ИИМ жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат

2018-жылы милиция кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, 83 милиция кызматкери
кылмыш жоопкерчилигине тартылып камалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  жалпысынан 2018-жылы мыйзамдуулукту жана тартипти бузган 5811 кызматкер аныкталып, жаза  алышкан. Алардын ичинен 155 кызматкер ИИОдон айдалып, ээлеген кызматынан 263 кызматкер бошотулган.

Маалыматта мунун баары ИИМ ЖМК менен  ачык-айкын иштешип жаткандын натыйжасы экенин белгиленет.

«ИИМ жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат.  Бул багытта Кыргыз Республикасы үчүн заманбап жашоодо коомдук аң-сезимге ЖМКнын таасири күчтүү экендигин эске алып, жарандык коомдун милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү өнүктүрүү маанилүү экендигин көрсөтүп турат», деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-январда Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Сагындык Келдибаев Ички иштер органдарында тереӊ реформаларды жүргүзүш керек экендигин билдирип, акыркы мезгилде милиция кызматкерлери катышкан кылмыштардын саны арбыды. Мас абалында авария жасап, анын кесепетинен адамдар өлүүдө, милиция кызматкерлери зордуктаганы жөнүндө маалыматтар чыгууда, пара алып кармалгандар четтен чыга турганын айткан болчу.