КР Жогорку сотунун судьясы Качыке ЭСЕНКАНОВ: «Азыркы учур –жаңы жана эски кодекстер менен иштеп жаткан өткөөл мезгил»

2019-жылдын 1-январынан тартып Соттук-укуктук реформанын алкагында Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Бузуулар тууралуу кодекс жана «Пробация жөнүндө», “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирди. Алардагы өзгөчөлүктөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К. Эсенканов айтып берди.

– Жаңы кодекстер күчүнө кирип иштеп  баштаганына  бир  айга  чукулдап калды, бул кодекстердин өзгөчөлүктөрү туурасында айтып бересиңиз?

– 2019-жылдын 1-январынан баштап 5 кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кирди. Бул кодекстердин айырмачылыгы мыйзамдарды гумандаштыруу, жазык-процессин азыркы эл аралык талапка жараша жаңылатуу болду. Мына ушул жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер менен иштеп келе жатабыз. Бул мыйзамдарды иштетүү боюнча айта кетсек, 1-январга чейин жасалган кылмыштар эски кодекс менен, ал эми 1-январдан  кийинкилери жаңы кодекстин негизинде каралат. Биз азыр жаңы жана  эски  кодекстер  ме-нен иштеп жаткан өткөөл мезгил.

– Жаңы мыйзамдар боюнча элде ар кандай пикирлер жаралууда, аларды  колдонууда башаламандык  болбойбу?

–  Эч  кандай  башала-мандык  болбойт.  Бизге кандай милдет жүктөлсө, ошону аткарууга милдеттүүбүз. Парламент кабыл  алып,  мыйзамдар  күчүнө  киргиче бир жылдай убакыт өттү. Биз ушул мезгил аралыгында даярдандык. Айтсак, бир жыл ичинде 270 судья окуудан өттү. Ошондой эле азыр да ар аптанын жума күндөрү Жогорку сотто видеоконференция уюштурулуп, жергиликтүү сотторго түшүндүрмө берилип жатат.

– Бул кодекстердин мурдагылардан айырмасы эмнеде?

– Баардыгы өзгөртүлдү дегенден алысмын.  Кодекстердеги   бир  топ  нормалар жаңыланды, айрымдары мурдагыдай калды. Кээ бир жоболор жаңыча өзгөртүлдү. Мисалы, Жазык-процессинде эки гана стадия болот. Сотко чейинки өндүрүш, анан соттон кийинки өндүрүш. Сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөл коюлуп, тергөө стадиясына көзөмөл күчөтүлдү. Сот стадиясында дагы тараптарды жараштыра турган жаңы нормалар киргизилген. Мындан тышкары күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташам десе, андай процедурага дагы жол берилген. Бул 5 кодекс иштелип чыгып эле судьялар аны менен иштей баштады деп айта албайбыз. Жумушчу топ кодекстердин долбоорунун үстүндө иштеп жатканда эле алар судьялар менен макулдашып, талкууланган болчу. Ошондуктан, судьяларга бул кодекстердеги өзгөрүүлөр мурдатан эле белгилүү болгон.

– Жаңы кодекстерде коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт кое турган жагдайлар каралды беле?

– Ар бир сот отуруму эми жазылып турат,  тараптардын  катышусу  кеңейтилди. Айта турган болсок, баш коргоо чарасы каралганда мурдагы мыйзамдар боюнча тараптар катышчу эмес, азыр тараптардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Ал эми атаандаштык процесси деп коет, прокурор коюлган күнөөнү далилдөөгө аракет кылат, жактоо жагы аны жокко чыгаруу аракетин көрөт. Ушулар жаңы жоболор менен толукталды.

–  Азыр  коомчулукта  жаңы  кодекстер күчүнө кирери менен айыппулдар  боюнча  каршы  пикирлер жаралды?

– Айыппулдар Бузуулар жөнүндө кодекс менен жөнгө салынат. Бул укук бузуулар сот-то каралбайт. Мисалы, жол эрежесин бузгандарга, мас болуп колго түшкөндөргө жазаны жаңы кодекс боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар карайт. Бирок, ар бир жаран сотко арызданып кайрылууга укуктуу. Ал райондук соттордо эле каралып, кийин даттанылбайт.