31-январга карата аба ырайы

31-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, карга айланат, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ысык-Көл облусунда жана өрөөндөрдө кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын темперутарасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Бишкекте жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы -1…-3 градус суук, күндүзү 1…3 градус болот.