Мирлан Самыйкожо 10 жыл мурда «соттолгон»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында, акын Мирлан Самыйкожонун “Ызгаардагы ыр” аттуу позия кечеси болуп өттү. Бул кечти поэзия сүйүүчүлөрү көптөн бери күткөн беле, же акындын өнөрүн баалаган, талантын сыйлаган күйөрмандары ушунчалык көп беле, айтор эл залга батпай калды… Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Баарыбызга маалым болгондой экс-президент Роза Отунбаева эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон акындарга колдоо көрсөтүп, алардын кечелерин өткөрүүнү улантып келет.

Эске сала кетсек, акындын чыгармачылык кечеси мындан туура 10 жыл мурун КТРКнын кичи залында өтүп, ошол күнү баш кошуп той берген экен. Дал ошол күнү сүйүктүүсү менен тааныштырып, калың элдин батасын алыптыр. Башкача айтканда, Мирлан Самыйкожо мындан 10 жыл мурда “соттолгон” экен. “Мен 10 жыл мурда соттолгом. Ошол бойдон соттоло элекмин”, – деп тамашага салып, жубайына арнаган ырды окуп берип, залдагыларды бир күлдүрүп алды. Ал эми бул жолку чыгармачылык кечесинде уулу менен кызын тааныштырды. Алар да атасынан кем калышпай ыр окуп беришти.

Акындын ырларын А.Туткучев баштаган  төкмө  акындардан  тартып  А.Исмаилов, А.Дооронбеков, Ж.Керимбаев, А.Кубанычбеков  сыяктуу  жаш  акындар көркөм окушту. Ошондой эле, “Баластан”  каналынын  жеткинчектери  да коштоду.

Поэзия майрамына келген Р.Отунбаева өзүнүн сөзүндө Мирлан Самыйкожонун кечеси бөтөнчө кызыктуу жана көркөм өткөнүн  белгиледи  жана  акынга  Фонд уюштуруп  келаткан  поэзия  кечелерин дайыма  жогорку  деңгээлде  алып  барып жүргөндүгү үчүн терең ыраазылы-гын билдирип: “Мирлан анык акын. Мен аны азыр мөлтүрөп бышкан жүзүмгө са-лыштырып жатам. Эмнеге дегенде жүзүм – жердин, суунун, күндүн жемиши экен. Мирландай  болгон  акындарыбыз  барда, кыргыз эли эч качан жоголбойт”, – деди.

Андан сырткары, Жогорку Кеңештин вице-спикери  Аида  Касымалиева,  ЖК депутаттары Садык Шернияз, Каныбек Иманалиев Самыйкожонун ырларынын жалындуу, мекенчилдик маанисин белгилеп, акынга чыгармачылык ийгиликтерди  каалашты.  КР  Эл  акыны  Анатай Өмүрканов М.Самыйкожонун төрт туягы бирдей туйлаган күлүк акын экендигин баса белгиледи.

Акындын кечесин таланттуу обончулар Түмөнбай Колдошов менен Кубаныч Алиев коштоду. Алар М. Самыйкожонун сөзүнө жазылган ырларын аткарып беришти. Ал эми “Ызгаардагы ырларды” укканы келген меймандар акынга рахмат айтып, дүркүрөгөн кол чабууларын, куттуктоолорун аяган жок.