Мыктылардын колдоочулары, каргыш…

Сүрөт: Шабдан баатыр. 1908-ж.

Шабдан бийлик жүргүзүп турган жылдарда, калың кыргыз элинин колунда барлары, анын ичинде атбашылык байлар да өз каалоосу менен Шабданга тартуусун тартуулап, союшуна малын айдап жеткирип турчу экен. Ат-Башыдан “ат башындай” эл берген тартууну Шабданга жеткирген акталаалык Берикбай ата болуптур.

Ал эл берген тартууну көздүн карегиндей сактап, чыпчыргасын коротпой жеткиргендиктен, Шабдандын ишенимине кирген, көздөй адамы болгон экен. Атбашылыктардын тартууларынын басымдуу бөлүгүн черик уруусунун Акчубагынын Күчүк уулунан тараган Акбото атабыздын бергендери түзүптүр. Шабдан бир жолу Кытай тарапка чек ара маселеси менен сүйлөшкөнү баратып: “кайра кайтканда Акбото байга жолугам” деп айттырат. Шабдандын аманатын Акботого айтканы келген Ат-Башынын мыктылары: “Сизге Шабдан баатыр келмек болду. Чоң ак үйүңүздү жаңы конушка тигип, үйдүн айланасын таза кармап, жакшылап даярданыңыз”, – дешет.

Белгиленген убакта Шабдан Кытай тараптан келип, Акбото байга жолукканы жөнөшөт. Келишсе, бай ак боз үйүн тикпей эле кара боз үйүндө, эски журтунда отурган болот. Ат-Башынын билермандары Шабданды коңшу ак боз үйгө киргизишет. Суусундук ичилип, тайга бата кылынгандан кийин, “Акбото байга жолугуп келейин, мени эч кимиң ээрчибе”, – деген Шабдан Акботонун үйүнө өзү жалгыз барат.

“О-уу, Шабданым келген тура. Төргө өт”, – деп бай жылуу тосуп алат. Үйүнүн бир ыптасында козу-улактар көгөндөлүп туруптур.  Кымыз  ичилгенден  кийин, Шабдан: “Байым, экөөбүз жалгыз сүйлөшсөкпү дедим эле”, – дейт. Байдын аялы, балдары боз үйдөн айттырбай чыгып кетишет. Акбото Шабдандан алда канча улуу болуптур. “Байым, менин сизге жалгыз келип, сүйлөшүп жатканымдын себеби, сиз жыл сайын мага чоң өлчөмдө тартуу жибересиз, аныңызга ыраазымын. Сураштырсам, аябай бай жатсам, Ак-Сайдын Үч-Кара-Сайында жерде кыпкызыл болуп куурулган бир балык жатыптыр. Алып жеп ийсем эле, курсагым да тоюп, күч-кубат кирип, шайдооттонуп биртке бастырсам эле, 17 байтал айгыры менен алдымдан чыкты. Айдап алып, үйгө келдим. Кийинки жылы 17 байтал 17 кулун тууп берди. Анан эле кайдан-жайдан экенин билбейм, 5-10 жылда эле малым батпай калды. Аны эл да, сен да көрүп турасың”, –дейт.

Шабдан:  “Ал  балыкты  Кудайдын ырыскысы  дейт.  Сен  бүтүн  жеп  албай, куйругунан эки элисин алып калып, үйүңө апкелип, улам жаңы балаң журтка көчүрүп, менин сөөгүмдүн жанында үч күн болосуң. Ишенчиликтүү Баяке досуң жүз жигити менен үйдү ай-анта бир чакырым жерден кайтарып, үйгө жан адамды жолотпосун, тыштан келгендерге “Шабдан аза күтүп жатат” деп айтып, ырым-жырымдарды эски журтта өткөрүп турушсун. Биринчи түнү жылаңач бала келип, биртке туруп кетет. Экинчи түнү койнуңа жарым түн жатып кетет, үчүнчү түнү таң аткыча койнуңда жатат да, өмүр бою сени менен бирге болот. Эч коркпо, ал биздин ата-бабабыздан бери келаткан колдоочубуз, сага ошентип көнөт. Ал жаныңда жүргөндө, сага эч кырсык жолобойт. Отурганда  артыңда,  жол  жүргөндө алдыңда колдоп, коргоп турат. Сенин да ичээр сууң түгөнгөндө белги берилет, сен балдарыңдын бирин аныктайсың. Мен сага айткандай жасасаң, ал колдоо чубуз, укум-тукумубузду колдоп, хандык өтүп турат”, – деди. Атамдын айтканы айткандай болуп, мен эл башкарып калдым”, – дейт, “ал балаң эми кана?” деп Акбото сураганда, “мында отурат” деп Шабдан артындагы жүктүн үстүн көрсөтүптүр.

Эми колдоочулар тууралуу. Манас атанын колдоочулары кырк чилтен: кабылан, арыстан, ажыдаар, зымырык куш ж.б. кырк түрлүү жан-жаныбар болгон. Т.Касымбеков Курманжан датканын колдоочусу деп жолборсту жазган. Балбай баатырдын колдоочусу бөрү болгон. Менин чоң таятам Чортектин Абдырайы моңолдорго болуш болуп турганда, кыргыздын тобун (курултайын) башкарат. Үч-Нурадагы аян Байзактыкына конок болуптур. Абдырай болуш таятам кеткенден кийин, аян Байзактын байбичеси “ээ болуш, сен эзели, кыргыздан Шабдан, Чыныбай, Чоко баатырларынан башка киши келе жатса, ордуңан козголчу эмес элең. Анан эле моңолдордун жаш баласы кирип келгенде, жаткан ордуңан бүргөдөй секирип тура калдың”, – деп сураганда: “Өзүң билесиң, менин колдоочум  бөрү,  мен  Абдырай  болушту көргөн да жокмун. Анын колдоочусу илбирс экен. Анын алдында ал кирип келгенде, менин колдоочум бөрү куйругун чатына кысып, жүктүн алдына кире качканда, кандай секирип тура калганымды өзүм билбей калдым”, – деген экен.

Адамзат тарыхынан башка элдердин тарыхын да окуп жүрөбүз, бирок колдоочулар тууралуу окуяларды, мисалдарды кездештире элекпиз. Менин оюмча, бул кайталангыс феномен. Демек, эл мыктылары жана алардын колдоочулары илимий изилдөө объектиси болууга татыктуу.

Эми Берикбай ата тууралуу эки ооз сөз. Шабдан баатырдын Тогуз-Торого жол салдырганы белгилүү. Жол салууга бүт Нарындан күч бүлө барып, алардын арасында Берикбай ата да болуптур. Жол салгандардын чоңу Таш болуш Берикбайды басмырлап, зоокалуу, таштуу жерлерге коюп, катуу кыйнап жатканда, жолду көргөнү Шабдан барып калат. Берикбай “Шабданга жолугам” десе, жасоолдору боз үйгө киргизбей, ал обочо турган боз үйдүн алдынан “мени Шабдан көрөр” деп ары-бери баса бериптир. Бир маалда Шабдан байкап калып, “Берикбай го” деп, чакыртып, жанынан орун бердиртет. Ал-жай сурашат, суусундук ичилип, тамак тартылат. Шабдандын алдына уча коюлат. Шабдан: “Беке, мен аламбы, сен аласыңбы?” дегенде, улуу болгондуктан Берикбай: “Мен албаганда, анан сен алмак белең?” деп учаны алат. Шабдан Берикбайды ошол Тогуз-Торо жолуна чоң кылып дайындап кетет. Ошондо баягы Берикбайды кодулагандар “жакшы адамдын кадырын билбептирбиз” деп бармак тиштеп, катуу өкүнүшкөн экен.

Шабдан көз жумгандан кийин, кадимки Казыбек акындын атасы Мамбетимин бий күчүнө, бийлигине салып, 400 гектар жерди Ак-Талаадан өзүнө караттырып алат. Ал жерде Берикбайдын да үйү бар экен. Муну уккан Берикбай (өтө карыган кези экен) Мамбетимин турган көпчүлүккө келип: “Ээ, куу шыйрак, менин жеримди тартып алгыдай болдуңбу? Эмесе ошол жерди өз башыңа ороп ал, өлбөй кал Таш, өлбөй кал. Өлбөй кал, Шабдан, өлбөй кал, бул күндү Берикбай көрбөй кал”, – деп өгүзүн моюнга чаап, кайгырып, ыза болуп үйүнө кеткен экен.

Мамбетиминдин арты жакшы болбоду. Совет өкмөтү чыкканда, Мамбетимин Оренбургга айдалып, андан бошогондой кийин, Кытай жакка барам деп, Өзгөн жакта каза болуп, сөөгү ошол жакта коюлду.

Ташкан Берикбай атанын аңгидей уруусунун бийи, кыйын болуш болгон экен, Мамбетимин акчубак уруусунун бийи. Берикбай атабыздын небереси Өзгөрүш беш баласы, небере-чөбөрөлөрү менен Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн Калинин айылында жашап жатат. Жашы 80ден өтүп калды. Аңгидей уруусунун жерин тартып алган Мамбетиминден тукум калбады.

Иса МУСАЕВ, Ат-Башы району, Казыбек айылы