Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Чыны менен эле жыландан коркуп, өзү да аны Кыз мончок деп ишенип, элди да ошого ынандыргысы келип, канча күндөн бери төшөктө «жөөлүп» жаткан Абылайдын аялынын бир эсе акыбалын билмекке, бир эсе укмуштуу окуяны анын өз оозунан угууга келип-кетип жаткандардын аягы үзүлбөй, ошо сайын Асылбектики тарапты шүңшүйө тиктешип, күбүң-шыбың болуп кетип жатышты. Бектемирдин жер тиктеп ак да, көк да дебей тунжурашы кырдаалды ого бетер кыйындатты. Энесинин тигинтип төшөктө жатып калганына бир жагынан өзүн күнөөлүү сезип, бир жагынан ажыдаар кыз экөө жөнүндөгү түтүнмө-түтүн кыдырып, ар кимдин оозунан түшпөй, кулагынан кетпей калган ар кандай ушак-кепке жапырылып, сына түшсө, бир жагынан бул үйдө, бул айылда, өз өмүрүндө болуп кеткен бул табышмактуу окуянын чын-төгүнүн айрып биле албай туңгуюкка кептелип, тумандын ичинде калды. Канча ирет Асылбектикине кирип барып, алардан чындыкты уккусу келди. Кызмончокко жолугуп, акыры ажыдаар экени анык болсо өзүнүн оозунан угуп, көрсөм деди. Канча ирет жүрөгү болкулдай ордунан ыргып туруп, а бирок атасынын кечээки:

– Акылыңды токтот, акмак! Апаң айыксын! Уу-дуунун аягы басылсын! Асылбек менен андан кийин өзүм сүйлөшөм! Ага чейин алиги… «Кыз» деп да, «ажыдаар» деп да айтаарын билбей буйдала түшүп:

– Алиги менен жолугам деп ойлобо! – дегени этек-жеңден тартып, токтотуп коюп жатты. «Асылбектин ажыдаар кызы айлуу түндө Бектемирди аттан жыгып, аңызда «арбап» жаткан жеринен бечара Сайра таап барыптыр! Ажыдаар менен арбашып, акыры жеңип, а бирок тилден калыптыр!» – деген кеп ошонун эле эртеси коңшулаш айылдарга да жетип, элдин жүрөгүнүн үшүн алып, желип-жортуп жел менен тарап, андан да арылап кетип жатты.

– Акмактар! – деп күрөө тамырлары көөп, ачуудан каны башына тээп, жаак эттери түйүлүп, өңү кумсарган Асылбекти аялы кармап:

– Койчу Асыке, ошол жинди катынга теңелесиңби?! Айта берсин! Акыры «ак ийилет, бирок сынбайт!» дейт, ага жаныңды кейитпечи, байым! – деп буту-колуна илээшип, короодон чыгарбай жатты.

– Өзүбүздө да бар белем, атасы! – деди бир убакта Сырга жымжырттыкты бузуп, – Тээ баштатан эле жылан жөнүндө жашырбай, элге ачык айтып, билгизе жүрсөк болмок экен!

Сыргага жооп болгон жок. Асылбек бир жерде үңкүйүп, Кызмончок да ата-энесин аяп, көзүн алаңдата аларды алмак-салмак карап, бардыгына жалгыз өзүн айыптап, а бирок батынып үн ката албай ичтен сызып отурду. Сырга өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай:

– А бирок баары минтип татаалдашып, ырбап кетет деп ойлогон жокпуз да! Анын үстүнө элдин көзүнөн, сөзүнөн коркуп жүрүп… – деп кобуранып, эмнегедир баягы түн ичинде келген кара чаар жылан элестеп, Абылайдын аялын аяп да кетти.

– Ушуну менен эле тынчып калгай эле! – деди күбүрөнүп, – Айбан акыры айбандыгын кылат тура!

Муну Жан да укту. Атургай айыл арасындагы ар бир кеп-сөзгө кайдыгер калбай, тыңшап жүрдү. Жада калса, “жаман айтпай, жакшы жок”, жаза тайып, бул дүрбөлөң Асылбектикине коркунуч алып алып келе турган болсо, аларды кандай кылып куткарып калуунун жолун да ойлонуп койду.

* * *

Кызмончокко Жандын шыбырты угулуп кетти! А бирок тура калып издөөгө батынган жок, атасынан жазганды.

Баягы оюктан башын чыгарып, үйдөгүлөрдү аяй карап турган жылан сыртка угузбай, ичинен узакка улутунган окшоду.  Бул үшкүрүк жыландын көкүрөк-көөдөнүнөн,  атүгүл тээ куйругунун кылда учунан үзүлүп чыгып – кекиртегине чейин чуркап келип, анан көмөкөйүн жара тээп чыгып, абага тарап кеткен сыяктуу эле. Кызмончокко так ушундай сезилди…

Бул убакта Асылбек да Жан жөнүндө ойлонуп отурган. Анын тээ чепеңдеген, чыпалактай кезинен буларга ынак өскөнүн, а бирок ошончо жыл арасында бир да жолу адамга кара санап, кыянаттык кылбаганын, тескерисинче кол баладай жагымдуу, анан калса жакшы сөз укса ойдолоктоп, эркелеп калганын эстеди. Калп эле кээде ачууланымыш болуп койгону болбосо, кантип анан кара санайт ага?! Кантип анан колу барып, душмандык кылат?! Жылан үчүн канчалык элден чыгып, кепке – кемтик, сөзгө – сөлтүк болуп жатса да баарына кайыл болуп жүргөнүнүн бир себеби ушул. «Сайрага деле оңой менен кол салбайт эле, өзүнөн бир балээ кеткен го?! Каапырдын тили жаман эле, Кызмончок тууралуу бирдеме дегендир да?! Болбосо, Жан анча-мынчага кебелмек эмес!» – деди оюнда. А бирок Жандын Кызмончокко карата  өзгөчө сезими бар экенин ата билбейт. Аны айтууга Сырганын дити даабайт!

– Кызмончок?! – деди бир убакта Асылбек кызына суроолуу тигилип, – Бизге караганда анын тилин, дилин билесиң! Деги, анын бизден каалаганы эмне?!

Эне-бала саамга мелтиреп, үн-сөзсүз тиктеше калышты. Эне кызына акырын баш чайкады. Анысы: «Айт па!» – дегени эле. Кызмончок жалтактап жер тиктеди. Асылбек алда нени туйгандай аялы менен кызын алмак-салмак карап, жооп күттү. Ушул оор кырдаалдан алар качан, кантип кутулат эле, ким билет, аңгыча жыландын башы оюктан узарып чыгып, денеси жымылдап үйдүн ичине кирди да, кудум чөгөлөгөн адамча Асылбектин аяк алдына келип, бүгүлүп жатып калды. Анын бул жоругунда кечирим сурагандык, андан да башка бир купуя сыр жатканын туйган Асылбек эми да үй-бүлөсүнө суроолуу карады. Сырга коркуп, көчүгү жерге тийип-тийбей, тура калчудай комдоно калды да:

– Атасы? – деп жагалданып ийди, – Атакеси?! Ачууңду басып укчу, атасы?.. Айбандыгы эле болбосо, муну деле Кудай жараткан эмеспи! Анын үстүнө канчадан бери өз баладай болуп, көнүшүп да калдык. Сайраны болсо…

Андан аркысын айта албай, аял сөзгө какап калды. Үйдүн ичин дүлөй тынчтык уялап, жымылдаган жымжырттык абалды ого бетер оордотуп жиберди.

– Анан?! – деген Асылбек Сырганы ыкыстата карады. Ошондо гана жылан жерден акырын баш көтөрүп, Асылбектин көздөрүнө муңайым тигилип, акырын кышылдаган үн чыгарып турду. Анын көздөрүнөн жакшы эле бир нерсени билгиси келип, аңтара караганы менен Асылбек эч нерсе түшүнгөн жок.

– Кызмоночок? – деди анан кызын жардамга чакырып. Атасынын жанына акырын жылып келген кыз тилмечтик кылып, Жандын көзүндөгү жазууларды окуду:

– «Мени кечириңиз, ата? Мен силерге сөз тийгизип, капа кылайын деген эмесмин! Бирок алиги аялдын Кыз моночок тууралуу ачуу сөздөрү жаныма батып кетти!..»

Ушуларды “окуп”, “адам тилине которуп” айтып берди кыз. Ошондон кийин гана, эзели жыланды кармап көрбөгөн Асылбек ичи ысып кеткендей, Жандын башына алаканын тийгизип, жону ылдый сылаган болду. Ошондо анын кыраакы, курч каректеринен эки мончок жаш тыпылдап кулап кетти!.. Жандын көздөрү да жандана түшүп, акырын жылып келип Асылбектин тизесине башын жөлөй, эркеледи.

(уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.