Талапкерге тактама суроо: Алганыңыз 5 пайыз, бергениңиз 19! Мунуңуз сүткорлук эмеспи?

 

 Ушул күздө өлкөбүз жаңы журт башчысын шайлайт. Тагдыр чечүүчү ушул күндөрү ар кимибиз ойго батып, талапкер болуп талпынгандардын артыкчылыгы менен кемчилигин тараза ташына салып аткан учурубуз. Эртең өлкөнү башкарам деген адамдарга  кайрылып, күмөн туудурган күбүр-шыбырлар боюнча ачык сурообузга так жооп алуу максатында “Тактама суроо” рубрикасын баштап ийдик. Сөз атасын өлтүрбөй, берчү сурообузду убагында берип калалы эле деген ой. Анда эмесе, биринчи каарманыбыз “Республика –Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго назар салалы.

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович, күздөгү президенттик күрөшкө чыкчу салмактуу саясатчылардын бирисиз. Сизден бийлиги дагы, оппозициясы дагы чочулап турганын кайсы бир маалымат булагы жазыптыр. Чынында эле алдыдагы аламан байгеде оозунуп чыкчулардын бирисиз. Бирок артыңыз деле анчейин таза эместей. Сизге чаптала жүрчү “ташталган Ташиев”, муңайымга салган “мунай аткезчилиги”, өз агасын агалабай, башка жакты сагалаган “Пенза цемент заводу”, премьерлик туурдан алып түшкөн “тулпар чатагы” сыяктуу “жарлыктарды”  жаба туруп, жапжаңысынан баштоону эп көрдүк.

Жаз айынын алгачкы күндөрү Жогорку Кеңештин маалымат залынан жыйын өткөрүп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жакын тууганыңыз 17 миллион доллар насыя алганын, ал акча Бишкектин чок ортосундагы “Азия молл” соода борборуна жумшалып жатканын өзүңүз айткансыз. Бирок ал “жакын тууганыңыз” Сиздин жубайыңыз Рита Бирбаева экени ачыкталган. Демек, “Азия Молл” Сизге таандык деп билебиз. Ушунудан улам төмөндөгү суроолор жаралууда. Жогорудагы соода борбордун курулушуна алынган жеңилдетилген насыяны алууда депутаттык мандатыңыздын жардамы тийдиби? Сизге таандык “Кыргызстан” банкы насыяны 19 пайыз менен берет экен, Сиз 17 миллион долларды 5 пайыз менен алыпсыз? Ушул аракетиңиз адилдеттикке жатабы? 17 миллион доллар оңой-олтоң акча эмес. 5 пайыздык насыяны жеке менчик банкыңыз аркылуу элге 19 пайыз менен берип аткан жоксузбу?