«Энелик үмүтүм жалгыз Сизде, урматтуу Президент»

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго Баткен шаарынын А.Орозбеков көчөсүндөгү №14 үйдүн жашоочусу Абдрашитова Гүлбарадан

Урматтуу Президент, менин сизге кайрылуумдун себеби Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу балам Калыков Мелистин эч бир тиешеси жок окуя тууралуу баян кылгым келет. Менин балам Калыков Мелис ошол учурда Баткен облусунун УКСтун начальниги болуп иштеп турган. Балам Мелис 17-ноябрь күнү саат 10.00дө «прокурорлор менен тоого ууга чыгабыз» деп үйдөн чыгып кеткен, бул чындык сөз.

Менин балам Калыков Мелисти издеп, окуя болгон күнү 2018-жылдын 17-ноябрында кечки саат 20-00дөн баштап, мас абалындагы Баткен облусунун прокурорунун орун басары Байбосунов Арслан, Баткен районунун прокурору Калыбеков Мирлан, облустук прокуратуранын бөлүм башчылары – Уланбек Эгембердиев жана Алтынбек Кожоназаровдор кир буттары менен үйгө кирип келишип, менин балам Калыков Мелисти сурап кетишти. Мелис алар келген учурда үйдө жок болчу. Экинчи жолу дагы эле ушул курамдагы прокурорлор жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен 7-8 киши кечки саат 21.00 чамасында келишти. Алар дагы келип менден сураганда мен «Мелис үйдө жок» деп жооп бердим.

Балам Мелис болсо саат 22.30 чамасында үйгө келип, ваннага кирип, колун жууп жаткан мезгилде, алар кайра үчүнчү жолу келди. Келип, балам Мелисти тышка алып чыгып жакасынан кармап уруп, жулкулдатып «сен каякта жүрөсүң» деп айтканда, балам «мен силер менен чогуу ууга барганмын, силер менен чогуу арак ичпедикпи, чогуу силер менен кайра келбедикпи» деп алардын суроосуна улам жооп айтып жатты. Балам Мелис, келген прокурорлор дагы бардыгы өтө мас абалда болушкан эле. Баткен облусунун прокурорунун орун басары Байбосунов Арслан болсо, балам Мелисти кучактап алып кайрылып, кулагына шыбырап «сен мойнуңа ала бер, биз сени куткарып алабыз, мойнуңа аласың, үй-бүлөңдү ойло» деп коркутуп кулагына кайра-кайра айтып жатты. Мен алардын ушул абалынан кийин, бир нерседен кооптонуп баламдын жанынан чыкпай акмалап, тынчсызданып, алар менен чогуу ары-бери басып тызылдап «Булар бир нерсе болгон го» деп өзүмчө ойлонуп алардын айткан сөздөрүн акмалап жаттым.

Андан кийин Баткен облусунун прокурорунун орун басары Байбосунов Арслан Баткен районунун прокурору Калыбеков Мирланга карап, «Мелисти кармадык, эми өлүккө барсаң болот» деп айтты. Өзүнүн айтканын өтө мас абалда болгондуктан, өзү да сезген жок. Ошондон кийин Мелисти машинага салып, алып кетип калышты, мен «каякка алып барасыңар» деп алардан сурасам, мага жооп бермек турсун, үн да каткан жок.

Мелисти алып кеткенден 3 сааттан кийин түнкү саат 01.00дон өткөндө биздин үйгө тинтүү үчүн прокуратуранын санкциясын көрсөтүп тинтип кетишти.

18-ноябрь түнкү саат 04-00 чамасында келиним Ами-рова Гулбарчынды сурак берүү үчүн шаардык ички иштер  бөлүмүнө  алып  кетишти.  Келинимди  саат  05-00 чамасында кайра үйгө алып келишип, үйдө турган келинимдин  машинасын  «Биз  арест  катары  алып  кетебиз» деп алып кетишти, бирок, ал «Хонда» машинанын арести туу ралуу  прокуратуранын  санкциясын  көрсөтүшкөн  да жок.

Ошол учурда мен келиним, туугандарымдын ичинен кайним Турдубаев Эркин Калыкович, облустук прокуратурада зав.канцелярия болуп иштеген Акмат кайнимдин баласы Азамат дагы бар болчу. 18-ноябрь күнү таңкы саат 04.00дө суракка барган келиниме дагы балам Мелисти көрсөтүшкөн эмес.

Балам Мелиске жактоочуну 19-ноябрь күнү күндүзгү саат 16-00дөн кийин таап жибергенбиз. 2018-жылдын 17-ноябрь күнү саат 22:30 чамасынан баштап 19-ноябрь күнү күндүзгү саат 16-00 гө чейин жактоочусуз облустук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө же облустук прокуратура бөлүмүндө отурганы бизге белгисиз боюнча калды. Балам Мелисти бизге такыр көрсөтүшпөдү. Азыр Ош облусунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармалуу жайында отурат.

Экинчи адвокат Оштон келгичекти балам Мелисти бизге такыр көрсөтүшкөн жок. Экинчи жолу Оштон келген адвокат арыз жазып, талап кылганда гана Мелис ИИБнын убактылуу кармоочу жайында экени белгилүү болду.

Ушундай бир суткадан ашык балам белгисиз кайда жатканы билинбегендиктен, экинчи жолу Оштон келген адвокат Баткен райондук прокуратурага арыз менен кайрылса, адвокатсыз эле токтом чыгарышып, «даттануу арыз канааттандырылбасын» деп чечим чыгарышкан. Адвокат «Эмне үчүн менсиз эле чечим чыгарып койдуңар» десе, «силердин телефонуңарды таппай койдук» деп жооп кайтарган. Ал эми адвокаттын сотко берген даттануу арызында 3 телефо-ну бар болчу.

Адвокат дагы экинчи жолу даттануу арызын бергенде сот отуруму 18-30та башталып, балам Калыков Мелисти сот отурумуна алып келбестен туруп, «өндүрүштөн кыскартылсын» деген чечим чыгарышкан. Адвокат ИИБнын тергөөчүсү Абил Алибаевге 18 саат ичинде эмненин негизинде «бул баланы эмнеге кармап, эмненин негизинде отургузасыңар» десе, «ал үйдөн өзү келген, эки сааттан кийин эшикке чыгарып койсок, өзү кеткен эмес» деп жооп берди.

Анан дагы адвокат Баткен шаардык ички иштер  бөлүмүнө,  «эмненин  негизинде  кармадыңар» десе  «ДТПнын  негизинде  кармадык»  деп  каттоо журналынын  копияларын  бергенде,  бардык  каттоо  журналынын  убакыттары  оңдолгон  болуп чыгат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз Президенттик кызматка келип иш баштагандан тартып, жакшы башкаруу саясатын баштадыңыз. Ал саясат менен коррупциянын бардык түрлөрүнө каршы чечкиндүү кадам таштадыңыз. Бул саясатыңызды жалпы кыргыз эли жапа тырмак колдоп жатышат. Ушул саясатыңызды мындан ары чечкиндүү түрдө улантып, аягына чейин чыгышыңызга чын жүрөктөн тилектешмин. Эми менин сизден эне катары, ушул башталган кырсыктуу окуяны аягына чейин адилет чечип, туура чечим чыгарттырып берүүңүздү суранам. Менин балам кенедей да күнөөлүү эмес, мен бул сөздү чечкиндүү ишеним, энелик мээрим менен сизге билдирип жатам. Эгер ушул менин суранычымдан туура чечим чыгарып берсеңиз, мен өмүр бою кыргыз элибизге чыныгы мекенчил, экинчи Раззаковдой болгон эл башкаруучусу келген экен деген ойдо калам жана ал ишенич, жеке эле менин эмес, менин туугандарым, куда-сөөктөрүмдөн өйдө эстеринде калат.

Ушул биздин үй-бүлөлүк каргашалуу окуядан кийин жолдошум Калыков Буркан инфаркт болуп жүрөгүнөн 2018-жылы 15-декабрда операция болду. Биздин үй-бүлөбүздө мындай окуя такыр болгон эмес. Баламдын эч кенедей күнөөсү жок, күнөөлүүлөр ушул уюштуруучулар деп ойлойм. Логикалык жактан ойлосо да түшүнүктүү, окуяны толугу менен булар жаап-жашырып жатышат.

Мен көзүмө ый аралаштырып, жүрөгүм сыздап, ичим уйгу-туйгу болуп, эртеңки жашоонун ачык күнүн сиздин эбегейсиз чоң жардамыңыз менен көрөм го деген энелик үмүт менен жаздым. Ушуну туура чечтирип, күнөөлүүлөрдү таптырып, акыйкаттыкты толугу менен ордуна коюп, эл ишени-мине күндөн-күнгө сүңгүп кирип кетишиңизди чын жүрөктөн каалап, жалгыз баламдын ушул каргашалуу окуясы тууралуу кайрылууну Сизге жолдодум!

Арызга соттордун айрым токтомдору, адвокаттын датта-нуу көчүрмөлөрү ж.б. документтер тиркелди. Урматтуу Сооронбай Шарипович, бул кайрылуу арызын өз колум менен, болгон окуяга күбө катары туура жаздым. Урматтуу Президент ушул окуянын чындыгын Сизге жеткирүү үчүн мени жана кызымды жеке кабыл алууңузду өтүнөм!

Арыз ээси эмгек ардагери Гүлбара АБДРАШИТОВА