Депутат Сагындык Келдибаев: «Ички иштер органдарында тереӊ реформаларды жүргүзүш керек»

Акыркы мезгилде милиция кызматкерлери катышкан кылмыштардын саны арбыды. Мас абалында авария жасап, анын кесепетинен адамдар өлүүдө, милиция кызматкерлери зордуктаганы жөнүндө маалыматтар чыгууда, пара алып кармалгандар четтен чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Сагындык Келдибаев билдирди.

«Биздин милиция бизди коргойбу же кордойбу? Мурда милиция кызматкерлери жумушка кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин кабыл алынчу, азыр андай болбой калды. Ички иштер органдарында көчөдөн келген кызматкерлер көбөйүп кеткени көрүнүп турат. Милициянын абырою түштү, кадыры кетти. Менимче, ички иштер органдарында тереӊ реформаларды жүргүзүп, кызматкерлерди тандоо ишин жакшыртпаса болбойт. Эл ишенимине ээ болмоюнча милициянын абырою көтөрүлбөйт, кадыры өспөйт», — деди эл өкүлү.

Мындай пикирди депутат Айнуру Алтыбаева да колдоп, милиция кызматкерлери катышкан кылмыштарды, анын ичинде атышууларды тизмектеп берди. «Ички иштер министрлигинин жетекчилиги бул фактыларды көзжаздымда калтырбай, иштиктүү чараларды көрүшү керек. Болбосо, милиция бизди коргобой эле, биз үчүн өздөрү коркунучка айланып калышты.», — деп кошумчалады ал.