Майдаланган маданият, наркы кеткен нааразычылыктар

Шабдан АЫБЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”

21-январда мамлекеттик цирктин кызматкерлери митингге чыкты. Алардын талабы – гимнаст Аида Акматованы жетекчиликке коюп берүү экенин билдиришти. Акцияга чыккандарды Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабыл алды. Министр жетекчилик кызматка дайындоо үчүн ага талапкер болгон адам кандайдыр критерийлерге жооп бериш керек экендигин билдирди. Белгилей кетсек, айрым жетекчилик же мамлекеттик кызматтарга баруу үчүн ошол тармакта 3-5 жылга чейин иштеши керек деген критерийлер бар.

Кадр тандоодогу ката, сыймыгы жок сыйлыктар

Бирок ошол критерий менен келген жетекчилер деле эч нерсени кыйратпаганына күбө болуп келебиз. Дегеним, ошол эле циркке мурда укук коргоо жаатында эмгектенип келген адам жетекчи болуп, 14 жылда аталган маданият мекемеси «мышык ыйлаган» абалга келип калганын баарыбыз билебиз.

Эсиңиздерде болсо, мындан бир нече убакыт мурун ырчы Самара Каримованын музыкалык мектептин жетекчилигине сунушталганы эсибизде. Андан мурун Оштогу музейдин жетекчилигине дайындалып, кийин коомчулуктун сынынан улам,  ал  кызматтан  кетүүгө аргасыз болгон. Самара Каримова таанымал болгону үчүн коомчулукка ачыкталып калды. Ал эми белгилүү эмес болгон канча кадр жогоруда айтылган цирктин жетекчисине окшоп, “маданияттын чалмакейин чалып” жатат ким билсин?

Баса, азыркы маданият министри  Азамат  Жаманкулов жаңы  дайындалып  келгенде эле “мага сыйлык сурап келбегиле. Келсеңер идея менен келгиле” деди. Ал эми андан мурдагы министр раматылык Султан Жумагулов, министрге чапан, калпак белек бергенди токтоткула деген таризде айтканын билебиз. Мындан улам, маданият министрлигине белек тартуу кылып, сыйлык сураганы эле барып калышкан окшойт деген логикага такаласың. Мамлекеттик кызматкерге белек берүү пара берүүгө тете экенин эске алсак, сыйлык берүү чоң коррупцияга айланганын боолголоого болот.

Коомчулукта татыктууларга сыйлык берилбей келе жатканы айтылып эле келет. Чынында бир канча жылдан бери сахнада жүргөн инсандардын быйыл араң сыйлык алып жатканын көрүп, таң калгандар да болду. Ар ким эле алып жаткан сыйлыкты алар эбак алып коюшса керек деп ойлоп жүрсөк, эми араң алып жатышабы деп ачык эле кубангандарын жашырбагандар көп болду.

Ырынан чыры көп цирк, министрге коюлган доомат

Цирктин көйгөйү анын жетекчиси кетип калгандан кийин эле бүтүп калган жок. Дегеним, өткөн аптада цирктин кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгып, алар сунуштаган Аида Акматованы жетекчилик кызматка коюп берүүсүн талап кылышкан. Эгерде бул талап ишке ашпаса 35 кызматкер жумуштан арыз жазып кете турганын билдиришкен.

24-январь күнү мамлекеттик циркке мурда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеп кеткен Фархат Бекмамбетов дайындалганы белгилүү болду. Андан көп өтпөй эле маданият министри Азамат Жаманкуловдун үнүнө окшош адам мамлекеттик цирктин жетекчилигине тийиштүү адамды “түртмөлөө” туура эмес боло турганы, аны жаңы жылдан кийин кылуу керек экендиги жазылып калган аудио тарады.

Министр Жаманкулов бул аудиодогу үн аныкы эмес, ал жалган экенин айтып, бул ошол нааразы болуп, иштен кеткен цирктин кызматкерлери кылган иш болушу мүмкүн экендигин божомол кылды. Анткени министрдин айтымында алар колдогон адам келбей калса, министрге карата маалыматтык чабуул уюштура тургандыгын айтышкан. Ошондой эле Жаманкуловго нааразы тараптын адамдары цирктин жетекчилиги кызматы үчүн “берчүсүн берели” деп, пара сунушташканын ачыктады.

Учурда  жаңы  дайындалган  цирктин  жетекчиси Фархат Бекмамбетов кызматкерлер мененсүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирүүдө. Ушул жерден мыйзам ченемдүү суроо туулат. Ошол цирктин кызматкерлери имараттын айланасы кафе, дүкөн болуп жатканда эмнеге арызын жазып кетип калышкан жок? Анткени, ал жерде маяна деле жыргатып жибере тургандай деле эместей.

“Бульвардык прессанын” маалымат булагына айланган маданият өкүлдөрү

Маалымат айдыңында “бульвардык пресса” деген түшүнүк бар. Алар таанымал адамдын жеке жашоосу, ал тургай төшөгүнө чейин киришип, ошол тууралуу маалыматтарды таратуу менен окурмандарды өзүнө тартат. Алар журналисттик этика дегенди уруп ойнобойт. “Зрелище и хлеба” деген орустардын сөзү бар эмеспи. Акыркы учурда дал ушул сыяктуу абал орун алып калды. Маданият жаатында ким ажырашты, ким мушташты ж.б. Ал эми дайыма эле ызы-чуу менен коштолгон окуялар толо болгондуктан “бульвардык пресса” иши жок кала элек. Маданият өкүлдөрүнүн эки-экиден чачташып, бири-биринин кемчиликтерин чукуп жатканы коомчулукта арты-артынан талкууга түшүүдө.

Коомчулук талкууга алган маданият кызматкерлери эле эмес, маданият имараттарында болуп жаткан дагы иштер болууда. Жогоруда цирктин “итбалдайы” чыкканын айтпадыкпы. Андай нерсе башка маданият имараттарында да болуп жатат. Алсак, опера жана балет орусдрам театрында “Дота” оюну боюнча чемпионат өткөнү социалдык тармактарда талкууга түштү. Белгилеп коюу керек. Чынында “Дота” оюну мындан бир канча жыл мурун чиновниктин баласынын туулган күнүн ушул иммараттын ичинде өткөргөнүнө салыштырмалуу эч нерсе эмес.

Анын үстүнө ал иш чарада эч кандай экстремисттик же порнографиялык ж.б. мыйзамга каршы келген нерсе жок. Ал болгону дүйнөдө абдан кулачын жайып кеткен кибер-спорт. Ижарасын алып, иш чараны өткөрө берсе, баарына жакшы. Театрга пайда түшүп калат, чемпионат да өтүп калат. Мындай алганда нааразы боло турган эч нерсе жоктой, а бирок театр пайданы имаратты ижарага берүү менен таап калганы өкүндүрөт. Анан пайданы кайдан табат? Билеттер сатылбайт, эл кирбейт деген сыяктуу шылтоо жарабайт чыгар. Мындан бир канча жылдар мурун эл турмуш начар кезде, адамдар театр тургай курсагынын камын араң көрүп калган учурда мейли эле.

Бүгүн жашоо турмуш аз да болсо жакшырып калды. Кызыктуу иш чараларга билет алып, барып эле жатышат. Демек, элди кызыктыра тургандай жаңы эч нерсе ойлоп табышпаган театр кызматкерлеринде күнөө бардай бул жерде…

Маданият  тармагындагы  айрым  окуяларга коомчулук нааразычылыгын билдире берип, көнүмүш адатка деле айланып калды. Негизи коомчулук нааразы болот экен деп, бир жасалган иш экинчи кайталанбашы керек эле. А бирок бир адам кайра-кайра кызматка дайындала берсе, бир имарат улам-улам ижарага бериле берсе, нааразычылыктардын деле наркы кетип калгандай түр калтырат экен.