Абдыжапар Нурдинов, жарандык активист: «Жергиликтүү бийлик сол чөнтөккө эмес, элдин пайдасына иштесе, нааразычылыктар болбойт»

— Абдыжапар Кожомкулович, коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы «биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна шарт түзүшүбүз керек» деди. Сиздин пикириңиз?

— Мага тоо-кен тармагындагы көйгөйлөр бейтааныш эмес. Чаткалдагы кен байлыктарды казуудагы  башаламандыктар  тууралуу айтып да, жазып да келаткан адам катары Президент Сооронбай Жээнбеков күн тартибинде турган, элдин көкүрөгүн өйүгөн маселени көтөрдү деп эсептейм. Мамлекет башчынын: «Кендерди казып алуу боюнча эскирген ыкмаларды колдонууну, лицензиялык макулдашуунун талаптары сакталбаган учур-ларды, коррупциялык схемаларды жоюу зарыл. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө чаржайыт саясат жүргүзүү, коррупциянын орун алышы жана мыйзам чыгаруунун жаңыланбай калганы — өлкөбүздүн инвестициялык имиджине терс таасирин тийгизип келе жатат», — дегени жөн жеринен эмес. Коопсуздук кеңешинде жер казынасын пайдалануу тармагындагы улуттук кызыкчылык тууралуу да айтылды. Мында жергиликтүү бийликтин жоопкер-чилигин жогорулатуу зарыл деп ойлойм. Алардын инвесторлорго жасаган “мамилеси” “өлкөбүздүн инвестициялык имиджине” оң же терс таасирин тийгизе турганы айтпаса да түшүнүктүү. Айталы, Чаткал районундагы «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругуна жергиликтүү бийликтин: айыл өкмөтү, райондук, облустук мамадминистрация, коруктун кызматкерлеринин ун-чукпаган макулдугу жана колдоосу менен «Мурас-Синтез» ЖЧКсы мыйзамсыз жол салды. Бул тууралуу менин кайрылбаган жерим калган жок. «Беш-Арал» мамлекет тарабынан өзгөчө коргоого алынган корук эле эмес, Өзбекстан менен чек арасы чектеш болгондуктан, өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ аймак. Эгер КР Өкмөтү демилгени өзү колго алып, ушул аймакка жол салдырса бир жөн эле. Жок, демилгени жергиликтүү бийлик өз колуна алды да, мыйзамсыз иштер болуп кетти. Натыйжада, эл арасында ар кандай нааразычылыктар пайда болду.

— Мамлекет башчысы жер ка-зынасын сактоо, жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту камсыз кылууда артыкчылыктуу багыттардын бири деп айтпадыбы?..

— Мамлекет башчысынын «Инвестициялардын келиши үчүн тоо-кен тармагындагы, жалпы эле өлкөдөгү инвестициялык климатка аяр мамиле кылуубуз керек», — деп айткандарын баарыбыз эле түшүнүү менен кабыл алабыз. Маселе кайра эле келип, жергиликтүү бийликтин инвестицияга жана инвесторлорго жасаган мамилесинде болуп жатат. Президент: “Кен иштетүүчү компаниянын ишмердиги республиканын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей, экологиялык коопсуздукка зыян алып келгени далилденсе, мындай долбоорлор колдоого алынбашы керек. Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек”,- деп айтканы бар.

Чаткал  –  алтын  кенине  бай өрөөн. Кен иштетүүгө кызыккан инвесторлор  акыркы  беш  жылдын аралыгында районго көп каражаттарды бөлүп беришсе дагы Чаткал гүлдөп кеткен жок. Тескерисинче, кайра байлыгы таланып-тонолуп, экологиясы бузулуп, эл менен инвестор-кен казуучулардын ортосундагы  карама-каршылык күчөп баратат.

Андыктан, президент айткандай «Тоо-кендерин иштетүүдө келип түшкөн акча каражаттарын ошол аймакты өнүктүрүүгө, өндүрүш ишканаларын ачууга максималдуу пайдалануу керек. Фонддогу каражат сол чөнтөккө эмес, элдин пайдасына, аймактардын пайдасына кетсе, кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономика өссө, республикалык, жергиликтүү бюджеттерге каражат түшсө, калк арасында эч кандай нааразылык болбойт.

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”