2018-жылы жарандардын кайрылуулары боюнча 32 салык кызматкери жаза алды

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылы жарандардын кайрылуулары боюнча 32 кызматкерине жаза берди, ал эми 16 салык төлөөчү салык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматына 2018-жылы жарандардан жана юридикалык жактардан 176 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 38 билдирүү – электрондук почта аркылуу, жазуу жүзүндө – 97, “ишеним телефонуна” – 35 жана ММК аркылуу – 6 билдирүү.

Алардын ичинен 109 (анын 7 фактысы боюнча 24 кат келип түшкөн) салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 24 – ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы, ал эми калганы – ар кандай маселелер боюнча болгон.

Мындан тышкары, 2018-жылы 88 жаран МСКнын жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда болгон, анын ичинен жеке маселелер боюнча – 38 адам, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 46 адам, социалдык маселелер боюнча – 3 жана коррупция маселеси боюнча – 1.