Китеп текчеңизге: «Адашкандар»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Буюрса, окурмандардын китеп текчелери дагы бир жаңы китеп менен толукталмай болду. Тагыраак айтканда, белгилүү акын, жазуучу жана журналист Жыпар Исабаеванын калемине таандык “Адашкандар” романы (1, 2- тому бириктирилип) кайрадан басылып чыкты.

Автор бул чыгарманы мындан 20 жыл мурун жазган. Ошондой болсо дагы, роман бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой, окурмандардын суроо-талабына ээ болуп келүүдө. Ал тургай буга чейин “Адашкандар” романы окурмандардын буйрутмасы менен алардын алдын ала төлөнгөн акысы менен басылып чыккан учурлар да болгон.

Чыгарма тууралуу эки ооз сөз айта турган болсок, жазуучу жашоодогу алдамчылык, жек көрүү, кыянаттык кылуу, ач көздүк, бузукулук ж.б. терс көрүнүштөрдү чагылдыруу менен, алардын коомго канчалык залакалуу экенин, ошол эле убакта өзүнө да жакшылык алып келбесин чагылдырып берген.

Ошондой эле, аталган романдын негизинде кино режиссер Т. Бирназаров “Баарын кайрадан баштайлычы” аттуу көркөм тасма тарткан. 2017-жылы Ж. Мырзабекованын режиссерлугу менен КТРКнын Кыргыз радиосунда 78 бөлүмдүү радио-сериал болуп коюлган. Өткөн жылы дал ушул чыгарма боюнча режиссер Ырыс Окенова 23 сериядан турган “Акшоола” аттуу телесериал тартты. Кино коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, жакшы пикирлерди жаратты.