Аба жолуна асмандаган билетер

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Гезитибиздин буга чейинки санында “Улуттун жүзү болор авиакомпания түзө алабызбы” деген макала жарыяланган. Анда “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын учурдагы абалы жана жеке менчик авиакомпаниялар саткан билеттердин туруксуз баасы жана алар аба мейкиндигин колдонууда ижара төлөшөбү деген маселелерге токтолгон элек. Теманы улай бул тармакта көптөгөн жылдар бою текшерүүчү болуп иштеп, учурда эл аралык авиакомпаниялар менен биргеликте ишмердигин жүргүзүп келаткан “ТадморТур” ЖЧКсынын директору Сүйүмбү Токтогулованы кепке тарттык.

– Сүйүмбү Ибраимовна, эл аралык жана ички каттамдар боюнча тынымсыз  ишмердүүлүгүн  жүргүзгөн кайсы авиакомпаниялар бар?

– Ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келаткан бир нече чет элдик эл аралык авиакомпаниялар бар. Алар: “Аэрофлот” “Уральские Авиа линии”, “S- 7”, “Эйр Астана”, “Узбекха-вайоллары”, “Эйр Туркменстан” ж.б. Кыргызстандын өзүндөгү мамлекеттик авиакомпаниялар дээрлик жок болуп калды. Себеби чет өлкөлүк ири авиакомпаниялар менен болгон атаандаштыкка туруштук бере албады.

Кайсы жерде мамлекеттик ишкана болсо ал жерде уурулук көп болот. Жеке менчик болуп, адам өзүнө иштегенде гана уурулук болбойт экен. Анткени жеке менчик болсо ал авиакомпаниянын жетекчиси каражат табуу, элди тейлөөнү жакшыртуу үчүн бардык аракетин жасайт. Учурда жеке менчик компаниялардын арасынан таасирдүүлөрү “АвиаТрафик” жана “ТеzJет” авиакомпаниялары, булар элди тейлөөдө жогорку сапатты камсыздай алышат, андыктан аларга элдин ишеними артты. Бул эки авиакомпания тең бир эле адамга караштуу. “ТеzJет” ички каттамдарга жүргүнчүлөрдү ташыса, “АвиаТрафик” ички эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлейт. Мындан сырткары “Пегасус” (Эйр Манас) авиакомпаниясы ички каттамдарды тейлейт, бирок акыркы мезгилдерде ал да каттамдарын азайтты.

– Билеттердин баасынын туруксуздугу эмнеге байланыштуу жана ички, тышкы каттамдарга коюлган бааларды ким көзөмөлдөйт?

– Биздеги авиакомпаниялардын каттамдарга койгон баалары ар кандай. Өзгөчө ички каттамдардагы Бишкек-Ош, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Исфана боюнча билеттердин баалары чындыгында эле жогору коюлган, мындан сырткары ал баалар туруктуу эмес. Мисалы Анталиядан Стамбулга чейин учуп келиш үчүн 1200 сом төлөнсө, биздин ички каттамдарда 4 000 сомго учушат, кээде баасы 7 000 сомго чейин көтөрүлгөн учур-лар бар. Майрамдарда арзандатуу болбостон тес керисинче, кымбаттайт. Зарыл учурларда билеттин кымбаттыгына карабай аргасыздан учканга туура келет. Майрам күндөрүн пайдаланып,  ошондон  да  акча  жасоону көздөшөт.

Кээде алдын-ала сатылган билеттер кымбат болуп калган учурлар да болот. Эгер, учакка жүргүнчүлөр толбой калса, учарга жакын билеттин баасын арзандатып сатышат. Мындан улам жүргүнчүлөр арасында нааразычылыктар келип чыгат. Ошондой эле бир каттам боюнча, ар кайсы авиакомпания бааларды ар башка коюшат. Биринде билеттер кымбат болсо, биринде арзан сатылат.

Ал эми тышкы каттамдарга сатылган билеттердин баасындагы айырмачылык учактагы класстарга жараша болот. Мындан сырткары билет сатып алган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн сайын билеттин баасы жогорулайт. Жеке менчик авиакомпаниялар билеттин баасын өзүлөрү белгиленген тарифте бекитишет. Бирок билеттерге карата коюлган тарифти антимонолия кызматы көзөмөлгө алышы керек. Кээ бир учурда каттам боюнча бир эле учак болсо, анда билеттин баасы кескин жогорулайт. Жүргүнчүлөр ал коюлган баа менен учууга аргасыз болот. Азыр “Эйр Кыргызстандын” учактары учпай калып, атаандаштык болбой, мындан улам да билеттер кымбаттап жатат.

– “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын банкроттук абалга жетишинин себеби эмнеде?

– “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын ичинде менчик туунду ишкана түзүшүп, ал жактан аябай акча жегендер болду. Ошол эле туунду ишканада кардарларды тартабыз дешип, өзүлөрү каалагандай, өтө төмөн баада билеттерди сатышты. Көзөмөл болбогондуктан кассирлер эрежелерди сактаган жок. Документтердин баары жок болуп кеткендиктен муну азыр далилдеш кыйын. Себеби авиа билеттер үч жыл эле сакталат. Билеттерди кайтаруу, айыппул дегендердин баары бирөөлөрдүн эле чөнтөктөрүнө кетти. Ал туунду ишканадагылардан башка жеке менчик авиакомпаниялардын кассаларынан билеттерди сатып алып, андан пайыз алып отургандары да болду.

– Мамлекеттик авиакомпаниянын инвесторлорго сатылышына кандай карайсыз?

– Учурда “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын акциясын инвесторлорго сатуу каралып жатат. Менимче бул авиакомпания мамлекеттин карамагында калса жакшы болмок. Бирок каржы жагы кыйыныраак болуп жатат. Эгер кытай жараны инвестор болуп кала турган болсо, ага эл каршы болушу да мүмкүн. Ансыз да эки элдин ортосунда от тутандыргысы келгендер пикеттерди уюштуруп жатышпайбы. Стратегиялык объекттерге аяр мамиле жасообуз керек. “Эйр Кыргызстан” – мамлекетибиздин жүзү. Чет элдик жарандар учакты тейлеген кыргыздарды көрүп, кыргыздар ушундай экен деген жакшы ойдо калыш керек. Аны менен биз өзүбүздүн маданиятыбызды көрсөтө алабыз. Эгер, кытай инвесторго берсек, ал Кыргызстандын жүзүн кандай көрсөтөт? Мунун өзү чоң суроону жаратат…