Начар чиновникке жакшы мыйзам жардам бере албайт

Кайсыл тармак болбосун, ага сөзсүз туура, адилеттүү башкаруунун таасири өтө маанилүү жана орчундуу. Бардык реформалардын башатында жетектөөчү жана алдыга сүйрөөчү күч – бул мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү бийликте иштеген кызматкерлер өздөрүнүн чечүүчү ролун көргөзүп, ээлеген ордун тактабаса, эч кандай реформа алдыга жылбайт. Ал реформа сот системасына, экономика тармагына, же башка тармакка тиешелүүбү, айырмасы жок.

Муниципалдык жана мамлекеттик кызматта топтогон тажрыйбама таянсам, аталган чөйрөдө кызматкерлердин күнүмдүк функционалдык милдеттерин так аткаруу негизинен чечүүчү жана басымдуу ролду ойнойт.

Бул маселени кароодон мурда бүгүнкү абалга көз жүгүртсөк жаман болбойт. Ачык айтканда, азыркы учурда орун алган аппарат – бул көлөмү боюнча бир топ, мобилдүү эмес, аз айлык маянасы жана социалдык жактан төмөн камсыз болгон структура катары мүнөздөлөт. Анын үстүнө ошол жана башка объективдүү жана субъективдүү себептердин натыйжасында, чиновниктердин өздөрүнүн тикедентике милдеттери-не талаптагыдай кызыкчылыгы жок, кала берсе келечекке ишеничтүү эмес. Албетте, мындай абал бир эле күндө түзүлүп калган жок. Бирок, түзүлгөн система кайра-кайра ошондой кадрларды даярдап, жемкорлуктун себептери да төмөндөбөй келе жатат жана ал тууралуу биз жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп-билип жатабыз.

Бирок, ошондой болду эле деп колду куушуруп отурган болбойт. Президент С.Ш.Жээнбековдун жаңыланууга кабыл алынган курсу элдин үмүтүн кайра жандандырып, жаңы күтүүлөрдү жаратты. Ошондуктан азыркы учурда борбордо жана аймактарда жаңы эффективдүү команданы түзүү жана алар аркылуу жашоонун бардык чөйрөсүндө реформаларды жасоо күн тартибиндеги кечиктирилгис маселеге айланууда. Бул маселе тууралуу Германиянын мурдагы канцлери Отто фон Бисмарк мындай деп айтып кеткен: «Жаман мыйзамдар жана жакшы чиновниктер менен өлкөнү башкарса болот. Бирок чиновниктер начар болсо, эч кандай жакшы мыйзамдар жардам бере албайт». Жаңы муундагы башкаруучуларды даярдоо үчүн прогрессивдүү ой жүгүрткөн, креативдүү жаштар менен бирге тажрыйбалуу, такшалган, башкаруу системасын өздөштүргөн кадрлардын потенциалын пайдаланса иштин жыйынтыгы оң болот деген бекем ишеним бар.

Жергиликтүү башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарына бир топ учурларда даярдыгы төмөн кадрлардын келиши жашыруун эмес. Анысы аз келгенсип айрым вакансиялар толбой калууда. Себеби эмнеде? Айлык маянасы аз, социалдык жактан коргоо маселеси тийиштүү деңгээлде чечилген эмес. Албетте, кандай шарт түзүлсө, жыйынтыгы да ошондой болот. Ал үчүн аны оң жолго коюу максатында кадрлардын айлык маянасын жогорулатуу, штаттарды оптималдаштыруу, жаштарды үйрөтүү жумуштары сыяктуу маанилүү иштер турат. Мамлекет, тийиштүү органдар ал маселени көңүлдүн борборуна алып кескин чараларды көрбөсө, ал татаалдашып кете берет. Мисалы, ошол эле банк системасында, бейөкмөт уюмдарында, бизнесте эмгектенген кызматкерлердин аткарган жумуштары бир топ эффективдүү, себеби аларга тийиштүү деңгээлде айлык маянасы берилет жана социалдык жактан бир катар жеңилдиктер каралган.

Жогоруда аталган жумуштарды аткаруу максатында бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Алар: административдик-аймактын реформаны жүргүзүү жана анын негизинде орун алган штаттарды оптималдаштыруу. Андан тышкары тийиштүү шарттарды түзүп берүүнүн натыйжасында жаш, келечеги бар, иштеп кете турган кадрлар менен бийлик органдарын толуктоо.

Бирок, жаштардын келиши менен алардан иш билги башкаруучуларды же заманбап тил менен айтканда менеджерлерди даярдоо маселесин чечип кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Аны кантип чечсе болот?

Алдыңкы жогорку окуу жайлардын базаларында кадрларды даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарды ачуу туура болот. Конкурстан өткөн кызматкерлерди үч ай мөөнөт ичинде бир айлык даярдоо курстарынан өткөрүү зарыл. Ал жерде теоретикалык билимдерди, практикалык ыкмаларды, маалымат технологиялардын негиздери тууралуу даярдыктарды бериш керек.

Ар бир кызматкердин карьералык өсүшү жетекчиликтин, керек болсо бул маанилүү жумуш мамлекеттик кадр кызматынын көзөмөлүндө болсо, ишке оң натыйжасын тийгизет. Жадагалса ар бир кызматкер тууралуу маалымат банкын түзүү туура болот. Анда алардын ар кайсы тепкичтерде иштегени, алган алкыштары сыяктуу керектүү маалыматтар менен толукталып турса.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жер-жерлердеги жетекчилердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесин чечип кетүү учурдун талабы. Азыркы учурда орун алган практика жетекчилердин функцияларын толук өлчөмдө ишке ашыруусуна тоскоолдуктарды жаратат. Мисалы, шаардын мэри мамлекеттик структуралык бөлүмдүн жетекчисине аны жумуштан бошотуу же болбосо бекитүү наракта турсун, дисциплинардык жазаны колдоно албайт. Сунуш: министрлик, же болбосо ведомство тармактын саясатын иштеп чыгып аны жүзөгө ашырса, ал эми жергиликтүү бийликке жетекчилерди тандоо жана бекитүү жумуштарында укуктары кеңейтилсе.

Коюлуп  жаткан  милдеттер  жана  учурдун  талабы  – жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин штаттык бирдиктерди тескөөдө, кол астындагы кызматкерлердин эмгектик жана социалдык мотивацияларын көтөрүүдө ыйгарым укуктарын кеңейтүү.

Аталган  маселелер  бат  жана  оң  жагына  чечилсе, эффективдүү аппараттын түптөлүшүн камсыз кылат жана ал аркылуу Президент С.Жээнбековдун «2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялаган жарлыгын ийгиликтүү турмушка ашырууга өбөлгө түзөт.

Жогоруда аталган жарлыкты аткаруу максатында электрондук документ жүргүзүү, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү маселелери турат. Анын натыйжасында калкка жана бизнеске тез жана жөнөкөй жол менен кызматтарды көрсөтүү, жарандарды өзүн-өзү тейлөө процесстерине катыштыруу, элдин технологиялык сабаттуулугун жогорулатуу, шайлоочулардын активдүүлүгүн көтөрүү маселелери оң жагына чечилип, мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын жүргүзгөн иштеринин эффективдүүлүгүн арттырууга жана жемкорлуктун деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзүлөт.

Адилбек КЫПЧАКОВ, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы