Ишке кирди, бирок иштеп чыга турган жагдайлар көп

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу,“Кыргыз Туусу”


Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген Бузуулар жөнүндө кодексти мындан аркы ишке ашыруу чараларын талкуулоо боюнча тегерек үстөл болуп, ага Жогорку Кеңештин фракцияларынын өкүлдөрү, тиешелүү комитеттердин мүчөлөрү жана жаңы мыйзамдарды иштеп чыккан жумушчу топтун эксперттери катышты. Жыйында мыйзамдардагы айрым кемчиликтер айтылып, түшүндүрмөлөр берилди.

Эксперттик топ менен эл өкүлдөрүнүн талкуусу

КР Жогорку сотунун судьясы Качыке ЭСЕНКАНОВ: «Азыркы учур –жаңы жана эски кодекстер менен иштеп жаткан өткөөл мезгил»

Жыйындын ачылышында мыйзамды иштеп чыккан топ, төрт презентация жасап, мыйзамдар тууралуу кеңири маалымат беришти. Андан соң жыйындын катышуучулары мыйзамдарды талкууга алышты. Маселен, реформаны ишке ашырууга барышыбыз керектигин белгилеген депутат Алмамбет Шыкмаматов “137-беренеде өзүн-өзү өлтүрүүгө түртүү 2 жыл эркинен ажыратуу менен жоопко тартылат. Бирөөнүн оорулуу баласын дени сак балага алмаштырып койсо, айып салып, жумуштан бошотуп жиберет экен. Бул эң жаман, адамгерчиликсиз кылмыш да. Эгерде бирөөнүн макулдугу жок атайын трансплатация эрежесин бузса, 2 жылга эркинен ажыратуу каралган. Психиатриялык диспансерге мыйзамсыз киргизип койсо, айып салынат. Анан 171-берененин 3-бөлүгүндө адамдар менен соода кылуу адамдын органдарын трансплатация кылуу максатында кылынса, 4-категориядагы жоопкерчиликке тартылат экен”, – деп гумандаштыруу жаатында аша чаап кеткен жокпузбу деген суроону кабыргасынан койду.

Буга жооп кылган юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова: “Криминалдаштыруу, декриминалдаштыруунун атайын эрежелери бар. Албетте, бул иш канчалык жайылганында. Бул норма боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес. Ошондуктан тажрыйбада кандай иштейт экенин, жыйынтыктары кандай болоорун билбей туруп, бир нерсе айтыш оор. Болгону, жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууда болушунча статистикага, реалдуулукка жана гумандашууга багыт жасаганыбызды белгилегим келет. Анан да бул жерде айтылып жаткан маселелер боюнча эркинен ажыратуу каралган. Ал чечим соттун карамагына калтырылган жана аны сот чечет”, – деп билдирди.

Жаңы кабыл алынган мыйзамдарда айрым карама-каршылыктар бар экени белгиленип келет. Бул жагдай боюнча Президенттин аппаратынын сот ыйгарымдары реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исаев: “Кээ бир беренелерди Конституцияга ылайык келтирүү үчүн атайын мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, чукул киргизиш керек. Андан тышкары Бузуулар кодексинин айрым беренелеринде ыйгарымдуу айып жөнүндө органдардын карама-каршы

келип калган. Ал боюнча да мыйзам долбоору иштелип чыгып, Өкмөттүн макулдугу менен Жогорку Кеңеште каралат”, – деп билдирди.

Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашырууга байланыштуу төмөндөгүлөр каралды:

– «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашы-рууда аталган кодекстин алкагында жол коопсуздугун камсыздоо маселеси;

– бузуулар жөнүндө ишти кароо боюн-ча мамлекеттик органдардын компетенциясын тактоо;

– Кыргыз Республикасынын сот өндүрүшүндөгү жана аткаруу бийлик органдарындагы административдик тартип бузуулар жөнүндө ишти кароо маселеси боюнча учурдагы абал.

Тегерек үстөлдүн жыйынтыгы боюнча жогорудагы мыйзам долбоорлорун талкуулоонун жыйынтыгын эске алуу менен аларды толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.

Буга катар Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралуусу үчүн мамлекеттик органдарга эки күндүк мөөнөттө сунуштарды жалпылоо үчүн Өкмөткө сунуштоосу рекомендацияланган.

Вице-премьер Жеңиш Разаков бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор так жана беренелер боюнча карала турганын, жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу алкагындагы мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.

Сындалган кодекстер, сыналган бийлик

Министр Кашкар Жунушалиев жаңы кодекстер боюнча зачет алды

Жыйындын жүрүшүндө жаңы мыйзамдар боюнча коомчулукта нааразычылык жаратып жаткан жагдайларга Жеңиш Разаков да токтолуп, өлкөдө жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу өзгөртүүлөр тажрыйбада кеңири колдонула баштаганын айтты. Кылмыш мыйзамдарына бардык жаңы киргизүүлөр укук колдонуучулар тарабынан тажрыйбада колдонулууда, анын алкагында күтүлгөндөй эле кемчиликтер жана коллизиялар аныкталууда деп билдирди ал.

Ошондой эле Жеңиш Разаков: «Бүгүнкү күнү Бузуулар жөнүндө кодексте бир катар кемчиликтер аныкталган жана Өкмөт тарабынан аларды четтетүү каралган мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн», – деп белгиледи.

Ошону менен бирге, жаңы мыйзамдын күчүнө кирүүсүнүн алкагындагы ар кыл реформа иш жүзүндө аны ишке ашыруу процесси учурунда толукталып иштелип чыгат. Буга байланыштуу, бардык кызыкдар тараптар аныкталган кемчилдиктерди жана коллизияларды четтетүү, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн жалпы күч-аракеттерди жумшоосу керектигин кошумчалады Ж. Разаков.

Өкмөттүн мындай позициясын жыйындагылар да колдоп, макул болушту. Маселен, Соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топтун башчысынын орун басары Гүлмира Маматкеримова бир да реформа тынч жана автоматтык түрдө өтпөйт деп билдирди.

«Жумушчу топ түзүлүп, ага маселе жараткан жагдайлар келип турат. Алар мыйзамды оңдоп-түзөөдө эске алынат. Учурда реформаны чыныгы турмуш менен айкалыштыруу маанилүү болууда. Мамлекеттик органдарды заманбапташтыруу аягына чейин жасалган жок. Реформаны маалыматтык коштоо менен жүргүзүү керек. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесин аягына чейин ишке киргизүү зарыл. Менимче ишти үзгүлтүккө учуратууну каалагандар бар жана аны менен күрөшүү керек», – деди Г. Маматкеримова.

Деген менен жаңы иштеп баштаган мыйзамдар Жогорку Кеңешти, Өкмөттү жана коомчулукту бир сынады десек болот. Албетте, жүрүп жаткан иште айрым кемчиликтер болбой койбойт. Андан учурунда “сен жинди, өзүң жинди” деген сыяктуу мамиле жасоо эмес, кемчиликтерди жоюу жолу менен чыгууга далалат жасалып жатканы жакшы көрүнүш экенин белгилеп коюу керек.

КЖБР коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү жокко чыгарат

Тегерек үстөлдө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР) тууралуу да кенен маалымат берилди. Дал ушул жагдайга токтолгон депутат Мирлан Бакиров: “Бул жерден бир статистикага көңүлүңүздөрдү бургум келет. Баш тартылган материалдардын саны 2012-жылы 66 876, 2013-жылы 74 000. Мындайча айтканда 89 000, 90 000ге чейин баш тартылган материалдар. Бул “тындырылган эмес сындырылган” маалыматтар экен. Мына ушуга окшогондор убагында айып пул же башка менен токтотулуп, бир натыйжа чыгат деген үмүттөмүн”, – деп билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун берген маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесинде 28-январь саат 12:00гө карата 16 миң 278 билдирүү жана кайрылуу катталган. Жасалган кылмыштар тууралуу да 11 миң 821 билдирүү келип түшкөн.

«Алардын ичинен 7 миң 200 кылмыш сотко чейинки териштирүүдө турат. Алардын  үстүндө  521  тергөөчү  иштеп,  ар  бир тергөөчүгө 13,8% жүк жүктөлгөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 664 иш иликтенүүдө. Январдын аягында маалыматтарды карап, алардын канчасы кылмыш, канчасы жорук экенин талдайбыз», – деди. Жамшитов.

Аталган реестрдин ишке кириши менен бүткүл өлкөдө катталган кылмыш же жоруктар бирдиктүү реестрге киргизилип, ал соттун чечими чыкканга чейин көзөмөлдөө мүмкүндүгүн түзөт. Натыйжада мурдагыдай иш катталгандан кийин тергөөчү, прокурор же соттун сол чөнтөгүнө тыйын ыргытып ишти жабуу мүмкүндүгүн жок кылат деген ишеним бар.

Жаңыны кабыл алуу оор, бирок ансыз жылыш болбойт

Мындай карап көргөндө жаңы мыйзамдарда жыл башында коомчулукта терс кабыл алынгандай деле жагдай жаман эмес. Маселен, адистердин айтымында, жаңы мыйзамдар боюнча 10 миң сомго чейин уурулук кылса, аны мурдагыдай кылмыш жоопкерчилигине тартып, эркинен ажыратуу жокко чыгарылган. Анын ордуна кылмышы далилденген жаранга айып салынып кое берилет. Муну менен баягы коомчулукта айтылып жүргөн “тоок уурдагандар менен миллион уурдагандарга бирдей жоопкерчилик” деген нерсе жокко чыгарылды. Бул нерселер эми кылмыш деп эсептелбей, “жорук” катары кабылданат экен. Логикалык жактан деле 5000 сом уурдаган адамды андан бир канча эсе көп каражат коротуп, мамлекеттин эсебинен багууга караганда бир канча үнөмдүүдөй.

Кодекстердин негизинде институттар түзүлөт

Ошол эле түкүрүк боюнча нааразычылыктар болуп жатканы кеңири айтылганы менен, аны колдогондор деле чыкты. Албетте, айыптын санын азайтуу керек экени айтылып, бул боюнча Өкмөт иштеп жатат. Бул мыйзам боюнча айып пулдун жогору болгонунан мурда анын иштөө механизми кандай боло турганы көбүнчө кызыктырды. Ал эми жол эрежесин бузууга карата айып пулдар негизинен туура эле экени белгиленип, мыйзам ишке киргенден бери жолдордо аз да болсо тартип орноп калды деп ишенгендер да жок эмес.

Баса, коомчулукта жаңы кирген мыйзамдардын котормосу же киргизилген терминдер боюнча да нааразы болгондор жок эмес. Маселен ошол эле “О проступках” дегени кыргызча “жоруктар жөнүндө” деп которулуп калыптыр. Айрымдар жорук деген туура келбей калат экен. Ошону “жосун” деп койсо төп келип калчудай болуп турат деген пикир билдирип жатышты. Мындан башка да тилге тиешелүү көйгөйлөр айтылууда. Албетте, мыйзам чыгаруу институту – идеалдуу нерсе чыгарып койгон завод эмес. Ошондуктан процесс учурунда, практикалык колдонуу учурунда, Өкмөт белгилеп жаткандай, кем карчылары түзөлөт деген ишеним бар.

Негизинен бул мыйзамдар 2019-жылдын январь айынан тарта иштеп баштай турганы 2016-жылы эле айтылган. Андан бери жаңы мыйзамдар даярдалып, коомчулукта түшүндүрүү иштери жүргүзүлө башташы керек болчу. Тилекке каршы, өткөн 3 жылга караганда акыркы бир айда коомчулукта жаңы кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери, талкуулар көбүрөөк орун алды десек болот. Абсурд десе да болот. Абсурд эмей эмне, эгерде аны кабыл алыш үчүн добуш берген Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзамдарды “дүңүнөн” кабыл алышканын билдирип, кемчилик алардан дагы кеткенин моюндап жатышса. “Болоору болду, боесу канды” дегендей, эми “ийри отуруп, түз кеңешип”, башталган ишти этегине чыгышса дейли.