Керим Турапов Опера жана балет театрына директор болуп дайындалды

Турапов Каримберди Ырысалиевич А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Премьердин дагы бир буйругу менен, бул кызматты аркалап келген Осмонов Болот Салбарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин опера жана балет театрында «Дота» оюну юоюнча турнир өткөргөндүгү коомчулукта талкуу жараткан болчу.