Айнагүл БАЗАРБАЕВА, акын: «Биздин үйгө жүргүлө, атам менен апам жарашты» – деген балалык бакытым эсте калды»

Жыпар ИСАБАЕВА, Кыргыз Туусу”


Акын Айнагүл Базарбаева И.Арабаев атындагы КМПУнун филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун республикалык, райондук гезиттерде, теле-журналдарда кабарчы катары баштаган. Андан кийин мектепте мугалим, Баткен облусунун губернаторунун басма сөз катчысы, Жогорку Кеңеште депутаттардын жардамчысы кызматтарын аркалаган. Бирок бардык учурда колунан калемсабы түшпөй, адабият айдыңында акын катары таанымал. “Үмүт”, “Жүрөгүмдүн ээсине” аттуу поэтикалык жана прозалык жыйнактардын автору.

–  Саламатсыңбы?  Бул  – “Кыргыз Туусунун” “Күтүүсүз коңгуроосу”. Учурда эмне менен алексиң?

– Жаңы китебимди чыгарайын деп, ошону менен алектенип отургам. Мындайда ар бир саптын түбүндө түнөп, ар бир  саптын  “жүрөгүн  тыңшап”  калат эмес пизби.

– “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дейт го, сурайын дегеним, ар бир эле адамдын жашоосуна, чыгармачылыгына туулуп-өскөн жеринин, балалыгынын тасири болот тура?

– Менин туулган жерим – Ош облусунун Лейлек районунун Булак-Башы айылы. Союз учурунда Лейлек, Ош облусуна карачу. Ал кезде биздин колхоз жибек куртун багып, пилла өндүрүү менен алектенген. Мен төрөлгөн 1972-жыл-дын 24-майы, айрыкча, жибек куртунун жумушу күч алган учуру болгон деп айтчу ата-энем. Апам тыт дарагын кесип-бутап жүрүп, толгоосу кармап калган экен. Анан, тыт барик-жалбырактарынын арасында төрөлгөн мени чоң энем колуна алып, дүңкүлдөп жүргөн кайраттуу кыз болсун деп ырымдап, баталгага киндигимди коюп, тыт дарагынын бутактарын кесип жүргөн балта сыяктуу курал менен тарс чаап, кесип алыптыр. Чоң энем ошол сөздү айткан сайын жердин бетин оюп жиберчүдөй болуп тарсылдап басып калчумун. Мына ушундай, күндүн нуру өзгөчө тийген аптаптуу айылда чоңойдум.

– Ошол кыз чоң энеси ырымдагандай кайраттуу жана калемгер  кыз  болуп  чыга  келди анан?

– Эми ойлосом, ошол бала кезимден башкача кыялкеч кыз болчу экемин. Мектепте окуп жүргөндө, адегенде:

«Окуп алып Чыңгыздын “Бетме-Бетин”,

Тотойдун уюн издеп жөнөп кеттим»,– деген сыяктуу ырларды жазып, мектептин дубал гезитине чыгып турганга кубанчумун.

Ошондой күндөрдүн биринде райондук гезитке алгачкы ырым чыкты эле, ыраматылык атам мактап, абдан кубаттап койду. ерденип калдым. Ата-эненин ишеними бала үчүн өзгөчө дем берерин ошондо сезгем. Адабияттан сабак берген Шерикбай Кулдашев деген агайым да ар бир дил баян жазган сайын мени мактай берчү. Агайдын окутуу ыкмасы башкачарак эле, дил баянды үйгө тапшырма кылып берчү. “Дил баянды жазуу үчүн чыгармачылык ой толгоолор керек”, – дечү. Ошондуктан, ар бир дил баян жазган сайын ойлонуу үчүн айылыбыздагы койду айдап алып адырларды ашып, тоолорго чыгып кетчүмүн. Негизи эле үйдөгү майда-барат тиричиликке караганда мал бакканды, талаада торгойдун үнүн укканды, жамгырга чачымды тосуп, козу карын тергенди жакшы көрчүмүн. Мына ушунун баары менин поэзияга болгон шыгымды, кызыгуумду арттырып койду окшойт.

–  Чыгармачылыктагы чыйырың?

– Баш-аягы биригип, ушуга чейин «Үмүт», «Жүрөгүмдүн ээсине» деген эки эле ыр жана проза жыйнактарым чыккан. Ошол эки китебим чыккандан кийин да өзүмө-өзүм ыраазы болбой калдым. Жазгандарымдын кемчиликтерин көйнөк тиккен бычмачыдай эле көрүп алып: “Каап, чыгармачыл адамга сан эмес, сапат керек экен”, – дедим. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Буюрса, учурда үчүнчү китебимди даярдап турган чагым. Ойго сиңирип, бойго сиңирип, көп жылдан бери мээде идеясын сактап жүргөн чыгармалар да бар. Баса, балдар адабияты боюнча бир долбоорго катышып, жакшы чыгармалар жазылып, жыйнак болуп чыгаар алдында турат. Балдар адабияты билгенге эң кыйын экенин сездим. Баланын психологиясын аңдап билүү үчүн педагог да, психолог да, сүрөтчү да, ошол эле учурда сөз чебери да болууң лаазым экен.

– Жүрөгүңдү өйүткөн жана жүдөткөн ойлор…

– Биз маданиятты жалпы түшүнүк менен карап алдык да, адабиятка көңүл буруу абдан солгундап кетти. Түркия, Азербайжан  сыяктуу  мамлекеттер-ден жазуучу-акындарга көңүл бурууну үйрөнсөк жакшы болот эле.

– Жашоонун өйдө-ылдыйы чыгармачылыкка  залакасын тийгизеби же кайра курчутабы?

– Чыгармачыл аялзаты болуп, ошол эле убакта үй-бүлө күтүүнүн өзү – кош түйшүк. Эгер жолдошуң чыгармачылыкты түшүнсө, ал башка кеп. Канткен күндө да ошол бышырып жаткан тамагыңдан, от жагып жаткан казаныңдан, түшүнбөй жаткан азабыңдан ырахат таап, чыгармачылыктын данегин издесең мокобойсун, кайра курчуйсуң. Кээде аялдык кылып күбүр-шыбыр ушак угуп олтуруп деле мыкты образдарды таап аласың. Ошентсе да, тагдырга айланган жашоонун өйдө-ылдыйы кээде катуу стресске кабылтып, чыгармачылыкка залакасын тийгизип коюшу мүмкүн. Деги эле чыгармачыл аялзат «эл эмне деп жатат» деген пендечиликтен өйдө турганы оң экен. Болбосо, көп жылдарды уттуруп коюп, өкүнүп да калаарың оңой. Эгер күчтүү аялзаты болсоң, эшилген сайын чыйраласын.

– Бактылуу учурлар…

– Бактылуу болгон учурлар көп эле болот. Мисалы, атам менен апам ажырашып кетип, жети жылдан кийин кайра табышканда, көккө төбөм жетип тургандай кубанып чуркап, кошуна-колоңдун баарына  сүйүнчүлөп:  «Биздин  үйгө жүргүлө, атам менен апам жарашты», — деген балалык бакытым эстен кетпейт. Албетте, ар бир эне үчүн эне болгон күн – бакыттын туу чокусу. Андан кийин ар дайым Кудайдан миң тилеп сурап жүргөн бактылуулук — балдарыңдын амандыгы, алардын үй-бүлө күтүшү, неберелүү кылып кубантышы. Жашоодо ушуну менен – адамзаттын өмүрүнүн улоочулары, чексиздик менен бактылуусуң.

Айнагүл БАЗАРБАЕВА, акын: «Биздин үйгө жүргүлө, атам менен апам жарашты» – деген балалык бакытым эсте калды»: 1 комментарий

  • Январь 30, 2019 в 2:21 пп
    Permalink

    Айнагул Базарбаева мыкты журналист жана акын. Айнагул айым менен мен Лейлек райондук Ата Журт газетасынын редакциясында таанышкам. Азаматсын Айнагул. Биз сени менен сыймыктануу менен бирге жаны китебиндин чыгышын чыдамсыздык менен кутобуз. Ооба, каарман айткандай газета жаатында иштеген инсан чыгармачылык менен алектенуудон анча эле солгундап калат экен. Сага ийгилик каалайбыз.

Комментарии запрещены.