Дүйшөн Камчбеков, Тоо-кенчилер ассоциациясынын президенти: «Кен байлыктарда мамлекеттин үлүшү сөзсүз болушу зарыл»

Негизинен Президент жалпы маселелерге токтолуп, көйгөйлөрдү көтөрдү. Ал эми бизде адис катары тоо-кен тармагын кантип оңдоп, экономикага пайда келтирип, коррупциялык схемаларды жойсок болот деген маселелер боюнча сунуштарыбыз бар. Мисалы, тоо-кенчилер ассоциациясы алты орчунду маселени көтөрүп жатабыз.

Ал үчүн “Жер казынасы” жөнүндө мыйзамына орчундуу өзгөртүү лөрдү киргизиш керек. Маселен, үчүнчү жактарга лицензияны берүү тууралуу норманы жоюшубуз керек. Реалдуу акча-каражаты бар инвесторлор келип, иштесин. Колуна лицензияны алып, ага төлөнө турган акчаны төлөп коюп, убагы келгенде сатып ийгендерди токтотуу зарыл.

Ошондой эле айрым мамлекет-тик маанидеги кен байлыктарыбызда биздин үлүш жок болуп калып жатат. Мисалга алсак, Жерүй кенинде бир пайыз дагы мамлекеттик үлүш жок. Ошондуктан, мамлекеттик деңгээлдеги кендерде мамлекеттин үлүшү сөзсүз болушу керек деп сунуштап жатабыз. Муну менен бирге эле, учурда лицензия берилип жатканда жергиликтүү калк кабарсыз калууда. Ошондуктан социалдык пакет деген норманын негизинде, инвестор алгач эл менен сүйлөшүп, өзүнүн программасын түшүндүрүп, келишим түзүп, андан кийин лицензия алышы керек. Ошондо жергиликтүү калк тарабынан да колдоо болуп, өз ишин баштап кеткенге жакшы мүмкүндүк жаралат.

Сооронбай Жээнбеков: «Жер казынасын сактоо, коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздугубуздун артыкчылыктуу багыттарынын бири»

Дагы бир маанилүү көйгөй –тоо-кен тармагын башкарган атайын мамлекеттик орган керек. Учурда энергетикага көңүл бөлүнүп, экинчи жагы калып кетип жатат. Ошондуктан атайын мекеме түзүп, бул багытта концепцияны иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, кесипкөй кадрлар келип иштебесе, бул тармакты алдыга жылдыра албайбыз.

Анан  акыркы  маселе  бул  – «Кумтөр».  Анын  иштешин  токтотпошубуз  керек.  Денонсация, улутташтыруу деген маселе болбошу зарыл. Себеби, мунун баары эсеби жок айтылып жатат. Биздин эсеп боюнча денонсация кылсак, чоң чыгымга учурап, компенсацияларын төлөй албай калабыз. Андан көрө «Кумтөрдүн» жашоо-сун узартышыбыз керек. Ал үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүп, жер астында ж.б. жактарын изилдеп, дагы 5-10 жыл, мүмкүн, андан да көп убакытка чейин «Кумтөрдүн» иштешин узартсак болот. Анткени «Кумтөр» бүгүнкү күндө жылына 9 млрд. сомго чукул каражатты бюджетке берип жатпайбы.

Мына ушул маселелер чечилсе, тоо-кен тармагы алдыга жылып, өнүгөт. Ал эми биз бийликке жардам бергенге даярбыз.