Сооронбай Жээнбеков: «Жер казынасын сактоо, коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздугубуздун артыкчылыктуу багыттарынын бири»

Кыргызстан кен байлыктарга бай экендиги көптөн бери эле айтылып келет. Дал ушул улуттук байлыгыбыз болгон кендерибиз «келемиштерге» жем болуп келген учурлар көп эле кездешти. Тоо-кен байлыктарыбызды талап-тоноого токтоосуз чара көрүп, бул тармактагы коррупцияга бөгөт коюу, ниети ак инвесторлорго татыктуу шарттарды түзүү, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жетишээрлик деңгээлде жүрбөй жаткандыгы, тийиштүү мамлекеттик органдардын ишиндеги кемчиликтер 30-январдагы Коопсуздук Кеңешинде кенен талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбековдун башчылыгында өткөн бул жыйын өлкөбүздүн тоо-кен тармагынын өнүгүүсүнүн жаңы барагын ачты.

«Кен иштетүүдөгү кемчиликтер кечиктирилбей жоюлсун»

— Жер казынасын сактоо, жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири. Учурда тоо-кен казуу тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын киреше түшөт. Бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт. Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тар-тылган. Тоо-кен өнөр жайынын негизин алтын кен тармагы түзөт, чет элдик компаниялардын инвестициялары негизинен ушул алтын казуу багытында болуп жатат.

Тилекке каршы, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине тийиштүү көңүл бурулган эмес. Тескерисинче, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү акырындап мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарыла баштаган. Натыйжада азыркы учурда тоо-кен өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактарда курч маселелер жаралды.

Бул  —  айрым  мамлекеттик органдарга, айрыкча лицензия-уруксат  берүү  системасына  терең кирип, тамырлашып кеткен коррупция,  тиешелүү  иштерди жүргүзбөй, кайра сатуу максатында лицензияларды кармап туруу, экологияны коргоону көңүл сыр-тында калтыруу, баалуу дарактардын түрлөрүн кыюу жана кый-ылган дарактардын ордун жаңы көчөттөрдү отургузуу жолу менен калыбына келтирүү, өлкөнүн өнөр жай секторунун бир компаниядан — «Кумтөр Голд Компаниясынан» өтө көз каранды болушу, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жергиликтүү бий-лик менен кызматташуусу солгун болгондуктан жергиликтүү калк-тын тоо кен казуу өндүрүшүнө ка-рата пайда болуп жаткан каршылык маанайлары.

«Алып сатарлыкка жол берилбейт!»

— Жылдан жылга колдо жүргөн лицензиялардын санынын өсүшү байкалууда. Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Ошол үчүн мен 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну тапшырдым. Мунун жыйынтыгында биз ачык-айкындыкка жетишебиз. Бирок, лицензияны кармап калуу үчүн киргизилген төлөм абалды жакшыртууга жардам берген жок. Кенди иштеткенге караганда лицензияны кармап калуу үчүн акы төлөө оңой болууда.

Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартууга мына ушул, коррупциялык түрдө лицензия берүү практикасы тоскоол болууда. Тез арада тиешелүү мыйзамдарга кен иштетүү тармагында ачыктык, адилеттик, таза атаандаштыкты камсыз кылууга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ал өзгөртүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатын оңдоого, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы керек. 2009-жылдан 2018-жылдар аралыгында кен пайдалануу маселелерин тескеген бул мамлекеттик органдын беш төрагасына карата кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасоо боюнча жазык иштери козголгон. Акыркы 8 жылдын ичинде бул Мамлекеттик комитеттин кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге карата жүзгө жакын кылмыш иши козголгон. Булардын басымдуу көпчүлүгү — коррупцияга малынып, элдин ырыскысына кол салгандар. Коррупция бул тармакка канчалык терең сиңип кеткени-нин анык далили!

Эл аралык стандарттар боюнча аккредитацияланган  компаниялардын  сыноо-текшерүү милдеттерин аныктоого байланышкан жагдайга өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Мисалы баалуу металлдардын курамын аныктоочу үлгүнү бир компания алат. Ал эми лабораториялык изилдөөлөрдү башка компания жүргүзөт. Мындай эки тараптуулук жоопкерчиликти алчу тарапты так аныктабайт. Ошондуктан, Өкмөт бул жагдайды  жоюу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алышы керек. Айрым өлкөлөрдө тоо-кен казып алуу тармагы боюнча салыктар 15тен 50 пайызга чейинки өлчөмдү түзөт. Ал эми Кыргыз-станда салык жүгү — орточо эсеп менен болгону 8-10 пайызды түзөт. Албетте, бул кырдаалды дагы өзгөртүү керек.

«Кытай менен чектешпиз, муну өнүгүү үчүн жагымдуу шарт катары пайдалануу керек»

Чын дилинен биздин экономикага каражат салып, кенди иштетүү тармагына келүүнү каалаган ниети таза инвестор үчүн тоскоолдуктар болууда. Айрым учурда жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары али ишин баштай элек чет элдик компаниядан мүмкүн болушунча көп пайда алууну көздөйт. Буга Макмал кенинин тегерегиндеги иштер ачык далил болот. Жыйынтыгында жергиликтүү эл азабын тартып, ал эми провокаторлор „суу-дан кургак чыгышып“, жоопкерчиликке тар-тылбай калып жатышат. Мындай кырдаалдын келип чыгышынын себеби — аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдары калктын арасында жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзө ал-ган эмес. Укук коргоо органдарынын да кемчилиги бар. Алар провокаторлорду, акциялардын чыныгы уюштуруучуларын аныктоо жана бөгөт коюу иштерин талап кылынган деңгээлде аткарган эмес. Мындай абалды алдын алуу, болтурбоо жана жоюу боюнча чаралар ыкчам кабыл алынып, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек. Болбосо, бийлик органдарын элге жаман көрсөтүү, инвестициялык климатты бузуу, инвесторлорду чочутуу аракети улана берет. Башкы прокуратура мына ушундай кырдаалды жаратчу маселелерди калыс жана кылдат иликтеш керек. Тартипсиздикти  уюштургандарга  жол бербөө жана жергиликтүү калктын арасында жетишерлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүү — негизги талаптардын бири.

Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын астында Бишкекте өтөт. Бул эл аралык иш-чаранын астында өлкөдөгү маалыматтык маанайды бузгусу келген күчтөр бар. Аны баарыңар көрүп, билип жатасыңар. Бүткүл дүйнө Кытайдын өнүгүү темпин эсепке алып, өзүнүн экономикалык саясатын жүргүзүп жатат. Кытайга чектешпеген мамлекеттер да ушуга умтулуп жатышат. Биз Кытай менен чектешпиз, муну биз өнүгүү үчүн жагымдуу шарт катары пайдалануубуз абзел. Тышкы саясаттагы өнөктөштүк мамилелерге абдан кылдат мамиле кылуу — биз үчүн абдан зарыл нерсе. Атайын провокация уюштургандарга жол бербейбиз.

«Инвесторлордун тынымсыз иштөөсүнө эл өзү кызыктар болгондой шарт түзүү керек»

Тоо-кендерин иштетүүдө келип түшкөн акча каражаттарын ошол аймакты өнүктүрүүгө, өндүрүш ишканаларын ачууга максималдуу пайдалануу керек. Фонддогу каражат „сол чөн төккө“ эмес, элдин пайдасына, аймактардын пайдасына кетсе, кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономика өссө, республикалык, жергиликтүү бюджеттерге каражат түшсө, калк арасында эч кандай нааразычылык болбойт. Кыргызстанда кыйылган бир дарак үчүн 100 көчөт отургузуу керек деген ченем киргизилген. Бирок бул ченемдин  реалдуу аткарылышын камсыз кылчу механизмдерди иштеп чыгып, лицензияларды берүүнүн шарттарына киргизиш керек.

Мындан тышкары, бардык казып алына турган кендерден мамлекеттин үлүшүн милдеттүү түрдө алууну мыйзам аркылуу караштырып, жергиликтүү жашоочулар тоо-кен казуу компаниялардын тынымсыз иштөөсүнө өздөрү кызыкдар боло турган шарттарды түзүү зарыл.

«Улуттук кызыкчылыгыбыз үчүн кесипкөй кенчи кадрларды даярдоо керек»

Билим берүү министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге тоо-кен иштетүү тармагы менен байланышкан кадрларды максаттуу даярдоонун механизмдерин ишке киргизүүсү керек.

Нефтиси, газы бар өлкөлөр тиешелүү институттарды түзгөн. Дүйнө жүзүндө жер казынасын пайдаланууга байланыштуу окуу жайлар абройлуу болуп саналат, алардын бүтүрүүчүлөрүнө дүйнө жүзүндө суроо талап чоң. Улуттук кызыкчылыктарды коргош үчүн жер байлыгын сарамжалдуу пайдаланган адистерди даярдоо зарыл.

Кен иштеткен алыскы аймактын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алууга гранттарды, кредиттерди камсыз кылуу керек. Кыргызстан өндүрүштү жөнгө сала турган, жаңы технологияларды издеп тапкан кесипкөй иштермандарды даярдап, аларды тоо-кен казуу компаниялардын ишине тартуусу зарыл. Бул биздин улуттук кызыкчылыктарга жооп берет. Товарларды же кызмат көрсөтүүнү арзан баада көрсөтө алган ата-мекендик бизнесмендерге жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүк бериш керек. Айрым тоо-кен казуу компаниялары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөдөн сатып алышат.

Ошондуктан ата мекендик бизнести коргоого багытталган мыйзам ченемдерин караштырып, аларга чет өлкөлүк компаниялар менен атаандашууга жана өнүгүүгө мүмкүндүк бериш керек.

«Жетекчилердин иши канааттандыраарлык эмес»

— Коопсуздук Кеңешинин бүгүн кабыл алган чечими жер казынасын пайдалануу тармагында улуттук кызыкчылыгыбызды кор-гоо үчүн зарыл. Өнөр  жай,  энергетика,  жер  казынасын пайдалануу кызматы алдында турган милдеттерди талаптагыдай аткара алган жок, иши канааттандырарлык эмес. Бул комитеттин төрагасынын гана эмес, статс-катчынын, жер казынасын пайдалануу маселелерин тейлеген орун басарлардын жана ишти начарлаткан бардык башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылам. Мындан тышкары, коррупциялык схемаларды түзүүгө жол берген Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын да иши канааттандырарлык эмес.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Экономикабыздын «Кумтөргө» болгон көз карандылыгынын азайышына биринчи кадам жасалды»

— Кыргызстандын табигый ресурстары – бул өлкөнүн мүлкү жана байлыгы, мамлекеттин өнүгүшүнүн азыркы учуру жана эртеңки келечеги. Инвесторлор менен ар бир макулдашууну түзүүдө мамлекеттин үлүшү так жазылып, конкреттүү талаптары  жана  укуктары көрсөтүлүүгө тийиш. Ошондо гана өлкөнүн кен байлыктарына катуу көзөмөл жасалып, жер-жерлерде социалдык проблемаларды чечип, элдин ишеничине кире алабыз. Ал эми экономикалык көз караштан алып карасак, өлкөнүн ички дүң продукциясына миллиарддаган каражаттар түшмөк, анын баары мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, жолдорду салганга жумшалмак. Кыргызстандын жаратылыш байлыгы жетиштүү: сурьма, сымап сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдар, алтын жана башка кендер чыгат. Демек, элибиз жакшы жашоого татыктуу. «Кумтөр» алтын кенинин запасы азайгандыгына байланыштуу Өкмөт экономиканын башка артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. 2018-жылы ИДПнын көлөмүнүн өсүшү биринчи жолу «Кумтөрдү» кошпогондо 3,5%га чыкты.

Өндүрүштүн өсүшү экономиканын башка секторлорунан камсыз кылынды. Бул атамекендик экономиканын «Кумтөрдөн» болгон көз карандылыгынын азайышынын биринчи кадамдары. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, жер казынасы – бул элдин байлыгы. Кен иштетүү боюнча тийиштүү заводдордун жоктугунан концентраттар өлкөдөн чыгарылып кетүүдө. Алардын сыртка чыгышына көзөмөлдү күчөтүү жана республикалык бюджеттин кирешесин толтуруу максатында, учурда Өкмөт концентраттарды ташып чыгарууда салык салуу жагын караштырып жатат. Өкмөт инвесторлор менен узак мөөнөттүү, анын ичинде жер казынасын иштетүү тармагында келишимдерди түзүүнү зарыл деп эсептейт. Ар бир долбоордо улуттук кызыкчылыктар, экологияны сактоо жана аймактык өнүктүрүү маселелери биринчи орунга коюлушу керек. Өлкөнүн аймактарында тоо-кен иштетүүчү ишканаларды куруу пландалууда. Учурда мамлекеттик тоо-кен ишканасын түзүү маселеси да каралып жатат.

Даярдаган Тиленбек АЗЫК