“Марал” радиосунун алып баруучусу, ырчы Назгүл АКУНОВА: «Сүйүү да жакшы адамга келет»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Алло, саламатсыңбы, Назгүл.  Күнүгө  ар  бир  үйдө добушу жаңырып турчу, ырдаса үнү жагымдуу, өзү жакшына, жайдары кыздын жандүйнөсүндө  ушу  азыр кандай  ойлор  уялап  турду экен?

– Жан дүйнөмдө – бурганак. Күрөш.

– Эмне күрөш?

– Жан дүйнө күрөшү, өзүм менен өзүмдүн күрөшүүм. Калыптанып калган балалык баео кыял мүнөзүм менен туруктуу даанышман улуулуктун күрөшү, изденүү менен жалкоолуктун күрөшү. Айтор, азыр өткөөл жаш курагымбы, өзүм менен өзүм тил табыша албай, кээде аяп, кээде байкоосуз чабуулдар менен сокку уруп, өзүм менен алек болуп жүргөн чагым.

– Күрөшпөй, өзүң менен өзүң макулдашып жашоого болбой калдыбы?

– Ооба. Кыйналып калгыдаймын. Өзгөрүүм керек. Бала кезимден эрке чоңойдум. Ыраматылык ата-энем колу жука болуп материалдык байлык бере албаса да мээримге сугарып, адамкерчилик баалуулуктарын сиңирип кеткен экен. Жалаң жакшыны айтып жаманга үйрөтпөптүр, айта жүрбөптүр. Мени эркелетип, жамандыктан калкалап турган ата-энемден айрылып, ишенген адамым чыккынчылык кылып таштап кетип калгандан кийин өтө кыйналып калдым. Коркуу сезими күчтүү болду. Ай талаада жалгыз калгандай эле болдум. Бир туугандарым колунан келгиче колдошту, бирок кээде алардын да күчү жетпей калган учурлар болду. Өздөрү жаш, териси жука. Бирок жашоо деген улана берет экен. Чыйралбаска аргам жок эле анткени менин уулдарым бар, бир туугандарым бар!

Элден  айланса  болот.  Көп жакшы адамдар колдоо көрсөтүп, колдоп кетишти. Ыраазымын. Өз күчүмө ишенип алдыга кадам таштоом керек экенине, күмүш эшик жабылса, алтын эшиктер бар экенине ишенип, жашоо кербенимди ийгиликтүү тартып келем.

– Эне катары?

–  Жаратканыма  шүгүр!  Эки уулду  берди.  Уулдарым  да  табиятынан тартиптүү, камкор жигиттер. Аман-эсен, ушул калыпта чоңое беришсе мага эле эмес, элине кызмат кылган уулдардан болот деген энелик ишенимим бар. Учурда лицейде окушат. Окуулары жакшы. Улам бир ийгиликтери менен мени кубантып турууну максат коюп алышкан. Кудайга шүгүр!

– Жан дүйнөнү кытыгылаган ыр кайрыктары, сүйүү  жөнүндө  эмне  айтат элең?

–  Чоң  сүйүүнү  күтүп  келем. Сүйүп жана сүйүктүү болгум келет. Чыныгы сүйүүгө баары эле жолуга бербестигине, сүйүү да аң-сезими өсүп жетилип, калыптанып калган адамдарга келерин жакшы билем. Мен дагы өсүп-жетилип, чыныгы сүйүү көлүнө чөмүлгүм келет. Ал эми жан дүйнөмө келе турган болсок, табиятымдан чыгармачыл жанмын, бирок чыгармачылыкта алгылыктуу эч нерсе кыла албай келем. Билем, жан дүйнөмдөгү бурганак токтосо, менден көп нерсе чыгат. Таланттарымдын чети да оюла элек.

– Сени угармандар мыкты  радио  алып  баруучу жана ырчы катары билишет?

– Ооба, алып баруучу жана аткаруучумун, бирок менде андан да чоң таланттар бар. Жаратканым мага  көптү  берген.  Толгоном… бирок, аттиң, өзүмдү ача албай да,  ачыла  албай  да  келем.  Убакыт керектир. Балким сааты келе элек.

–  Антсе  да  максатсыз, үмүтсүз адам болбойт эмеспи?

– “Марал” радиосуна Жараткандын  буйругу,  жакшы  адамдардын жетегинде келип калгам. Эң бир сонун командада, мыкты адамдар менен иштеп, жумушуна кубаныч менен келип, түнөгүнө кубаныч менен кеткен бактылуу адамдардын  катарын  толуктап келем. Бирок канчага чейин алып баруучу боло алам? Эртең убакыт өтсө, ордубузду жаштарга бошотуп  беребиз.  Демек,  аткаруучулук өнөрүмдү өркүндөтүп, ошол жаатта бир топ иштерди кылышым керек. Буюрса, жакшы ырларды таап, аларды багып, сапаттуу жаздырып ырдап чыкмай алгы пландарымдын бири.

– Канчадан бери ырдайсың?

–  Өзүмдү  тааныгандан  бери ырдайм. Ыраматылык апам жакшы ырдаган. Апамдан мага таберикке калган окшойт бул талант. Жерип, теңиме албай жүрдүм. Бирок ырдаганда гана бактылуу болуп калаарымды эми-эми сезип жүрөм.

–  Ушул  өмүрүңдө  эмне таап, эмне жоготтуң? Эмне издедиң? Эмне күтөсүң?

– Жоготконум –ата-энем! Алар-сыз мага өтө оор! Тапканым –уулдарым! Издегеним, казганым – өзүм. Күткөнүм – мени толуктай турган сүйүүмө жолугуу жана уулдарымдын аман чоңоюп, эл батасын алган эл уулдары болгонун көрүү.