31-майга карата

31-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13 күндүз 22…27

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 күндүз 21…26

Ош, Жалал-Абад областтарында түнкүсүн 9…14 күндүз 24…29

Баткен областында түнкүсүн 10…15 күндүз 24…29

Ысык-Көл областында түнкүсүн 6…11 күндүз 16…21

Нарын областында түнкүсүн 3…8 күндүз 16…21

Бишкек шаарында 31-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11  күндүз 25…27 градус болот.

Булак: © Кыргызгидромет