Алтынбек Сулайманов: «Конституцияны өзгөртүү туура эмес»

Ушу тапта Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Анын артында кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүп турат. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, баш мыйзам 9 жолу өзгөртүлгөн.

Дагы качанга чейин баш мыйзамды өзгөртө беребиз деп суроо салган Сулайманов Буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөрдүн баары бир эле максатты – бийликтин рычагын бекемдөөнү көздөп келгендигин билдирди. Ошондой эле депутат мунун натыйжасында эки жолу революция болгонун кошумчалады.

«Менимче, Конституцияны өзгөртүү туура эмес. Референдумда элибиз парламенттик башкаруу жолун колдогон, анын эркин сыйлашыбыз керек», — деди А.Сулайманов.

Депутат буга утурлай эле Конституция жоболоруна ылайык, Жогорку Кеӊешке көптөгөн ыйгарым укуктар берилген. Мисалы, парламент мамлекеттик бюджетти бекитет. Президент ага өзгөртүүсүз эле кол коюп жатаканын маалымдады.

«Жогорку Кеӊештин 80 жылдык маарекесине арналган иш-чарада «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов Конституция өзгөртүүлөрдү киргизүү эртелик кыларын айткан болчу, мен ага кошулам. Биз Баш мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун», — деди депутат.