Бишкекте үч эм төрөлдү

Бүгүн Бишкекте үч эм төрөлдү. №4-төрөт үйүндө шаардын 34 жаштагы тургуну Аида Батыралиева бир кыз, эки уулду болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кесардык операция жолу менен төрөлгөн ымыркайлардын салмагы 1600 граммдын тегерегинде.

Догдурлардын айтымында, Аида Батыралиева төрөт үйүнө 24-апрелде «Экстракорпоралдык уруктандыруу, кош бойлуулуктун 31-32-аптасы» деген диагноз менен жаткырылган.  Учурда энесинин да, ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык.