Китеп текчеңизге: Бурулкан Карагулова: «Билик»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Билик”  –  “рамкага  сыйбаган  жашоосу, өзгөчөлөнгөн чыгармалары, стандартка сыйбаган, элде жок ээн баш ырлары менен айырмаланган” акын Бурулкан Карагулованын тогузунчу китеби.

Акындын “ээнбаштыгы” ушундан билиңиз, “Эки сүйүүм” деген ырында:

“Экөөңөрдү бирдей сүйдүм, билбедим,
кимиңерди тандап алар экемин?
Бириңердин түндө жатсам койнуңда,
А бирөөңөр кирип келдиң койнума…” – деген “ээнбаш” саптарды жазат. Минтип “биринин  койнуна  жатса,  бири  койнуна кирип келген” орошон окуя тууралуу ким “ачык” жазыптыр. Ырдын биринчи куплетин окуган окурмандын оюна дароо: Даниярдын этегин кармап ээрчип кеткен Жамила, күйөөсү фронтто каза болсо да, кайын журтунун төрүндө башка бирөөдөн төрөп койгон Алиман баштаган, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган кара каш, кара чач, кара көз каражандар кетет. Бир эсе “кызыгып”, бир эсе делебе козголуп ырды андан ары окуйсуң:

“Айтор, билбейм… эзесиң да, ийлейсиң,
Түн экенин, күн экенин билбейсиң.
Азап тарткан тартар эми менчелик,
Адамзатта сүйүү жоктур сенчелик.

Таштап чыгып ысык койнун күйөөмдүн,
Канат керип кучактайм да теңселип.
Жок сен мага, жыгыласың үстүмө,
Сени дайым келсе экен деп күтчүм э?”

Бул ыр саптарын окуганда, дагы да акындын аял акындарга мүнөздүү “сыр жашырбаган” ачыктыгына, “агын ак, карасын кара” жазып салган батылдыгына тан бересиң. Чилилик акын Пабло Неруда жазгандай, акындын ырындагы “сыр жашырбаган” каармандын “шейшебин” үстүнөн алып ыргытып, боюна батпаган, түнү уктатпай, күйөөсүнүн “ысык койнун” таштатып чыгууга мажбур кылган сүйүүсүн батыраак билгиң келет:

“Күйөөм келип сүйрөйт жат деп төшөккө,
Болду жетет, караңгы түн ошөнтпө.
Сууруп алып колумдагы каламды,
Коюп коет ак кагаздын үстүнө.

Эртең келем деймин дагы умсунам,
Уктап бара жатып дагы кол сунам.
Эки тамчы бир денеде жашайсың,
Жаным, ширин, кагылайын поэзиям”.

Ошентип,  улам  кызыга  ырды  аягына чейин окуп бүтүп, кантип “өх” деп жеңил дем алып алганыңды байкабай каласың. Көрсө, акындын лирикалык каарманынын “койнуна кирип келген” бейтааныш бирөө “Данияр” эмес, поэзия экенин билип, акындын ойду айтуудагы чеберчилигине баа бересиң.

Баса, бул жыйнакта чынында да “ээнбаш” ырлар – автор өзү китепке жазган алгы сөзүндө жазгандай: “күйөөсү бар туруп ушундай ырларды жаза берет, мунун өмүрлүк жары унчукпайбы” деген сөздөрдү айттырган ырлары” да жок эмес. Бирок, ал ырлар канчалык ээнбаш болбосун, чектен чыккан ырлар эмес. Баары абийир менен адептин, ыйман менен акыл парасатынын, сезим менен акылдын чегинде. Айтор, акындын ырларын окуган окурман кайдыгер калбайт жана зор канааттануу ала алат деп кепилдик бере алабыз.