акыны Токтосун Самудинов, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиев, КР ЖКнын экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу ж.б.лар билдиришкен.

Китепке жазылган баш сөздө: “Ар бир доор өзүнүн учкул сөздөрүн жаратат. Тактап айтканда, ар бир доор өзүнүн канаттуу учкул сөздөрүн талап кылат. Бир эсе таң кала, бир эсе кызыга колуңузга алган жыйнактагы учкул сөздөр оош-кыйышы көп, көп кырдуу турмушубуздун акыл-парасат менен аңдалып табылган кагаз бетине түшүрүлгөн туундусу. Мындан канча замандар мурда айтылган айрым асыл ой берметтеринин мазмундук өзгөчөлүгү, бүгүнкү учкул сөздөрдүн мазмунуна көп жагынан дал келбей калды…

Сөз кудуретин, сөздүн ыйык касиетин тереңден сезген айбарлуу жазуучу тапкан ойлорунда  турмушта  күбө  болгон  окуя-кубулуштарды  акыл-тереңинен  өткөрүп, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче окурмандар-га жеткирүүгө далалаттанганы сезилет” делет.

Эми китепти барактап окуп, калыс баа берүү окурмандын өзүндө калды. Элдик дидактика мына ушундай эң жөнөкөй ойлордон, элестүү сөздөрдөн башталып, иргелип отуруп, мыктылары ооздон оозго көчүп, атадан балага, муундан муунга айтылып калат.