Азия Кубогу — 2019: Япония менен Катар финалда ойнойт

Футбол боюнча Азия Кубогунун финалында Япония менен Катар командалары ойнойт. Финалдык беттеш 1-февралда Абу-Даби шаарында өтөт жана Бишкек убактысы боюнча саат 20:00 башталат.

Жарым финалда Катардын курамасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасын 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Ал эми Япония жарым финалдык оюнда Иранды 3:0 эсеби менен жеңип алган.

Эске салсак, бул турнирдин алкагында Катар курамасынын дарбазасына бир да гол кире элек.

Беттешти башкы калыс болуп өзбекстандык Равшан Ирматов тейлейт.