Алишер ЖАКЕЕВ, Дастандын атасы: «Уулубузду бутуна тургузуу үчүн, колубуздан келишинче аракет кылабыз»

Дастан Жакеев – Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылынын кулуну. Жаштайынан ат мингенге, күлүк чапканга, өзгөчө көк бөрү тартканга кызыгып чоңойгон кыргыздын намыстуу уулдарынын бири. Соңку жылдары айыл арасында төбөсү көрүнгөн көк бөрүчү катары таанылып, спорт чөйрөсүндөгү өзүнүн чыйыр жолун баштап келаткан. Атын атаса, куту сүйүнөт болуп, жетишкен ийгиликтерин уккан жалпы тууган-уругу, достору ж.б. санаалаштары кубанып, келечектен көптү үмүттөнүп жүрүшкөн. Бирок, Дастандын жарым жан болуп, төшөк тартып жатып каларын эч ким ойлогон эмес… Эске салсак, Д. Жакеев 2018-жылдын май айында Чүй облусунункөк бөрү боюнча чемпиондугу учурунда аттан кулап түшүп, оор жаракат алган. Эки ай бою эс учуна келе албай комада жатып, араң дегенде көзүн ачкан. Ошондон бери абалы оор. Бул кабарды уккан белгилүү көк бөрүчү Манас Ниязов II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасын аукционго коюп, андан түшкөн каражатты, толугу менен Дастандын дарылануусуна жумшаарын айткан эле. Аукциондун жыйынтыгында, улакчынын кийими 80 миң сомго бааланып, аны Руслан аттуу жигит сатып алды. Ал эми М. Ниязов жакынкы күндөрү Дастанга келип жолугуп, убадасын аткарып кетерин билдирди. Дастандын ал акыбалын сураганы үйүнө барганбыз. Өзү жакшы сүйлөй албагандыктан, атасы Алишер Жакеев бизге буларды айтып берди.

– Окуя тууралуу башынан баштап айтсаңыз. Уулуңуз кырсыктаганда ипподромдо сиз да бар белеңиз?

– Ооба, бар болчумун. Атүгүл ошол күнү баламды да, баламдын атын да ипподромго өзүм жеткирип келип атпаймбы. Ушунча болду эми оюнду көрүп кетейин деп калып калгам. Мурда-кийин көк бөрүгө кызыгып, мелдештерин деле көрчү эмесмин. Оюн кызып калган болчу. Уулум улакты эңген бойдон алдыман ат чаап өтүп кеткен. Бир маалда уу-дуу болуп, балдар топтошуп эле: “Бир бала жыгылды”, – деп калышты. Анда деле оюмда эч нерсе жок. Аңгычакты ары жактан: “Дастан экен”, – дегенди кулагым чалды. Ордуман кандай туруп, кандай жеткенимди билбейм. Барсам балам жерде эс-учун билбей, бозоруп жатыптыр. Ошол жерде биздин айылдык жигит жүргөн экен. Анын автоунаасына салып, №4 шаардык ооруканага жетип бардык. Дастанды көрүп: “Бир күн жашаса, анда жакшы”,-дешти.

Кудай колдоп бир түндөн чыктык. Андан кийин: “Эми үч күн жашаса, сактап калууга мүмкүнчүлүк көбөйөт. Жаштыгына гана ишенели. Эгерде 40-45тердеги киши болгондо, мындай травма менен ошол жерден эле кете бермек. Дагы балаңардын организми күчтүү болгон үчүн аман калды”, – деп айтышты. Ошентип, уулум өлүм менен өмүрдүн ортосунда 2 ай кармашты. 2 ай дегенде кичине өзүнө келип, көзүн ачты…

–  Эмне  деген  диагноз  коюшту?

– Биздин врачтар баламды рентгенге тартып: “Эч кандай сынык жок. Ичеги-карындары соо. Болгону баш мээсине доо кеткен”, – дешкен. Алардын айтымында, мээнин ортосундагы кан тамырлар үзүлүп кеткен. Көрсө, мындан сырткарыДастандын моюну, жамбаш сөөгү сынып, далысы чыгып жана кыр аркалары жылышып кетиптир. Биздин дарыгерлер эмнеге аны убагында көргөн жок, айткан жок, түк түшүнбөйм. Ал эми башынан оор жаракат алганы айтпаса деле белгилүү болчу. Себеби, ат оодарылып келип, күү менен баламдын башын басып калган экен.

– Сыныктар бар экенин качан билдиңиздер?

–  Алматыда  иштеген  эжем  келип, эч кандай жылыш жок экенин көрүп, бизди өзү менен кошо алып кетти. Денесиндеги сыныктарды Казакстандын врачтары айтты. Ал жакта 2 ай дарыландык. Кырылдап үнү чыгып, колу-буту кыймылга келип кыйла жакшы болуп калды. Дагы деле жүрө бергибиз келди. Бирок, акча жагынан аябай кыйналып кеттик. Ошентип, кайра Бишкекке келдик. Айылда баланы кароо кыйын болгондуктан, шаардан батирге чыктык. Азыр 15 миң сом төлөп жашап жатабыз.

– Дастан канча жашынан бери ат үстүндө келатат?

– 4-класста окуп жүргөндө: “Ата, тай минет элем”, – дегенинен тай алып бергенбиз. Ошондон бери эле ат үстүндө жүрдү. Кийинчерээк, күлүккө түшүп, көп байгелерге ээ болду. Мектепте окуп жүргөндө эле 5-6 кой утуп келгени эсимде. Андан сырткары, акчалай сыйлыктарды жеңип жүрдү. Кийин байкасам, үйгө Дастанды сурап айылдан, шаардан: “Сенин уулуң атты жакшы чабат экен, уруксат берсең, күлүккө түшүп келсин”, – деп келе башташты. 2012-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышты. Германиядан келгендер иликтеп, сураштырып жүрүп баламды таап келип, бир күлүгүн Дастанга чаптырышкан.

–  Көк  бөрүнү  ойногонуна канча болду эле?

– Ошентип, түрдүү мелдештерге катышып жүрүп 9-класста кезинде улакка түшө баштады. Айыл арасында мыкты оюнчу катары таанылып, беттегенин бербей калды. Бир күнү кошунанын атына кызыгып калыптыр. Апасы экөөбүз урушуп, болбой койсок, бир күн кечке кезерип жатып алды. Акыры ары карап, бери карап атып кошунанын атын алып бергем. 11-класста окуп жүргөндө Кочкорго барып улак тартып жеңиш менен келишти. Айтор бул оюнга баш оту менен кирип, кызыгуусу күндөн күнгө күчөй берди. Ал тургай аскерде кызмат өтөп жүргөндө да, суранып келип улак тартканга жетишип кетчү.

– Кызматты кайсы жактан өтөдү?

– Улуттук гвардияда 1 жыл кызматын өтөп жаңы эле келген. Бир ай боло электе минтип кырсыктап отурбайбы. Азыр аскерге барганга чейинки окуяларды эстейт. Ал эми андан беркилерди билбейт. Айтып берсең деле кайра унутуп калат.

– Эми дарыгерлер эмне деген божомол берип жатышат?

– Дастандын диагнозун травматологиялык инсульт деп коет экен. Денесинин сол тарабы иштебейт. Басмак түгүл, отура да албайт. Моюну сынган боюнча кыйшак бүтүп калган үчүн, башын көтөрө албайт . Бирок, үмүттүн шооласы үзүлбөйт эмеспи. Балабыздын басып кетеринен үмүтүбүздү үзбөйбүз жана ишенебиз. Дарыгерлер деле мүмкүнчүлүк бар  деп  жатышат.  Бирок,  убакыт  ке-ректигин  айтышууда.  Бул  оору  канча мезгилди талап кылса да, акырына чейин чыдап, уулумдун жакшы болуп кетиши  үчүн  колубуздан  келишинче күрөшөбүз.

– Дастанды тааныган, билген улакчылар кабар алып жатышса керек?

– Ооба, келип ал-акыбалыбызды сурап, акчалай жардамдарын берип жатышат. Алыстагы келе албагандар телефон чалышууда. Айтмакчы, мага эки жигит байланышты. Алар да мурда так ушул Дастандай болуп аттан кулап, так ушундай травма алышыптыр. “Балаңыз жакшы болуп кетет, ишениңиздер”,-деп кадимкидей дем-күч берип койду. Ошондой эле, чет жерде иштеп жүргөн мекендештер тынбай кабар алып, колдон келген жардамдарын беришүүдө. Учурдан пайдаланып, биздин балабыздын тагдырына  кайдыгер  мамиле  жасабаган адамдардын бардыгына ыраазычылык билдирем.

Кайдыгер  карабаган калың  элден  Дастанга жардам бе рүүңүздөрдү суранып кетмекчибиз.

АКЧА КОТОРУУ ҮЧҮН: 0500050259 Эл сом.