Өзбекстан менен Кыргызстан чек араны делимитациялоо келишимин даярдайт

Жалал-Абад  шаарында 21-26-май күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме жасап «maralfm.kg» сайты жазып чыкты.

Анда айтылган боюнча, жолугушуу алкагында кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде камералык иштер жүргүзүлгөн, ошондой эле, Өзбекстандын Анжиян облусу менен Кыргызстандын Ош облусунун ортосундагы чектешкен аймактарда топографиялык жерге жайгаштыруу иштери аткарылган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча ортолук Келишимди даярдоо маселесин талкуулашкан.

Өзбекстан тарап жолугушуулар конструтивдүү негизде жана достук маанайда өткөнүн белгилеген.